Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:24

Доллардан сомго өтүүнүн түйшүгү түмөн


Кыргыз базары
Кыргыз базары

Кыргыз өкмөтүнүн өлкө аймагындагы соода жүгүртүүнү сом аркылуу жүргүзүүнү милдеттендирген токтому 6-апрелден тарта күчүнө кирди. Эми мындан ары товарлардын, авиабилеттердин жана турак жайлардын наркы, акча жүгүртүү жалаң сом менен көргөзүлүшү шарт. Бул жобону бузган жарандар, жеке ишкерлер, мекеме-ишканалар айып пул төлөшөт. Бирок өкмөт токтомунда мамлекет менен элдин кызыкчылыгы шайкеш каралганбы, бул суроо ачык калууда.

Өкмөт улуттук валюта боюнча мыйзамга ылайык чыгарган токтомдун негизинде сатуучулар менен сатып алуучуларды көзөмөлгө алмай болду. Токтомдун мааниси тууралуу аткаруу бийлик аппаратынын финансы жана кредиттик саясат боюнча бөлүмүнүн башчысы Азис Алиев "Азаттыкка" буларды айтты:

- Токтомдун негизинде соода-сатыктагы жумуштар, тейлөө чөйрөсүндө, анын ичинде кыймылсыз мүлк агенттиктеринин кызматтары, автоунаа дилерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, авиакомпаниялардын жана имараттарды ижарага берүүнүн, мамлекеттик кызматтардын баасында жана тарифтеринде кыргыз сому менен прейскуранттарды көргөзүү милдеттенмелери коюлду. Мурда кандай валюта менен болсо да ага эч ким жооптуу эмес болчу, эми Монополияга каршы агенттик баарын көзөмөлгө алып, аткарбагандарга айып пул салат.

Кочкор базары
Кочкор базары

Анткен менен, эркин базар-нарк шартына ык алган кыргызстандыктар үчүн бул шарттарга көнүп кетүү кыйла убакытты алчудай. Экономист Тилек Ашымовдун пикиринде, өлкөнүн ички жана тышкы рыногунда доллар менен эбегейсиз каражат айланып тургандыктан коомчулукту толук кандуу сомго өткөрүү убакытты талап кылат. Ошондуктан бул процесс дагы эки-үч жылга созулуп кетиши мүмкүн:

- Азыр эң негизгиси эл ишенимин актоо. Алар өз аманаттарын банктарда сактоодо ала турган пайыздык акчасы эки жылдан кийин өзгөрүүсүз каларынан шек санабашы керек. Кийинки жылы доллардын курсу канча болот, инфляцияга тушукпаймынбы деп ойлобошу керек. Өкмөт, банктар элге түшүндүрүү иштерин мыкты деңгээлде жүргүзүшү абзел. Негизинен сомго өткөрүү чечими туура, бирок туура саясат жүргүзүп, доллардын туруксуз абалын жумшартуу аракеттери жасалганы жакшы көрүнүш.

Элдин кызыкчылыгы менен мамлекеттин кызыкчылыгы дал келбесе, бул токтомдун өмүрү кыска эле болуп калышы мүмкүн.
Эмил Үмөталиев

Ишкер Эмил Үмөталиев болсо өкмөттүн бардык сатуулар менен сатып алууларды сомго өткөрүү боюнча токтому элге, ар кыл мекеме-ишканаларга ыңгайсыздыкты, ашыкча чыгымдарды алып келип жатат деп эсептейт. Анткени бардык иш кагаздарды алмаштырууга, жаңы шарттар менен иштөө тартиптерин өзгөртүп, кошумча түйшүк жана каражаттарды коротууга мажбур болушат.

- Эми бул мыйзам сунушталып жатканда эле көптөгөн мамлекеттик жана жеке ишканалар даярдана баштаган. Өкмөттүн сунушу бул мамлекеттин кызыкчылыгы болуп жатат, ал эми элдин кызыкчылыгы канчалык деңгээлде ишке ашырылды деген суроо туулат. Бизде бардык сатуулар менен сатып алуулар чет элдик валюталар менен жүргүзүлүп, эл да ага көнгөн, ой жүгүртүүлөрү менен иштөө тартиби доллар менен болуп калган. Андан сырткары топтогон каражаттарын да тигил же бул банкка доллар же евро менен сактагысы келишет, анткени чет элдик валюта дүйнөлүк рынокто туруктуу болуп саналат эмеспи, мына ушул жагдайда элдин кызыкчылыгы менен мамлекеттин кызыкчылыгы дал келбесе, бул токтомдун өмүрү кыска эле болуп калышы мүмкүн.

Учурда долларга суроо-талап дале курч бойдон турат. Өкмөт доллардын кунунун мындан аркы өсүүсүн алдын алып, анын механизмдерин иштеп чыгууда. Ал эми Улуттук банк 31-мартта кайрадан интервенция жасап ага 5 миллиондон ашык доллар жумшады. Жалпы март айында бир нече жолу интервенция жасалып, доллардын экономикага тийгизген таасирин азайтуу аракети көрүлгөнү менен, учурда доллардын курсу кайрадан көтөрүлө баштады.

XS
SM
MD
LG