Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 20-январь, 2020 Бишкек убактысы 01:46

Ал күнү «Ала-Тоого» бара албай калышты


Фрунзе шаарындагы (азыркы Бишкек) «Ала-Тоо» кинотеатры, 1960-жыл.

Акбар Токтакунов кыргыз окурмандарына сатирик акын катары белгилүү эле.

Анын кара сөз чыгармалары - повесть, аңгемелерден куралган «Жигит бедели», «Кечиккен доомат» деген китептери учурунда окурмандардын кызыгуусун арттырган. Ким билет, баса отуруп бул багытта көбүрөөк иштесе ал деле башка калемдештериндей бир топ мыкты чыгармаларды жаратмак. Антишке чыгармачылык дарамети жетиштүү экенин «Опурталдуу тамаша» деген аңгемеси ырастап турат.

«Кино көрүп келели»

Акбар Токтакуновдун котормолорун кошпогондо, көзү тирүүсүндө 20 китеби чыккан. Саны бараандуу көрүнгөнү менен ал китептердин көбү жупкадай жука жыйнактар болчу. Бапыратып китеп чыгарууга кызыкпаган автор коомдук турмуштун көлөкө жагына көбүрөөк көңүл оодарчу. Куйкум сөзгө ыктаган сатирик акын-жазуучулар журту негизи эле кыскалыкты жакшы көрүшөт. Анын үстүнө чылгый «ийгиликтерден баш адашкан» социализм заманында сатиралык чыгарма жазгандар аябай аз болчу. Акбар Токтакуновдун «Опурталдуу тамаша» аңгемесинде да жумшак юмордун илеби уруп, адамдар ортосундагы мамиле-катнаштын ушунчалык жөнөкөй, ошол эле учурда опсуз татаалдыгы баяндалат. Аңгеменин эпиграфына чыгарылган орустун таланттуу жазуучусу Иван Буниндин: «Бу түшүнүксүз дүйнө канчалык түйшүккө батырбасын, өмүр сүргөнгө ал ажайып сонун» деген накыл кебинин чындыгы ырасталган.

Социализм заманында элдин маданий көңүл аччу сүйгүнчүк жайларынын бири кинотеатр болчу. Каныш күйөөсү Абышты кино көрүп келүүгө көндүрүп, ишемби күнү экөө көчөгө чыгышкан. Сегизге чыгып калган секелек кызын коңшусуна калтырып, бош убактысын диванда жатып өткөрүүнү жакшы көрчү күйөөсүн колтуктап шаар аралашмакчы эле. Шаардын чок ортосундагы Дзержин сейил багы күздүн күнү көркүнө чыгып, сары жалбырактар жаап, сейилдеп чыккан шаардыктардын көңүлү шат болчу. Абыш командировкасын эрте бүткөрүп, үйүнө келип жакшылап эс алайын деп келсе минтип аялы киного жетелеп чыкпаспы. Шаардыктардын сүйгүнчүк жайы «Ала-Тоо» кинотеатрына темир жол вокзалынан жеткиче Абыш айылдан көргөн-билгенин жобурап, Канышты эриктирбеди.

«Аңгыча бет маңдайынан орто бойлуу, чымыр денелүү, чыкыйып жасанып алган отуздар чамасындагы жигит көрүндү. Ал тээ бута атым жерден эле, кызык окуяны эсине «кылт» эттире калгансып, өзүнчө күлүмсүрөй берди. Ала-сала беттеше келишкенде:

- Атсалому алейкум, Абыке, - деп, жайдары кашкая, алтын тиштерин жаркырата «Жай сурашсакпы?» деген кыязда аялдай калды.

- О, алеки салам, Бегмат мырза! Бу менин келинчегим, таанышып кой! – деп, Абыш ага кесиптеш экенин айгинелегенсиди…

Каныш колун элпек суна:

- Саламатсызбы, атым Каныш – деп, биринчи эле көргөн кишисине анча өнтөлөгүсү келбегендей, аз гана ууртунан жылмайды. А Бегмат анысына анча маани бербегенсип, ыпылдашынан жаңылбай, Каныштын сыпаа сунган колун кыса кармай, мостоё калып, муну айтып ийсе болобу?

- Ой, Абыке, бу шакабаңыз качан калат? Кечээ эле тиги Токмоктон жолукканыбызда, колтукташып бараткан сулууңузду тааныштырып, «Келинчегим Созулкан!» дебедиңиз беле?

Абыш дароо жооп айтыштын ордуна абдырай түштү. Анткени ал анча сырдакана эмес, анда-санда көрүшө калып жүргөн райондук гезиттин кызматкеринен мындай орду жок тамашаны күткөн эмес».

Бегмат мырза осол тамаша кесиптешин кандай абалда калтырганын, Абыш аялынын алдында эмне болорун билип туруп мыскылдуу жылмайып жолун улап кете берди.

Эми актанып көр...

Абыш ыкчам кыймылдап, алдагыдай осол тамашага апкаарып калбай, катыра жооп берчү кишилерден эмес. Ал аткара турган ишин, сүйлөй турган сөзүн алдын-ала ойлонуп, жада калса жаза турган макаласын да кыйлага баштай албай, кыйналып отуруп жай жазчу. Кимдир-бирөөлөр чукугандай сөз тапканына таңданып, илгиртпей жооп тапкандарга ичинен суктанып, бирок өзү андай сапаттан куржалак калганына капа болчу эмес. Анын ушундайын билгенби же бирөөлөрдөн укканбы, мынабу чала тааныш кесиптеши мөрөйү үстөм болгонсуп мыскылдуу карап, узап кете берди. Ал Абышты кандай абалда калтырганын билди, бирок да Каныш үчүн тиги сөз катуу тийгенин көз карашы көрсөтүп койду. Келинчегинин кабагына каар айланганын сезген Абыш:

«- Ой, Каныш, сен тиги обу жоктун орунсуз тамашасына чындап ишенип алдың белем?! – Абыш аялын жандай, колдон ала коомай кысты эле, Каныш силкине баш көтөрдү:

- Актанбасаң да болот. Жылмакей-жалжакелерге жакын экениңди ансыз да билчүмүн. Эми кинону өзүң жалгыз көр! – деди да артына чукул бурулду.

Абыш айласы түгөнүп, аялын ээрчий салбырай басты. Ал өң тааныш ашынасы Бегматка ачууланса, Каныш күйөөсүнө кыжырдана күйбөгөн жери күл болуп, коломтодо оту өчкөн казандай, кайноосунан тынып калгансып, экөө тең буулуга, ачууларын ичке жымыра үйгө жетишти».

Кино да калды, минтип өздөрү кино болуп үйүнө келишти. Ушундай да болот экен. Баары жакшы башталган. Келинчеги айылдан чарчап келген күйөөсү менен шаар аралап, кино көрүп, көңүл ачып келели деген аракети ортого чоң таарынычты таштап коёрун ким ойлоптур. Байкуш Каныш көз жашын көл кылып күчүн ыйдан чыгарды. Мындайда аялдын колунан келчү амалы - ый, анан таарыныч сөздөр го. Буга чейин чогулуп, айтылбай келбей, ыңгайын күтүп турган күптүлөрдүн баары чубалып чыгат эмеспи. Балакеттүү Бегмат менен жолукпай, жолукса да баш ийкешип өтүп кете бербей, аялын эмнеге тааныштырды экен? Абыш аялын кантип сооротуштун амалында болду. Каныш ый аралаш канчадан бери катып келген ички сырын алдыга жайды.

«- Мен сага баш байлаарымда жүрөгүмдү алаканга ачык кармап, айкын махабатым менен келгемин. Сенин «Сырт сымбатың алдамчы» дегендердин кебине ишенбей, өз көңүлүмө ишенип, сенин ар бир жылмаюуңдан миң жылдык жыргал көрүп, өксүк-кемтигими сенин сүйүүңдөн толтуруп, өмүрүмдү түгөтө жашашка келгем! Көрсө, кампайымыш эткен сырткы сүрүң, компоё корстон болгон токтоолугуң - алдамчы анткор мүңөзүң тура?! Кайран жүрөгүм ойсекелердин тепсендисинде калыптыр!

Абыш өзүн күнөөсүз күнөөкөрдөй сезип турду…

Күтүлбөгөн тамашадан аялы мынча албууттанары анын оюнда жок болчу».

Абыш эмне деп айтат? Бегматтын оосар тамашасына да киши ишенеби? Ойдо жок жерден башталган окуяга түшүнүп-түшүнбөй, аялын кантип сооротуп, актыгын кантип жайкаштын амалын таппай турду. Ал өзүн таанымал журналист, кесиптештеринин арасында баркым бийик деп эсептечү. Анын баарын купшуңдаган Бегмат бузуп кетпедиби. Эми аялына эмне дейт? Калп дейт - туура, калп, бирок ага Каныш ишенбейт. Көрсө ал мурдатан эле күйөөсүнөн шек алып жүргөн экен. А жанагы куйту Бегиш Каныштын оюнда жүргөн күмөндү чынга чыгарып атпайбы. Абыштын «он жылдан бери ынтымакта жашап келатып, анан кайдагы бирөөнүн опуртал тамашасына да ушунча буркан-шаркан түшөбү» дегени ачууга буулуккан аялын андан беш бетер күчөттү.

Уйкусуз түн

Атасы менен апасы эрте келгенине таңданган Анаркүлдүн «кино көрбөй келдиңерби?» дегенине атасы: «Аяктагыдан бияктагы кино өтүп кетип атпайбы» деп алакан жайып отуруп калды го. Тамаша деген менен Каныш да буулугуп калган белем, ый аралаш кыйла сөздү айтып салды.

«- Мен алты байкемдин ортосунда эркелеп өскөн жалгыз кыз экенимди унутпагын, Абыш. Менин ошол эркелигимдин эсесине сага кор болсун деп беришкен эмес, байкуш энекемдин жаңылыштыгы, бу да болсо… Апам байкуш сенин түпкү сырыңа туюнбай «күйөө балам оор басырыктуу, кой оозунан чөп албаган момун» деп жүрөт, оюнда. Мен ага бүгүн түнү бою мактаган күйөө сөрөйүнүн жорук-жосунун туюнтуп чыгайын…

Токтоно албай күүлөнгөн боюнча Каныш атасынын аркасына коргологон кызын эми гана көргөнсүп, аны колдон булка жетелеген боюнча төркү бөлмөгө кирип кетти. Ошол бойдон дабышы билинбей калды».

Аялы шаардагы уулунукунда турчу энесине жөнөөгө камданып калганын туйган Абдыш сыр жашырбас досу Нургазыга телефон чалды. Ал трубканы алып, досунун жагдайын угар замат ишин токтотуп жетип келди. Нургазы келгенче ачууга алдырган Каныш кызын ээрчитип үйүнөн чыгып кеткен.

Эки дос өткөн-кеткенди кеп кылып, балалык кездерин эстеп, түн оогончо отурушту. Нургазы ачуусу таркагандан кийин Каныш келерин айтып кеткен соң Абыштын уйкусу качып, кирпик ирмебей таң атканча шыпты тиктеп чакчайып уйку качып жатты. Анын оюна көп нерселер келип, анан минтип аягында жок жерден чыккан опуртал тамашага аялынын өзгөчө чычалаганына түшүнбөдү. Күйөөсүнүн сырын ушунча жылдан бери жакшы билген зайып болсо мурда-кийин көрбөгөн бирөөнүн тамаша кебине ушунчалык теригеби?

Пенде баласынын жашоо-турмушун ушундай майда-чүйдө нерселер бир четтен мүлжүп жок кыла берет тура. Абыштын кыйтыңы болсо он жылдан бери бир жолу билинет эле го? Коңулга катылган иштин билинбей калганы буга чейин боло элек. Аялы кызын ээрчитип кеткенден бери уктайын десе көзү кызарып, уйку качып мындан ары эмне кыларын билбей жата берди.

Нургазы досу туура айткан экен. Эртең менен ашканадан идиш-аяктын шылдырт үнү менен секелек кызынын күлкүсүн угуп, түнү бою кирпик ирмебей жаткан Абыш кантип уйкуга кирип кеткенин байкабай калды.

Акбар Токтакунов жөнөкөй турмуштук көрүнүштөн адамдар ортосундагы мамиле-катнаштын ушунчалык жөнөкөйлүгүн, анын артында катылган татаалдыгын чакан аңгеменин сюжетине сыйдыра алган. Бегматтын мурда-кийин тааныштыгы жок кесиптешинин аялына айткан тамашасы экөөнүн он жылдан бери ынтымактуу турмушун кайсы бир деңгээлде сындан өткөргөн окуя болду. Жазуучу жөнөкөй турмуштук чатак аркылуу адеп-ыймандык бир топ проблемаларды ачып, каармандардын ким экенин, кандай экенин таасын баяндап берген. «Үйдүн ички турмушунда тоотпос токтоо болуш үчүн, шамал-бороонго каршы кайраттуу тике басып, ызгаар-суугуна кайыга, ысыгына бышыга көнүш керек».

Сыртынан жөнөкөй көрүнгөн ушул турмуштук акыйкатты жакшылап аңдаш үчүн оор-жеңил күнүмдүк сыноолордон тайгаланбай өтүш керек окшойт. Абыш үчүн кадыресе сыноо Бегиштин опуртал тамашасынан чыккан жаңжал болду. Таламандын тал түшүндө ушунчалык бороон-чапкын болуп кетерин ал ойлогон деле эмес. А бирок турмушта ойлобогон жерден тоскоолдук чыгып, чагылган чартылдап, мөндүр сабалап кетчү учурлар болуп калат тура.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG