Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 23-февраль, 2020 Бишкек убактысы 09:32

«Күмбөз курган бала...»


Көрүстөн.

Кыргыз эл жазуучусу Элүүбай Отунчиев - айыл турмушун сүрөттөөнүн таанымал чебери.

Анын алгачкы «Баткан күн чыгат» повестинен соңку «Жеңижок» үчилтигине чейин чиелешкен адам тагдырларынын калбаат катарын көрүүгө болот. Кыргыз аңгемесинин классикасынан жазуучунун «Баланын иши бала да» деген баянына токтолсокпу деп турабыз.

Трактордун чиркегичи

Элүүбай Отунчиевдин аңгемеси тагдырдын катаал жазасына кабылган баланын арман-күйүтүнө, анын атага деген айыккыс арманына арналган.

Баланын атасы сугатчы болчу, үстүнөн эски купайкесин түшүрбөй жайды жайлата колхоздун эгинин сугарчу. Кез-кезде жолдоштору менен «агынан» алып да койчу. Анан да ал айылдагы болгон жаңылыктарды райондук гезитке калтырбай жазып турган жигердүү айылдык кабарчы эле.

Анын жазгандары көпчүлүк элге жакканы менен, кагаздагы сынды көтөрө албаган, койнуна котур ташын салып жүргөндөр да бар болчу. Ошондойлордун бири акыры аны тындым кылды, болгондо да элдин көзүнчө, арак-шарабы мол ак тойдон кийин. Бала атасынан антип эрте ажырап каларын билчү эмес. Ажал айтып келбейт тура. Баары капыс жерден башталды.

«Анын атасын өлтүрүп коюшту.

Бышкан кыштын урчугу менен каракушун жара коюптур. Бүткөн бою уюган кара кочкул канга чыланган чалажан атасын трактордун чиркелгичине шалдырата салып, үч-төрт киши алардын тамынын жанына токтоп, үксөйгөн кара киши:

- Апаң үйдөбү, тезирээк чакырып чык! – деп кыйкырды трактордун дырылдаган дабышын баса.

Кишилердин үрөйү учкан түрлөрүнөн чоочуган бала бир балээни сезгендей денеси дүркүрөп, маңыроо немедей бир саамга буйдала калды. Аңгыча үксөйгөн кара дагы кыйкырды:

- Кереңсиңби, апаңды чакыр деп жатам!

Ошондо бала үйгө атып кирди. «Атам кээде иче койчу эле. Катуу мас болуп калган баштанат» деп ойлоду ал.

Апасы, көзү алагай, нымтыраган жоош неме тамдын тушуна бейчеки токтогон тракторду терезеден шекший карап турган экен. Баласы энтигип кирери менен:

- Тигилер кимдер? Эмне дешип жатат? Атаң мас бекен?.. – деп шаша сурады.

- Бир киши сизди тез чыксын деп жатат – деди баласы кайра эле эшикти карай умтулуп.

- Тынччылыкпы деги?.. – деп далисте жаткан көлөчүн бутуна чала-була салып, баласынын артынан илешип чыккан аял бир байлам жоолугун чуркап баратып кайра байланды да көчөдөгүлөрдү көрүп туруп калды. Тигилер үстүңкү айылдын кишилери экен».

Бала ошондо биринчи ирет оор кайгы эмне экенин, жакын адамынан айрылуу кандай азап болорун жон териси менен сезди. Тагдыры ушул экен, кайгы балага, карыга карабайт экен, айрылуу азабын ар бир адам башынан өткөрөт.

Атасын бейтааныш кишилер ооруканага алып баратышыптыр. Бала трактордун чиркегичине чыгар замат апасынын «жүзтөмөнүнөн жыгылганын көрүп, жүрөгү кабынан чыга алкынып, тиги жаткан атасы экенин сезди». Анан трактордун артынан чымын-куюн болуп жүгүрдү. Атасы эмнеге бирөөлөрдөн таяк жеди экен, алы жетпей калдыбы? Бала жанында болсо атасын урган кишинин колун жара чайнамак. Энтиккен бала акыры трактор чиркегичине жетип, колун сунду. Кайгыга басылган адамдар аны байкабай, анан көрүшкөндө эмне кыларын билишпей отуруп калышты.

«Узун бойлуу катыңкы сары киши:

- Олдо, балаң түшкүр, ай! Көрбөсө болот эле! – деп шыпшынды.

- Эт-жүрөгү бир болсо кантсин, - деди москоол киши камырабаган кейпинде.

- Бекер кайрылган экенбиз. Баланын жүрөгү түшүп калат, - деди майып бутун сырайтып сунуп жиберип, жамбаштай отурган толмоч киши.

Бала тырмышып чыгып келди да атасынын аяк жагынан отуруп, кызыл ала кан болуп сулап жаткан атасын таанып-тааныбай, анан өзү кээде тазалап берчү өтүгүн, эскирип калган купайкесин көрүп, анда-санда кың эткен дабышын тыңшайт.

Бала чаңырып ыйлап мазебизди кетирер бекен деген кишилер мелтиреп каракөк болуп, атасынын чиркегич секирген сайын серпилген бутун сүйөй кармап отурган 10-12 жашар тестиер баланы аңкыя карашып, ар кимиси ичтеринен «Ии, болчу бала көрүнөт», «Түгү бар азаматтан баштанат», «Эки жашабай муну карасаң эй!», «Мулуйган чунак десе» дешип, бирок бири да лам деп ооздорун ачпады».

Тойдогу жаңжал

Бала ушунча локуйган кишилер атасын уруп атканда кайдыгер карап турушканын, арасынан бирөө-жарымы чыгып тирешип калган экөөнү «кой» деп коюшка жарашпаганын, жаш балдарды уруштуруп кызыкка баткан көпкүлөң өспүрүмдөргө окшоп, кайдыгер карап турушканын ойлоп, отургандарды бир сыйра жаман көрүп кетти. Булар болушпаса атасы бирди-жарымга жалгыз бой бермек эмес. Атасы буга чейин бирөөнү уруп же бирөөдөн келтек жей элек болчу. Туура, бетке чабар, баарын жашырбай ачык айтып салар пейили бар. Анын оюн билгенсип отургандардын бирөө «тилинен тапты да курган бала, ал итке унчукпай койсо эле болмок» десе, калгандары унчукпай, баарысы өз ою менен болуп бир аз үңкүйүп отуруп калышты.

Окуя мындай болгон экен. Баланын атасы Калыбек чиркегичте отурган москоол киши экөө тегирменден келатышып тойдун үстүнөн чыгышат. Ичкери кирип отур-отурга келгенде улуулатып келген меймандарды төр жакка чыгарышат. Жети жылдан бери бир купайкесин үстүнөн түшүрбөгөн кайдагы бир сугатчыны антип сыйлап атышканы кыпкызыл болуп аракка тоюп отурган Ормон деген койчуга жакпай калат: «Ушу жүдөгөн кейпи менен мунун жазгычын кантесиң. Райондун алакандай гезитинин бетин бербейт экен дегеле. Эки күндүн биринде биздин айылдын кемчилигин чукуп турат. Мени «мал бакпай эле той-тойлоп жүрөт, койлору эмитен эле көтөрүм болуп калды» деп жазыптыр», - деп Калыбекке кырдуусунат, аны эл алдында басынтып коюуну ойлойт.

Бирок үйдө отургандардын бири «Калыбек сени жумшак жазыптыр, сенин койлоруң көтөрүм болуп калганы жалганбы, түшкө чейин короодо камалып турат» деп Ормондун жаагын жап кылат. Аны менен эле сөз бүтпөй бетке чабар Калыбек колхоздун коюн бакчу Ормон арак ичип сайрандап жүргөнүн, мурдагы мал санакта 60 кою жетпей калып, аны айылдагылар чогулуп төлөп беришкенин, бу кокуйгүн койчу түн катып чарбанын малын соодагерлерге сатып, анысын «карышкыр жеди, козулары кырылып калды» деп жалган айтып жүргөнүн элдин эсине салат. Талаш ошол кептен чыгыптыр.

«Ормонду байкап отурдум. Мурдагы деми жок, тамакты да оңдуу жей албай, аракты гана лып-лып тартып жиберип, улам түрү бузула берди. Тамак желип бата суралганда Калыбекке: «Тиги чыр баштап жүрбөсүн, акырын чыгып кетели» десем: «Эл катары чыгабыз. Эмне кылмак эле» деп кенебеди.

- Ормондун урганын кантип байкабай калдың? – деди үксөйгөн кара.

- Биз эл тарап калганда үйдү көздөй жөнөгөнбүз. Ормон биздин аркабызда келаткан. Мындай болорун ким билиптир. Бир маалда эле арттагы кишилер «Эй, эй, Калыбек!» деп чурулдап кыйкырып жиберишти. Жалт карасам, Ормон чоң кызыл кышты шилтеп калган экен. Антип-минткенче эле Калыбек жүзтөмөнүнөн кулады. Биз Ормонду желкелеп басып калдык. Калыбегимдин мойну канга толуп кетти. Тиги итти бир-эки тээп-тээп алып, Калыбекке чуркап жеттим, – деди москоол киши.

- Мен ошерде болгондо ал итти жайлап таштайт элем. Качып кеткенин көрбөйсүңбү, - деди кара киши.

- Качып атасынын көрүнө барат дейсиңби. Кармалат.

- Андай иттердин тукумун туздабаса болбойт, - деди кара».

Эстеликке кыш

Бала атасынын кантип токмоктолгонун ошондо укту. Сулкуйган атасын ооруканага алып кирерде бала көзүнүн жашын төгүп сыртта кала берди. Атасын үч күндөн кийин жерге беришти. Балага атасын мындан ары көрбөй калары абдан катуу тийип, мүрзө башында да көз жашын тыялбай турду. Кийин келгендер тарап апасы экөө калышканда бала атасына эстелик тургузарын айтты. Апасы «бөбөктөрүң жаш, сага жардам кылганга шартым жок» деп макул болбой койду. Бирок бала апасына айтпай мүрзөнүн жанында жайды-жайлата кыш куюп, анысы эстеликке жетер дегенде уста жалдашып эстеликти тикелөөгө киришти. Уста кыш коёт, бала кышын алып берет.

Саратанда жанын аябай иштеген өспүрүм да ысык өтүп каза болуп калды. Атасын көмгөндөр келип баласын да көмүштү. Кайгыга баткандар:

« - Бала деген бала да! Билсе өзүнүн эр жетип чоңойгону ата үчүн анык эстелик эмес беле, – деди москоол киши.

Баланын сөөгүн атасынын сөөгүнүн жанына, кам кыштан жакшына кыналып, оюк, ачакейлери менен асемделген эстеликтин ичине коюшту».

Ушундай кайгылуу баян.

Элүүбай Отунчиев катаал реалист катары кайдыгер коомдогу жеке адам трагедиясын, ар кими өз турмуш-тиричилиги менен алпурушкан пенде баласынын атага деген сагыныч-кусасын, арылгыс арманын кемелине келтирип сүрөттөп берген.

Жазуучу ата-баланын армандуу тагдырына токтолуп, эмнеликтен жакын адамдары биринин артынан экинчиси удаа бул жарыкчылыктан кетишинин себебин кайдыгерликке байланыштырат. Аты жок бала, кайсы бир зөөкүрдүн колунан өлгөн атасы экөө тең коомдо өкүм сүрүп калган кайдыгерликтин, бири экинчисине көңүл бурбаган, керек кезде жардам көрсөтпөгөн, ар кими өз тирилиги, чарбасы менен алектенип калган адамдардын айынан жантаслим болушканын чогулгандар арасынан бирөө ачык эле айтат:

«Мунун баарына биз күнөөлүүбүз. Ормонго окшогон зөөкүрлөрдү ошонун арам экенин, кан ичер мите экенин билип туруп «эл элек, журт элек, арабызда бир тентек жүрсө болбойбу» деп эркине коюп, кең пейилдик кылып жаман үйрөтүп алганбыз. Бала темтеңдеп кыш куюп жүргөндө бирөөбүз келип кол кабыш кылганга жарабадык. «Ой, ушунун атасы жолдошубуз эле» деп бирөөбүз бир кыш алып бере албадык. Анан эмнесин айтабыз, - деди үксүйгөн кара киши».

Антип жамааттык коом ордун башкага, ар кими өзүнчө турмушун жөндөгөн катнаш-мамилеге орун бошотуп жатканын «үксүйгөн кара киши» айтуу менен гана тим болот. Ал өзү баш болуп, ортолук мамиле-катнашты каптай баштаган жаңы шарт-жагдайларга каршы чыкпайт. Себеп дегенде коомдук турмуштагы ажырым, мурдагы көнүмүш адат-салттардын бир четтен ыдырап кедеринен кете башташы, өзүмчүлдүктүн күчөй башташы жаңы коомдун белгиси болчу. Мындан кийинки мамиле-катнаш башкача өң-түс алып, коомдук турмушта жеке инсан кызыкчылыгы алдыга суурулуп чыгат.

Жазуучу социалдык турмуштагы кескин өзгөрүүлөрдүн тамырын так баамдап, анын залакасы кандай болорун кашкайтып ачып берген. Чоңдордун колунан араң келчү оор милдетти мойнуна илип алган бала максатына жете албай, орто жолдон жантаслим болот.

Атасын көмгөн адамдар келип аны да көөмп кетишет. Иши кылып Элүүбай Отунчиевдин өткөн кылымдын 70-жылдары жазылган аңгемесинен тарыхый жаңыланууга бараткан кыргыз коомунун олуттуу адеп-ыймандык, социалдык проблемасын табууга болот. Билгенге жазуучу үчүн мындан өткөн чоң олжо болушу мүмкүн эмес го.

Элүүбай Отунчиев кайсы жанрга кайрылса да андан коомдук турмуштун жандуу илеби согуп, аркыл адам тагдырлары аркылуу коомдун маанилүү моралдык-этикалык орчундуу маселелери калкып чыгат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (2)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG