Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Мал - кыргыздын "банкы"


Ысык-Көлдө 24-апрелде өткөн айыл чарба жармаңкесинде тартылган сүрөт
Ысык-Көлдө 24-апрелде өткөн айыл чарба жармаңкесинде тартылган сүрөт

Бар акчасына мал алып коюу - акчаны сактоонун кыргызча түрү. Бул ыкма айыл жергесинде кеңири колдонулат.

Ар бир жаран өз керектөөсүнөн ашкан акчаны топтоп, алтургай көбөйтүүнү ойлонот. Ири шаарларда жарандар каражатын доллар, еврого айландырып, банкка сактап же кыймылсыз мүлк сатып алышат эмеспи. Айылда болсо акча сактоонун, топтоонун өз ыкмалары бар.

Маселен, мал киндиктүү Нарында эл колундагы акчасына мал алып сакташаары кадимки эле көрүнүш. Жаз келгени Нарындагы мал базарларда аларман көбөйүп калат. Себеби бар акчасын жоготпой сактап калууну же көбөйтүүнү көздөгөндөр базарды кызытат. Азыр мал алып, тоого кошуп ийсе, күзүндө баасы жогору болоору бышык. Малы ит-кушка желбей түгөл келсе, бир топ киреше түшөт.

Акчасын малга салгандар

Ат-Башы айылынын тургуну Мирбек Өмүралиев Орусиядан бир жыл иштеп тапкан акчасына жалаң тай алып жаткан экен:

- Азыр Орусияда деле кыйраткан жумуш жок болуп калды. Кичине акча чогултуп келдим эле. Үй салайын десем жеткидей эмес. Бир-эки жыл мал алып, акчаны айлантып жиберейин деп жатам. Күзүндө болбоду дегенде ар бири 7-8 миң сомдон, алды 10 миң сомдон кошот деп турам.

Теңиртоолуктарга акча сактоонун Мирбек сөз кылган ыкмасы ыңгайлуу. Биринчиден, мал багуу көйгөй эмес, экинчиден, банкка акча сактайм деп, ар кандай кагаз иштери менен баш оорутпайт. Бирок акыркы убакта эттин баасы арзандай башташы айылдыктарды да ойлонтпой койгон жок.

Базар баасынын өйдө-төмөн болушу менен нарындыктар акча сактоо үчүн ар кандай ыкмаларды колдонуп жүрүшөт. Маселен, атбашылык Ойонбек Жумабаев өткөн жылы жалаң букадан пайда табам деген тилеги ишке ашпай калган экен. Анткени былтыр күздө малдын баасы арзан болуп калган.

- Азыр мен колумдагы акчамдын баарын элге "кызыл мамалакка" таратып койдум. Кызыл мамалак - бул туула элек топоздун баласы. Азыр 13 миң сомдон бердим. Күзүндө алардан мамалакты тандап алам. Алар 20 миң сомдон кем болбойт. Анткени топоздун эти жылдан-жылга кымбаттап жатат. Ошондой эле дагы бир аз акчамды "кызыл козуга" берсемби деп жатам. Бул туула элек козу. Аларга азыр 2000 сомдон берсем күзүндө 4-5 миң сомдон болот.

Мына ушундай мал менен киндиктеш болуп калган нарындыктардын тоодой үмүтү бир гана малга байланган. Ал эми акчаны башка валютага алмаштырып коюу же кандайдыр бир мүлк алып сактоо бирин-серин гана болбосо жокко эсе.

"Малды мен банк деп койом"

Ал эми Ысык-Көлдүн тургуну Нураалы Саматов жогорку окуу жайды аяктап, Түркияга барып 6-7 жыл иштеп келген. Ал ошол жактан тапкан акчасын ата-энесине салып турчу:

- Мен Анталияда туристтик фирмалардын биринде иштедим. Ал жактан ашыкча деле акча коротчу эмесмин. Айлыктын токсон пайызын ата-энеме жөнөтүп турдум. Ата-энемдин жашы өтүп калган, акча сактоонун жолдорун билишпейт. Ал эми үйгө акчалай сактоодон чочулашат. Анан ойлонуп туруп мал алып коюуну чечтик. Азыр там алсамбы деп турам.

Нураалы ушундай ыкма менен акча топтоо ыңгайлуу экенин айтууда:

- Тапкан акчаң мал менен турса, көз алдыңда болот экен. Бирөөгө акысын берип бактырдым. Мындай жолду мен “кыргызча банк” деп коём. Малыңды жакшы баккан кишиң болсо көбөйө берет. Каалаган учурда сата аласың.

Жакында Нураалы кайрадан Түркияга кетүүгө камынууда. Эми деле ушундай ыкма менен акча топтоп, чакан бизнес ачам же биротоло мал чарбачылыгына кетсемби деп ойлонуп жүргөн кези.

Акчаны сактоонун жолу көп

Бир жагынан Евразия экономикалык биримдигинин таасири, экинчиден, акча базарында сомдун куну солкулдап, ага жарша малдын баасы өйдө - төмөн болуп турган кез. Демек мал сатып алып коюу менен акча сактоонун да тобокелчиликтери арбын. Экономист Эрлан Камалов менен ушул суроолордун тегерегинде маектештик:

"Азаттык": Айрыкча айыл жергесинде акчаны мал менен сактоонун себеби эмне? Бул канчалык ыңгайлуу?

Эрлан Камалов: Биринчиден, илгертеден ата-бабабыздан келаткан салтуу чарбабыздын элементи десем болом. Анын үстүнө мындай жол менен акча сактоо көп жылдардан бери жемишин берип жатат. Дыйкан чарбасына караганда мал чарбачылыгы жеңилирээк болот. Экинчиден, көп каражат таппагандар акчасын ушинтип топтошот. Себеби алардын кыймылсыз мүлк же ишкердик баштаганга анча каражаты жок. Андыктан бар акчасы жоголуп кетпесин деп мал сатып алып коюшат.

"Азаттык": Эми ушул ыкманын тобокелчиликтерине токтолсоңуз?

Эрлан Камалов: Эми чоң тобокелчиликтер жок. Орто деп айтсак болот. Мал кармоодо экономикалык абал таасир этет. Малдын куну түшүп кетет дегендей. Ошондой эле кандайдыр бир кырсык болуп, мал кырылып калышы мүмкүн.

"Азаттык": Сиз айткандай айыл шартында же аз акча тапкандар каражатын дагы кантип сактаса болот?

Эрлан Камалов: Азыр заман талабына жараша башка жолдорду караштыруунун мезгили келип жетти. Айылда өзүн актай турган чакан бизнес ачыш керек. Маселен, кийим тигүүчү цех, унаа оңдоочу жай деген сыяктуу.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

  • 16x9 Image

    Мирлан Кадыров

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG