Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-июль, 2020 жума, Бишкек убактысы 00:10

Топон суу тозоңу жөнүндө баян


Иллюстрациялык сүрөт.

Арслан Капай уулу Койчуев адабий тушоосун «Мисмилдирик» («Беделдеги каргыш») романы менен кесип, соңунан «Айта бар менин кебимди», «Бакшы жана Чыңгыс кан» баяндарын жарыялады.

Адатта сүрөткерлердин көбү чыгармачылыгын чакан жанрдан – аңгеме менен очерктен баштап, андан повестке өтүп, соңунда романга оочу эле. Адабий практикада тескерисинче да болот экен. Кыргыз аңгемесинин классикасынан жазуучунун «Алмуздактагы кечил» деген чыгармасы тууралуу кеп кылсакпы деп турабыз.

Иордан дарыясы

«Алмуздактагы кечил» Арслан Койчуевдин жаңы аяктаган «Добул-Таштык «Заратустранын» аңгемеси» аттуу көлөмдүү романынын үзүндүсү экен. Көп маанилүү икая жаңы романдын бир түзүмү катары кошулуп, автордук көркөм ойду түшүнүш үчүн ага «адамзат тарыхындагы туңгуч кечил тууралуу аңыз» деген кошумча ат берилген окшойт. Антип автордун этияттанышынын деле жүйөсү бар. Көп катмарлуу, философиялык уңгусу терең баянды учурдагы кызыктуу окуяга, жеңил баа сюжетке негизделген чыгармаларга көнүп алган окурмандын аңдашы акыйкатта да кыйын. Адамзат цивилизациясы кыртыш алып чыккан байыркы жердин башынан өткөн окуялары толтура. Анын баары адам баласынын тынч жашай албас уруш-талашка, кыргын-сүргүнгө жакындыгы деген бүтүмгө барып такалат. Эси жок пенде баласынын кылык-жоругуна иренжиген кудайлардын каары күчөп, жер бетин мелмилдеп суу каптаган кездеги үйөрлөгөн толкундар да Иордан дарыясынын нугун жогото албаптыр.

«Топон суу тартылганда, Хермон тоолорундагы жар таштын боорундагы булактын кум чайкаган көзү өзүнөн-өзү ачылып, билектей жылжып агып, жылга-жылгадан сарыккан сууларды чогултуп отуруп, үч кошкондон кыяндаган чоң сууга айланып, эңиштеген сайын кум-шагылга шыкалган эски сайдын изин таап, өжөрлөнө жиреп-жарып отуруп, кез келген урчугун кемерленте жеп отуруп, аягы өлүү деңизге жетип куюлуп, кайра кадимкисиндей агып калыптыр. Ошол күндөн ушул күн бирде тунарып, бирде ылайланып агат, ошол күндөн ушул күн как талаанын койнун гүлдөтүп агат, боз чаптуу адырлардын такыр боорун бүрдөтүп агат».

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ошол дарыянын боюнда Валаам кечил арыктан суу буруп, эгин сугарып аткан дыйкандарды карап өзүнчө күбүрөнүп отурду. Кумганына суу сузуп, көк кашка суудан ичкен соң оор суроолордун келебин издей баштады. Топон суу келгенче ушул суудан кана жутуп, анан адам күчү келбес тажаал апаатта көптүн бири болуп кете берсе арманы болбос эле. Тээ алмуздакта адам баласын Утнапиштим сактап калчу заманда кудайлар пенделеринин ашынган жорук-жосунунан тажап, топон суу каптатып жер үстүндөгү жашоону күм-жам кылууну ойлонушкан. Энлил кудай баш болуп, Нинигику дагы башка өкүмдарлар унчукпай баш ийкешип, топон суу азабынан бу адамды Утнапиштимдин жыгач кемеси сактап калган экен.

Мелмилдеген суу үстүндө калкыган кемеде эмне деген гана жан-жаныбар жок эле? Ошолордон жаңы турмуш башталган. Утнапиштимдин өмүрү өткөнчө арманы топон суу каптаганда кемеге салчу макулуктардын ичинен бирөөнүн атын эстей албай, ошо калып кеткен экен. Кудайлардын калабасынан пенде балдарын кантип сактап калуунун амалын издеген Нинигуку деген боорукер кудай Утнапиштимге түшү аркылуу эскертиптир. Жанда жок боорукер Утнапиштим ошондон кийин күн-түндөп тыным билбей жети күнгө туруштук берчү жыгач кемени куруп, тирүү жандыктарды сактап калган. Ошондой коркунуч Иордан дарыясын бойлой жашаган калктарды каптап, үрпөйүп турушкан кези эле. Валаам кечилди ойго салган нерсе ушул болчу.

Кечилдин туугандары

Туугандары болсо кечилдин анысы менен иши жок жерине кайтып келип, мадиандын тукумун улашын суранып жүрүшөт. Тээ илгерки бала кезинде кайсы бир олуя:

«Кудай жанын аман койсо, бу баладан ашкере баатыр, жан-жаныбардын тилин билген саятчы чыгат! Кудай жаныңды аман койсо, он сегиз уулдуу болосуң!» деп коюп атпайбы, топураган элди дүрбөтүп. Эр жеткенде он сегизи тең мадиан элин жоодон коргогон, тогузу күн жакты беттеп бөлүнүп, Урук менен Эриду калааларына чейинки элди чапкан, тогузу түн жакты беттеп бөлүнүп, гиксосторду жанынан түңүлткөн жаанда жок баатырлар чыкмак. Олуя ушундай сөз айткан. Мадиан элине ушундай сөз тараган».

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жаактуудан жаңылбас ошол олуянын айтканы теңирден тескери кетти, Валаам кайындап койгон кызын албай, туугандарынын шаабайын суутуп кечилдик жашоого өтүп кетти. Жалган дүйнөнүн жан жыргатчу азгырыктарынан боюн алыс тутуп, адамдар арасына караганда куму эшилген биябан чөлдү, төрт жагы бекем тосулган үйдөн ай талаада жылдыз карап жатканды, азга каниет кылып, көптү ойлогонду жакшы көрдү. Туугандары канча келишти, мына дагы келатышат. Алардын эмне айтарын Валаам билет. Аларга сөз да коротпойт. Туугандарына он сегиз азамат, келечекте мадиан элинин туусун көкөлөтчү, жанындагы элдерге кылыч болуп чабылып, найза болуп толтосуна сайылчу эрлер керек. Мына Утнапиштим атадан таралгандар эски жолоюн баштап, кудайлардын топон суу эскертүүсүн кийин унутушту го. Пенде экен да, курсагы тоюп, көңүлү жайланган соң башкаларды басмырлап, алсыздарын жок кылып, үстөмдүк кылууну эңсеп калат тура. Алты кылымга жакын жашаган Утнапиштим урпактарынын кылган-эткендерин көрүп бармагын тиштеп отургандыр. Утнапиштимден тарагандар мына калайманды салып, бирин-бири кырып, канды суудай агызып жатышат. Валаамдан таралган 18 уруу да кийин ошентет. Андай болушун акылдуу кечил каалабайт. Ошон үчүн баарынан кечип минтип ай талааны мекендеп жүрү.

Кийинки жолугушууда туугандары Моше мадиандарды кырганы жатканын айтышты. Кыргын салганы да, кырылганы да бул дүйнөнүн утурумдук коногу, бирөөгө жамандык ойлобош керек. Үйүнө кайтууга макул болбогон кечил жөнөп атканда туугандары «мадиандардан кабар алып кой» деп калышты. Валаам ошол сөздү угуп, Утнапиштим бабасын ойлогон.

«Уул-урпагынын боордоштугу утурумдук экенин көргөндө, Утнапиштим акылынан адаша жаздап, эки эстүү кебетеленип тентип кеткен имиш. Ошондон ары дайынын экинчи таптырбай жер кезип, ың-жыңсыз жоголгон имиш. Дагы бир кабарда, өзүн-өзү өлтүргөн имиш! Ким билсин, балким, топон суудан кийинки тарыхтагы адам тукумунун ичинен өз өмүрүнө өзү кол салып, өзүн-өзү өлтүргөн туңгуч киши Утнапиштимдин өзү болгондур. Ким билсин, балким, шордуу адам баласынын ичиндеги дагы бир жаман жолойду, балээлүү өнөрдү ошентип Утнапиштим өзү баштап бергендир. Ким билсин, балким ошондо...»

Валаам антпейт, адамзат дагы бир топон сууга туш келишин каалабайт. Ошон үчүн сулуу жар, жыргал жашоодон кечип талаалап жүрөт. А бирок «туугандарынын кабар алып кой» дегени негедир түпөйүл ой болуп көңүлүндө туруп калды. Дагы бир кыргын жакындап калганын туйду. Бу адамдар тынч жашай алышпайт экен го.

Канабайрам

Эртеси кыйладан бери түпөйүл кылып келаткан кыргынды, кан суудай аккан канабайрамды көрдү. Иордан дарыясы адам канына чыланып кыпкызыл болуп агып атыптыр. Аял-эркек, кары-жаш, бала дебей жайнаган өлүктөр. Карга-кузгун, ит-куштар этке тоюп ынтыгып жүрө албай, булоолонгон кандын арасында бирин экинчиси өлтүрмөй токтолбой, көздөрү канталаган желдеттер мадиандардын бирин койбой кырып атышышптыр. Валаам ойлогондон коркчу карантүн элине келген экен. Мадиандарынын киши калбай калганын канабайрамдан кара башын калкалап качып келаткан бейтааныш адамдардан укту. Ханаан жериндеги өлчөөсүз кыргынды ошолор айтып беришти. Мошенин желдеттери мадиандарды кырып таштаптыр.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эми мадиандар жок, ушундай да болот экен. Утнапиштимдин кемесине түшпөй аты-жыты жок унутулуп кеткен макулуктай болуп мындан ары мадиандардын бар-жогу билинбей калат. Кызыл кыргындан тигилер «мадиан тукумун тапсак эле кармап беребиз» деген шарт менен бошонуп качып келаткандагысы экен. Валаам кечилдин аларга «мен мадианмын» дегени ансайын чочулатып, үрөйү учкандарды коймаарек карап турган кечилди кармап алып айдап жөнөштү. Валаам аларга эч каршылык көрсөтпөй, бир гана өтүнүчүн:«Мошенин алдына алып баргыла» деп айтты. Анысын бир нече ирет кайталады. Мошеге алып барышса айтчу сөзүмдү айтып калсам деп ойлоду. Асман-жер биригип, айлана канга чакап, карга-кузгун, ит-куштарга той түшкөн ошол алааматта Моше Валаам кечилди угар бекен? Топон суу, ага чейин Мошенин деле ичер суусу аз калганын айтабы, аны канкор укканда, укпаганда да мадиандары жок.

«Имерилишке чукулдаганда Валаам-кечилдин тынчы кете баштады. Жүрөгү дүкүлдөдү. Күбүрөнүп, көзүн сүздү. Көзүн сүздү да ичинен төлгө кылып, күбүрөнгөн бойдон арышын майда таштап кете берди: «Мошесине жолуктурушабы же жокпу? Жолуктурушабы же жокпу? Моше...».

Каардана кыйкырган үн жаңырды. Көзүн чоң ачты.

- Тирүү мадиан калдыбы? Жашырбай айткыла! Жашырганыңарды катаал жаза күтүп туру! Тирүү мадиан калдыбы? – деп кыйкырган желдетти көрдү.

Жалаңдаган кош миздүү кылычын сундура кармап, тике маңдайдан утурлай басып келатыптыр».

Ханаан жериндеги канайбайрамдын ызы-чуусунда кишини-киши, болгондо да акылдын сөзүн бирөө-жарым угабы? Валаам кечил буга чейин кыйнап келаткан Утнапиштим табышмагын желдеттин кылычы чечти. Валаам кийин дүйнөнүн түндүк-түштүгүнө, батыш-чыгышына жортуул жасачу он сегиз эрди алып келген жок. Топон суу каптап келаткан дүйнөнү ал ушунусу менен сактады. Анан да ал Утнапиштим бабасынын жаңылыштыгын кайталаган жок. Көзү канга тунарган эс-мас желдеттин кылычы моюнуна шилтенгиче бүтүндөй бир элди кырып салган яхулуктар деле көп жашабасын, шек-шыбаасы келе баштаган топон суу баарын жай-жайына коёрун, адамзат буга чейинки жасаган күнөөсү үчүн оголе оор жазага кабыларын ойлогондур. Ошол эле кезде мындан ары Иордан дарыясынын мөлтүр кашка суусун ичпей турганын, жылдыздуу түн койнунда чөлдөгү тынч жашоону көрбөй турганын ойлогондур. Тиги дүйнөдөн аны Утнапиштим тосуп алар. Экөө жалган дүйнөдөгү жасаган-эткендерин дагы бир жолу таразага салып, кайсы жерден жаздым басканын эскеришер.

Арслан Капай уулунун метафорасында бүгүнкү турмуштун талуу маселеси - жер үстүндөгү жашоонун ушунчалык татаал, ошол эле учурда морттугу таасын сүрөттөлгөн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (4)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG