Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 29-март, 2020 Бишкек убактысы 21:10

Шаардык иттин айылдагы азабы


Ит базардагы күчүк, Бишкек.

Адабиятта жан-жаныбарлар арасында ит тууралуу икаялар аябай эле көп.

Кыргыз аңгемесинин классикасынан жазуучу Кудайберген Жапаровдун “Иттин турмушу” аңгемесине токтолсокпу деп турабыз. Адам менен колго көнгөн жаныбардын ортосундагы мамиленин социалдык өңүтү бул чыгармада мыкты сүрөттөлгөн.

Ит базар

Итти пенде баласы алгачкы жамааттык коом жашоосунда, үңкүрдү үй кылып жашаган кезинде өзүнө үйүр алдырып, ошондон бери мамыр-жумур чогуу жашап келатат. Жаңылыкка жакын адам ал арада улам-улам аргындаштырып отуруп иттин оголе көп түрүн таап алды. Ушу тапта жалаң итке гана түркүн-түс тамак-аш жасаган бай компаниялар, аларга арнап жарашыктуу кийим тиккен уздар бар. Алардын ден соолугуна кам көрүп, ооруп калса дарылап, аспиеттеп карап турчу кызматтарды айтпай эле коёюн.

Ошондой барктуу иттердин бири Бишкек шаарындагы базарлардын биринде карапайым койчунун колуна тийип калат. Ит турмуш ошондон кийин башталат. Шаардык жыргалга көнгөн бечара тоого келгени азаптан башы чыкпайт. Мурдагыдай үйгө кирип, өзүнө тиешелүү ордун ээлеп, үй ээлери тамакка отурганда алдына келчү колбаса, жыты буркураган тамак жок, итаякка шалп куюлган жугунду, таптаза мүлжүнгөн сөөк-саактан башка жумуруна жук болчу азыгы жок байкуш шаардык ит аябай жүдөдү.

Жаңы келгенде айылдагы иттердин аны чогулуп келип талап салышканы, кыштын кыраан чилдесинде тумшугун куйругуна катып эшикте жатканы, баарынан да жаңы ээсинин түшүнүксүз тилде кыйкырганы байкуштун азабын гана берди. Шаардык итти Алсеит сатып алмак эмес. Балээнин баарын кылган аялы болду. Ошол шайтан баштады кызыкты.

Бир күнү жайыттан чарчап келсе эле аялы сүйлөнүп калыптыр. Минтип жумшай берсе баласын ак өпкө кыларын айтып тилин тыйсачы. Жайылган койдун башын буруп келиш деле кыйла түйшүк, бир короо кой жайылып, бир жагы тоонун чокусуна, экинчиси бийик боорду каптап туш-тушка чачырап кеткенде эр болсоң чогултуп көр. Койчунун аты эмне үчүн арык, шөлпүлдөп бечара кой артында жүрүп эле жоор болот, арыктайт. Жеңил деген баласы деле чарчайт, бирок бала тызылдай чуркап, койчуну жыргатып коёт, жеңил да. Ошол аялы ит ал деп атпайбы. Алсеиттин атчан кишини алып түшчүдөй күрсүйгөн короочу иттери бар.

“ – Ошолор ит болбой жерге киришсин!

- Эмне-е?! – дагы бакырган Алсеит.

- Ошо! – аялы камырасачы. – Эмнени уксаң ошо. Тиги Кожо жыргап эле жүрбөйбү. Койчусу койдун четинде жатат керилип: “Жамбаштап жатсаң сонунданы” ырдап. Жөн эле министр. “Ойт, кайры!” деп кыйкырып коёт экен, ити салып-уруп барып, кадимки адамдай койлордун алдын имерип келет экен. А тиги баланы аябайсың сен. Ыя ботом, өзгө болсоң бир жөн, өзүңдүн каның го. Ошого жаның кейисечи. Окутуп эле жибербей. “Мен кайыганда ойдумду басат, мен чыктуу чабан болот, ойден алат” деп ушу сен көнбөй койбодуңбу. Мына эми сага бир итке алың келбейт.

Сөзгө жыгылган ошондо Алсеит.

Кожонун итин өзү да көргөн эчен курдай. “Ата-а ит эмес бекен, айтканыңды жазбай аткарат, тоббоо. Койчуга мунуң чоң жардамчы турбайбы. Ата-а ушундай иттүү болуш керек экен. Бирөөнүн овчаркасы тууса күчүгүнөн багып алсамбы” деп да ойлонгон. Бирок бат эле көңүлүнөн чыгып кеткен. Аялынын кебинен кийин овчаркалуу болуу мээсине куюлган кыттай уюп, ит сурамжылай баштаган. Билгендер айтышты Бишкекте ит базары барын, бир табылса ошээрден табылаарын.”

Алсеиттин жолу болуп ошондон көп өтпөй Канттагы кудасы тойго чакырып калбаспы. Тууган-уругун алып тойго барганча ит базарын да көрө келмей болду.

Койбагар ит керек

Кыргыз баласы ит сатпасын, итти сатып албасын билчү. Коюн багышка, андан да жанагы айткан жагына дирилдеп чуркап турчу уулуна деле убал экен. Колхоздун бир короо кою төлү кошулганда миңге жакын туяк, кыйын болсоң аларды багып көр. Бийик тоо ичинде ит-куш да көп.

Алсеиттер колхоздун шопуру болуп иштеген инисинин жүк машинесине олтуруп базардан керектүүлөрүн алгандан кийин ит базарына келишти. Кызыкты ушу жерден көр, бу балакет айылдагы күлдөбөнүн жанында тумшугун куйругуна катып, суукта бүрүшүп калчу короочу иттерден тарта жүнү кыска жылтылдаган кымбат баа иттер, жүнү сапсайган барак иттер, анан мышыктай болгон кичинекей, колго көтөрүп алчу кандек иттер, деги койчу ит түрүнөн баш адашат. Алсеитти жугунду менен үйдөн арткан сөөк-саакты кажып, көрүнгөн жерге бутун сырак көтөрүп суулап кеткенден башканы билбеген иттердин түрү ушунчалык көптүгү, анан да каадалуу малдай базарда сатылып атканы таң калтырды. Чоп-чоң эле кишилер аны кызылдай акчага сатып атышканычы. Кызыгың түшкүр, бу шаардыктардын ит менен мышыктан башка эрмеги жокпу? Алсеитти базардын ичинде арсылдап, чыңкылдап үрүп аткан иттердин чуусу, анан да каңырсык жыты тажатып, эртерээк эле бир итти жетелеп айылына кетүүнү эңсеп турду. Акыры жанындагылар менен макулдашып ушул апчаркени сатып алышкан. “Колбасаны жакшы көрөт, жакшы жейт” деген ит ээсине Алсеит унчукпай баш ийкеген. “Колбасаны итим эмес, мен жебей атсам, кайдагы колбаса” деп ичинен ойлоп, чоң акчага апчаркени алган. Итин алып жөнөй бергенде ээси сумкасынан колбаса алып чыгып Алсеиттин колуна карматты. Ошол колбасаны көрүп апчарке ит машинеге түшкөн. Анан да Алсеитти капа кылганы ал ээсинин “иттин аты Мухтар” дегени болду. Оо, балакет, кишинин атын да итке коёбу деп келини бышкырса, машине айдаган иниси, “койбогондочу, “Ко мне, Мухтар!” деген кинону көргөм, ошондой эстүү ит болсо” деп бейтааныш адамдар арасындагы колбасасы бар кишиге үмүттүү карап келаткан итти тоого алып келишкен.

Алсеит эми короолош коңшусу Мухтарды бир тамалашалайт экенмин деп сүйүнүп келген. А бирок сүйүнүчү эрте болгон экен. Шаардык ит кой менен иши жок, айла жок эле жаңы ээсин ээрчибесе тоонун турмушуна көнбөй, баарынан да үйгө кире албай эшикте калганына, мурдагы күлгүн тамагы жок жугунду ичкенге көнбөгөн жаны ачкадан кабырга сөөгү каркайып арыктап, ит азабын тарта баштаган. Базардагы кымбатбаа иттердин арасынан улам-улам соодалашып отуруп бир миң бир жүз сомдон сегиз жүз сомго түшүргөнүнө ыраазы болушуп алышкан итинен пайда жок Алсеиттин ачуусу келип жүрөт. Ити ээрчип чыкканы менен ээсинин айтканын кылбайт. “Чебичтин алдын тос!”, “Тиги койду кайрып кел, Мухтар!” десе аңкайып карап тура берет. Бул ит жокто уулу экөө эптеп койду кайтарышчу эле, ити менен чыккандан бери Алсеиттин кетпеген жеринен тер кетип, өзү тосот. Итке тоонун таза абасы жакпады, түтүн ышка капталганы менен мурдагы үйүндө колбаса жеп, жүндүү шалчанын үстүндө жатчу.

Бир жолу сонун тамактын жыты келгенинен ач ит боз үйгө кирип барса аны кабыргага тээп кууп чыгышкан. Андан да кызыгы Алсеит кой тосо берип чарчап “Мухтар тос, Мухтар!” деп итине бакырып атса коңшусу келип “мени эмнеге чакырып жатасың?” деп карап турбаспы. Жандай көргөн досу анан итин чакырып атканын укканда “менин атымы итиңе коюп, шылдыңдап, итке теңейин деген экенсиң!” деп аты менен омуроолотуп, камчысы менен жүндөй тытып сабап коё таштады. Ошондо ити бир ишке жарады, Алсеитке болушуп, Мухтардын атынын куйругунан тиштеп, арылдап шаштысын кетирип ийди. “Болду, Мухтар!” дегенге болбогон итине айласы кетип: “Мухтар, хватить! садись!, садись, тебе говорят!” десе шаардык ити эч нерсе болбогондой кайта шоңшоюп отуруп албаспы. О, балакет, бул ит кыргызча түшүнбөйт турбайбы!

Алсеит досунан бейчеки таяк жеп калбайын деп итинин атын өзгөртүп Койбагар деп койгон. Мухтарды аялы экөөн бир козу союп үйүнө чакырды, акелеп-жакелеп атып ачуусу чукул неменин кабагын жазган. Болбосо көк досу эч ойлонбой мунун сегиз жүз сомдук итин атып салмак.

Апчаркеси орусча түшүнгөнүн билгенден кийин анын Алсеитке кылган бир кызматы аябай жагып калды. Бир жолу колундагы таягын койлордун ары жагына ыргытып ийсе Мухтары чуркап жетип барып деле чоң иш кылгандай куйругун шыйпаңдатып алып келип атпайбы.

“ – Оо, сенде жаткан окшобойбу,- деди жарыла күлүп. – Ал дагы таягын ыргытты. Мухтар жанагысындай чуркап барып тиштеп келди. Келди да таякты Алсеиттин алдына таштап дагы эмне кылайын дегенсип өзүнө-өзү ыраазы күлмүңдөгөндөй карады. Алсеит ошондо көрдү биринчи ирет иттин күлмүңдөгөнүн.

- Тоббо, - деди ал жакасын карманып. – Карасаң муну кыйратып салгандай мактанат ой. - Ал Мухтарга ичи жылый сонуркап карап турду.”

Койчунун түйшүгү күчөгөн күзгү-жазгы шалбыртта шаардык ит Алсеитти да, үйүндөгүлөрдү да тажатты. Башка иттерге окшоп түндөсү арсылдап үрүп короо кайтарбай, Алсеит сыртка чыкканда артынан калбай ээрчип, үйгө киргенде артынан жылуу бөлмөгө кирсе болобу. Кууп чыгышты, бирок көзүн жалдыратып Алсеитти үмүттүү карап босогого жатып алат. Үйдөгүлөр тамакты арам кылган итти колуна тийген нерсе менен уруп ичкери киргис кылышты. Бирок, жалдыраган бечараны босогодон жылдырыш кыйын болду. Акыры чыдамы түгөнгөн Алсеит ачуусу келип камчысы менен итин башка тартып жиберди.

Ушунусу катуу болду, байкуш ит жанын коёрго жер таппай, жыйылган көңдүн жанында жатты. Үйдөн бышкан эттин жыты келип, каңылжаарды жарат. Байкуш апчаркенин эсине шаардагы үйдө ваннага жуундурушканы, колбаса же жыттуу тамак жеген учурлары түшүп чыдай албай улуп ийди. Бул жерге келгени ачкалыктын айынан жугундуну шалпылдатып ичкенге, ыргытылган сөөктү башка иттер менен талашып жегенге көндү. Бирок да шаардагы жашоосу кээде эсине түшүп, айласы куруп, андайда эмне кылар айласын таппай кыңшылап ийчү. Ээсинен камчы жеп башы тең жарыла лукулдап ооруп кыйналып жатканда шаардагы үйү - эткел кожейке аял, анын эрке кызы, колбаса алып келчү мурдагы ээси эсине түшүп, бураңдап жолго чыкты.

Иттин жоголгонун Алсеит биринчи билди. Аялы ичкен ашын актабаган апчаркенин жоголгонуна анчалык деле кайгырбай, кайра сүйүнгөндөй болду. Апчаркенин шаарга жетмеги, жолдо көргөн азап-тозогу айтып отурса узун сөз. Ыргалып баса албай калганда ал мурдагы ээсинин үйүн таап эшигин тырмалап күтүп жатты. Итинин келгенине кубанган үй ээси тыртайып арыктаган бечара апчаркени карап туруп илгери окуган жомогун эстеди.

Анда бир кедей чал баласын байга сатып, анысы кайра үйүнө качып келе берип, атасы менен баласы байып жашап калышканы тууралуу кеп болот. Ээси апчаркесин багып семиртип дагы сатарын, анысы кайра качып келишин кобурап жатты. Баары сатылган заманда үй ээсинин тапкан акылы ушул болчу.

Ит демекчи, адабияттагы кулпурган акылдуу иттердин антиподу кадимки короочу иттин жасалма боёгу жок сүрөтү Салижан Жигитовдун айтылуу “Ит икаясында” кемелине келтире сүрөттөлгөн. Кийин ал өзүнчө китеп шекилинде чыкканда “Күн тууду” деген ат алып, ошонусу менен окурман журтуна тарап кетти. “Азаттыктын” аңгеме куржунунда Нураалы Капаровдун “Тузик” деген кызыктуу икаясы да бар. Кудайберген Жапаровдун аңгемесинде адамдардын колго үйрөтүп алган жаныбарларына карата мамилеси айыл менен шаар мисалында ыктуу сүрөттөлгөн. Койчу үчүн ит жардамчы, бутту керилте созуп диванда жатып, ээси алып келген чүйгүн тамакты жеп күлтүйүп семирип, ыкшоо басып жүрчү жалкоо жаныбар эмес.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (1)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG