Линктер

дүйшөмбү, 16-июль, 2018 Бишкек убактысы 01:25

Кыргызстанда кымбат баалуу, асыл тукум ит багып саткан бир нече чарба бар. Ишкерлер бул чарбаларда жайкысын жана кышкысын соода токтоп калгандыктан, бул бизнес кирешелүү болбой, көп учурда чыгашага учурашарын айтышат. Өлкөдө эң кымбат ит канча турат?

Алабайдын үч айлык күчүгүн 6 миң сомго, Түндүк уюлдун атактуу хаскисинин эки айлык күчүгүн 15 миң сомго саткан ит багарлар бул жаныбарды чын жүрөгүнөн жактырган адамдар гана чоңойтуп сатарын, жайдын ысыгы менен кыштын ызгаары алардын ишине бөгөт болорун айтышат.

Ит базар Бишкектин чок ортосундагы айтылуу Ош базарына жакын жайгашкан. Таштуу жолдун боюндагы үстү ачык ит базарда чындыгында эле кышкысын суук какшатса, жайкысын мээ кайнаткан аптап куйкалайт.

Мышыктар ысыкка чыдабай уктап жатышат.
Мышыктар ысыкка чыдабай уктап жатышат.

Ысык-Көлдөгү чарбасына алабай тукумундагы күчүктү сатып алып жаткан бул кардарга соодагер алгач "6 миң сом" дегени менен тез эле баасын ылдыйлатты:

- Алабайдын күчүгүн алып жатабыз. Көлдөгү үйүбүзгө берип жиберейин дедим. Булар үй кайтарганга жакшы экен. Азыр эми баасын сүйлөшүп жатабыз. Мурда да ушул тукумду бакканбыз. Ал итибиз картайып өлүп калды. Эми бул күчүктү карап жатам. Жакшы чоңоюптур. Хаски сыяктуу иттер үй кайтарбайт да, ал тургай үргөндү да билбейт. Бул алабай короо-жайды жакшы коруйт.

Базардан асыл тукум ит-мышыктардын көп түрүн жолуктурса болот. Ал тургай "акысыз эле алып кеткиле" деп жердеги чакан капастарга салып койгондорун да көрдүк. "Жайдын ысыгында өлүп калбасын" деген ниетте жаныбарларды сүйгөндөр шаардын булуң-бурчунан кичинекей мыймыйлар менен күчүктөрдү чогултуп, базардан элге таркатышат.

"Зыянга учурап калабыз"

Ондогон жылдардан бери доберман түрүндөгү иттерди багып өстүрүп саткан Александр бул бизнес кирешелүү эмес деген пикирде:

- Доберман түрүндөгү иттерди 20 жылдан бери көбөйтүп келе жатабыз. Пекинес, мопс, хаски породасын да багабыз. Мага бирөө белекке доберман бергенден бери ушул итти жакшы көрүп калып, көбөйтүп келем. Ит саткандан пайда тапса да болот. Бирок зыянга да учурап калабыз. Буларды багыш кыйын, 24 саат караш керек. Убагында эмдетип турабыз. Бир күчүккө кеткен кара жумушту эсептеп болбойт. Бирок тамак-ашы, дары-дармеги болуп отуруп көп эле сумма чыгат. Мисалы, бир эле вакцина 500 сом турат. Андайлардан күчүк эки ай болгуча бир нечесин сайыш керек. Бир күчүктүн минималдык суммасы 12-15 миң, эң кымбатын 30 миңге чейин сатабыз. Азыр соода солгун. Баарын эле сатып алса болот да, ал эми сатуу кыйын.

Доберман баккан Александр менен Оксана.
Доберман баккан Александр менен Оксана.

Ал арада кепке Александрдын жубайы Оксана да аралашып, ит багуу алардын үй-бүлөсүнүн негизги киреше булагы эмес экенин, кошумча иштерде эмгектенишерин айтып берди:

- Жолдошум экөөбуз түзгөн клуб көптөн бери иштейт. Биздин иттерди көбү билет. Көчөдө кароосуз калган ит-мышыктарды да багып, аларды тазалап, жаңы ээлерине акысыз эле тапшырабыз. Ыктыярчылар да бизге жардамдашат. Кичине тапкан кирешебиз иттерди бакканга жетсе болду. Мен өзүм ашканада иштейм, жолдошумдун да башка жумушу бар. Ит багып эле байып кете албайсың да. Азыр жай, соода болбой турган маал. Элдин баары эс алууда. Ысыктан улам эч ким ит баккысы келбейт. Кышында да күчүк тоңуп өлөбү деп коркушат. Ошентип биздин соода күз, жаз айларында эле болот. Кыш менен жайда күчүк сатуу кыйын.

Кээде белекке берүүгө аргасыз болушат

Чет өлкөдөн кымбат баалуу ит-мышык алып келген Еленанын айтымында, Кыргызстанда асыл тукум иттерди коңшу өлкөлөрдөгүдөй кымбат сатуу мүмкүн эмес. Баккан чыгашасы кээде кардарга сунуш кылган баадан кымбат болуп кеткен учурлар да болот.

Еленанын шаар четиндеги Пригородное айылында ит-мышык баккан чарбасы бар. Акыркы учурда ал кавказ овчаркасын өстүрүп сатууда:

Елена Кавказ овчаркасынын 2 айлык күчүгү менен.
Елена Кавказ овчаркасынын 2 айлык күчүгү менен.

- Мен баккан иттер чет жактан келген, кымбат асыл тукумдар. Маселен, Орусияда мындай күчүк 1000 доллар турат. Бизде миң долларга ким ит сатып алмак эле? Ал тургай 500 доллар десең албайт да. Мына, мен асыл тукум Кавказ күчүгүн 15 миңге сата албай турам. Толугу менен эмделген. Багууга кеткен каражат азыр 100 доллардан ашып баратат. Тамак-ашына аябай кылдат карайм. Кымбат азыктарды берип, күчүк алууда иттерге өзгөчө кам көрүш керек. Буга кошумча көргөзмөлөргө катышабыз. Күчүк менде үч айдан ашык сатылбай кармалып калса анда соодам чыгашага учурайт. Үч айдан өттү дегиче, болду аны бирөөгө белекке берип кутулам. Ошентип эч кандай туруктуу кирешем деле жок. Менден тышкары күйөөм менен уулум да ит бакканды жакшы көрөт. Бул эми жаныбарларды жакшы көргөнүбүз да, эч кандай бизнес эмес. Мына көп кишилер Ысык-Көлгө эс алганы кетишти, биз болсо ысыкта күчүк сатып турабыз. Эгерде биз асыл тукум ит бакпасак, алар жоголуп кетпейби. Кавказ овчаркалары Бишкекте аябай эле аз.

Кыргыздын тайганы эле калды

Бишкектин ветеринария жана фитосанитардык кызматынын башкы дарыгери Шамен Марасулов акыркы учурда кыргыздар байыркы тайган тукумундагы иттерге кызыгып, көбөйтүп жатышканын, бул албетте кымбатка турган көрүнүш экенин айтат. Ошондой эле кыргыздар баккан асыл тукум иттердин тарыхына да кайрылды:

- Кыргыздар байыртадан эле итке өзгөчө көңүл бурган. Мисалы, дөбөт тукумундагы ит бар эле. Аны совет бийлиги 1936-жылы тукум курут кылган. Тайганды да жоготуу аракеттери болуп, бирок сактап калбадыкпы. Албетте, ит баккан кымбат түйшүк. Айрыкча асыл тукум иттин баасы да, багылышы да акчаны талап кылат. Анын тамагын бапестеп бериш керек дегендей. Бирок кыргыздын өзүнүн иттери көп деле түйшүк жараткан эмес экен. Азыр айрымдар дөбөттү кайра аргындаштырууну көздөп жатышат. Манастан бери эле "Кумайык" деп итке өзгөчө мамиле кылган элбиз да. Кымбат иттерди кармаган кыргыз үй-бүлөлөр барган сайын көбөйүүдө.

Кинология - кымбат өнөр

Кыргызстанда асыл тукум иттердин көргөзмөлөрү мезгил-мезгили менен өтүп турат. Баалуу күчүктөрдү дал ушул көргөзмөлөрдө жарнамалап сатууга болот. Өлкөнүн Кинологдор ассоциациясы уюштурган бул иш-чарага катышуунун орточо баасы бир күчүккө 1700 сомдон бааланып, ит баккандар 5-6 күчүк алып барганда эле бир топ чыгымга учурашат. Кесипкөй кинолог Татьяна Сафонова өлкөдөгү ит бизнесин мындайча сыпаттады:

Татьяна Сафонова, кинолог.
Татьяна Сафонова, кинолог.

- Кыргызстанда асыл тукум итти багууга кеткен чыгым чындыгында анын кайсы түргө кирерине деле байланыштуу эмес. Кымбат итти багуунун баасы да жогору. Мисалы, немис овчаркасын эле алалы, ага аябай сапаттуу азык керек. Биз мындай тамак-ашты таза сүт, эт азыктарын өндүргөн, атайын сертификатталган чарбалардан кымбат сатып алабыз. Буга кошумча итти машыктыруу, көргөзмөлөргө алып баруу, тазалыгын камсыз кылуу, эмдөө сыяктуу кошумча чыгымдар бар. Ушундан улам асыл тукум ит арзан сатылбайт. Ит баккан киши чыгымын сөзсүз кайра чыгарып алышы керек. Биздин чарбадагы ар бир күчүк сөзсүз атайын машыктыруудан өтөт. Мындай машыктыруунун ар бирине да өзүнчө акча коройт. Машыктуруучунун акысы да арзан эмес. Ушундан улам асыл тукум итти арзан сатып алам деп ойлобой деле койсоңуз болот.

Сафонованын "Түндүктүн падышалары" аттуу хаски, немис овчаркаларын тарбиялаган чарбасындагы бир күчүктүн орточо баасы 20 миң сом, бирок аны чоңойтуп, эмдеп, тарбиялоого бул акчанын жарымынан көбү сарпталат.

Ит саткандардын айтымында, мындан эки-үч жыл мурда Түндүк уюлдун хаски тукумундагы күчүктөрү өлкөдөгү эң кымбат сатылган ит болгон. Алардын баасы 1000-1500 доллар эле. Ушундан улам хаски көбөйткөндөр арбып, күчүктөрү базарда 6 миң сомго чейин арзандап кеткен. Азыркы тапта өлкөнүн алдыңкы кинологдору африкалык, үрбөгөн басенже тукумундагы иттерди жаңылык катары алып киришип, күчүктөрүн 1500 доллардан сатышууда. Ал эми улуттук ит деп эсептелген тайгандын орточо баасы 6 миң, алабай күчүктүкү 5-6 миңдин тегерегинде кармалууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG