Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-июнь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 20:06

Жетим бала айылына кайтты


Иллюстрациялык сүрөт.

Амангелди Мисиров өмүрүн чыгармачылыкка арнаган инсан. Анын каармандары да өзүндөй жөнөкөй, турмуштук көрүнүштөн адабий формага көчүрүлгөн тагдырлар.

Кыргыз аңгемесинин классикасынан автордун “Шумпай турбайсыңбы!” деген чакан баяны тууралуу кеп кылганы турабыз.

“Жетим кекчил, өгөй өөнчүл”

Бул аңгеме карапайым кыргыз баласынын турмушу жөнүндө. Согуш учуруна туш келген жетимчилик, кыйын заманда өлбөстүн күнүн көрүп адам катарына кошулган азаматтын башынан кечиргендери чыгарманын сюжеттик негизин түзөт.

Эркебай апасынан аябай эле эрте калды. Жыл айланбай атасы башка аял алып, жетимчиликтин оор жылдары башталды. Кичинекей баланын эңсегени кара курсакты кантип тойгузуш, анан оюн болчу. Жаңы келген апасы загара нандан бир сындырым бербей ачка калтырды. Согуш маалы, оокат-аш жетишсиз. “Атаң келгенде эле жейсиң” деди өгөй апасы. “Жетим кекчил, өгөй өөнчүл”, Эркебай энесин жаман көрүп, чыбыгы менен эчкинин куйругуна сайып жиберди.

Эчки чунаңдап секирип, сүт төгүлүп калды, кечки тамак жок. Тентек бала эски көңдөбөдөн сөөлжан кармап, чегиртке тутуп, аларды ичке жипке тизип алып тооктордун алдына таштайт. Ичке жиби менен жемди жутуп алган тооктор муунуп, айласы кетет. Анын баары Эркебайга оюн. Курбалдаштарын ээрчитип алып сай боюна барып ысыкта ылаалап турган эшектин чандырына ит чымындарды коё берет. Эркебай мунусун “эшек бий” деп атап койгон, мөңкүгөн жаныбардын азабы балдарга күлкү. Ошон үчүн аны айылдыктар “шумпай” деп алышты. Чачы өсүп жүдөп жүргөн байкушка ал ат куп жарашып калды.

Эркебайдын эңсегени курсакты жакшы тойгузуп алуу болчу, согуш маалы, эгин тартыш, баары кан майданга жөнөтүлчү, көпчүлүк эл ачка. Колхоздун орулгандан калган анча-мынча буудайын уурдамай, кармалсаң өлдүң, бир баштык дан үчүн канчалар камалып кетишти. Кароолчу жокто курсагы ач балдар кылканы курсагы сайганына карабай кызыл баштарды коюнга солоп үйүнө келишет. Жанын оозуна тиштеп таап келген данын апасы жаргылчакка тартып, эчкинин сүтүн катыктап жарма жасап берет. Эркебайдын жакшы көргөн тамагы ошол. Бир жолу кароолчу чалдан сурап алып келген данынан жасалган жарманын даамы өмүр бою эсинен кетпей, канча ирет эстеп жүрдү. Эки улактуу эчкини оттотуп келүү Эркебайдын милдетине кирчү.

“Эркебай эчкилерин жол менен айдабай дайыма мүрзөлөрдүн чети менен айдайт. Апасынын мүрзөлөрдүн четине коюлганы эсинде. Апасы жаткан жерин карап өтөт. Апасы көзүнө элестейт. Ак жоолук, кызыл ала көйнөк. Жылмая караган өңү көз алдына келгенде ыйлагысы келет. Бирок чунак эчки ыйлата койбой алдыга жүткүнөт. Бала ага болбой токтой калып “оомийин” деп бетин сылаганга үлгүрөт. Апасын ушул жерге койгондо кишилер “оомийин” дешкен. Эмне анткенин деле билбейт, Болгону “апам билсе керек” деп ойлоп коёт. Тез эле шыбак аралаш эрмендин жыты келген чөптүү жерге келгенде эчкилердин энесин бир түп шыбакка бекем байлайт да, тээ алыска көз чаптырып отура берет”.

Балалык сезими аны алыскы мунарыкка басылган башка турмушка чакырып, көңүлүн өйүйт. Кандай турмуш болду экен? Бала эчкисин алып келген дөбөдөн бет алдындагы талаа, көйкөлүп тегиз чыккан шалыпая бир укмуш кооз көрүнөт. Күрүч талаасындагы суулар жылтырап, андагы тосток көз бакаларды жайма-жай терип жеп жүргөн илегилектер. Шумпайды белгисиздик арбап, батышты карап отура берет. Ойго басырылып, белгисиз бир санаага түшүп калган бала кеч киргенин да байкабайт.

Ошондой күндөрдүн биринде кечки иңирде эчкилерин айдап үйүнө келсе атасы “мен да согушка баратам” деп отуруптур. Бала атасын жакшы көрчү, чуркап келип анын тер жыттанган моюнуна асылды. Анысына атасы биралдын жашый түшүп, уулун өөп жатканда көз жашы бетине таамп кетти. Атасы “маңдайга жазганын көрөрмүн” деп согушка кете берди. Ата-баланын эзиле түшкөнүнө таң калган апасы “сиз келгенде Эркебайды инилүү кылабыз” деп ийбеспи. Ошол кечте атасы аялына, артында калып жаткан жалгыз уулуна өзгөчө мээримин төгүп, Эркебайдын үстү-башын жаңыртып кой деп чөнтөгүнөн акча алып берди. Баланын оюна койсо ал түнү уктабай эле коймок. Уктап кетиптир, анан эртең менен турса атасы да, апасы да жок, үйдө өзү эле калыптыр. Атасын эми узакка көрбөй калышын ойлоп бала күчүн көз жашынан чыгарды.

Эски тебетей, чоң өтүк

Кечинде ыйлагандан көзү тостоюп шишиген апасы төмөнтөн келди. Экөө очок боюнда отурушканда атасынын колунда тагынып жүрчү саатын берди. Жакшы буюм экен, ошол саатты карап бала окууга каттай баштады. Бопураган ысык чаңда мектепке чейин анын кичинекей бутунун изи калат. Балдардын баары эле ал кезде мектепке жылаңайлак барышчу. Бытырайган кичине буттардын изинин үстүнөн кээде ийрелендеген жыландын изи калчу. Бала аны аттап өтөрдө изге түкүрүп койчу. Эмне экенин деле билбейт, укканы боюнча ошентчү. Анткен менен шумпай сабакты жакшы окуду, башкарманын баласы экөө дос болуп калды. Чүпүрөк баштыгына сала барган загара нанын башкарманын баласынын буудай нанына алмаштырып алчу. Башкарма буудай нан жейт экен. Кичинекей баласынын буудай нан алып келгенине жетине албаган энеси мактаганы же какшыктаганын билдирбей: “эсен болсоң болду, сен кор болбойсуң” деп койчу. Шумпай суукта атасынан калган эски тебетей менен талпылдаган чоң өтүктү кийип мектепке каттап жүрүп төртүнчү класска көчкөн чагында томолой жетим калды.

“Мектептен келсе үй толгон коңшу-колоңдор, Бала үйгө чуркап кирди. Апасынын эки колунан эки аял бек кармап коё бербейт. Келин байкуш жулунуп жоолугу желкесине түшүп көзүнүн жашы он талаа...

Баланы көрө салган аялдардын бирөөсү Эркебайды кучактай калып:

- Эми чындап жетим болдуң го, шордуу, - деп ыйлап жиберди. Эркебай атасынан ажыраганын түшүнүп озондоп кирди..

Кийин укса атасы Ленинград деген жерде каза болуптур. Эки-үч күн топураган элдин да эми аягы үзүлгөн”.

Бир үйдө калган эне-бала, апасы күндө эзилип кошок кошот, атасын жоктоп ыйлайт. Аны угуп отуруп Эркебайдын да жашы он талаа, өпкөсү көөп болбой калганда шуу үшкүрүп көз жашын шакмар жеңи менен аарчыйт. Апасы экөө күйүт менен дагы бир жылды өткөрүштү. Жай ортолоп калган кезде алардыкына бүкчүйгөн бир кара кемпир келип кара кийип отурган кызын алып кетти. Жасанып алган бир кишиге араба айдатып алыптыр. Эркебай түшүндү, кара кемпир кызын ушуга берет окшойт. Шумпай келгендерди жалт карап, кайгыдан биротоло көңүлү калган неме бирөө бирдеме десе эле ыйлап ийчүдөй буулугуп отурду. Кемпир болсо капкайдагы сөздөрдү жебиреди, кызым бир жыл отурду, бирөөнүн баласы бала деле болбойт, аны ээрчитпейт. “Иттүү конок батса да, биттүү конок батпайт”. Баланы таякеси багат деди. Апасы боор батырышып калган баласына тик багып карай албай, арабакечтен жазганып, унчуга албады. Арабакечи болсо арыдан-бери эшиктеги эчкилердин бирин арабага байлап коюптур. Жарыбаган буюм-тайымы арабага жүктөлгөндөн кийин бирөө тартып алчудай түйүнчөгүн бооруна кысып, эмне кыларын билбей деңдароо турган баласын өөп коюшка жарабай апасы кете берди. Үңкүйүп отуруп калган таякеси чочугансып “Жалгыз жаткандан коркпойсуңбу?” деп сурады.

“ – Эмнеден коркмок элем. Бул үйдө желмогуз бар беле. – Эми апа дейин деп дей албай. – Ал төркүнүнө кеткенде жалгыз эле жатчумун.

- Анда үч-төрт күндөн кийин биротоло көчүрүп кетем, - деди таякеси жалгыз калган эчкини эшегине өңөрүп жатып.

- Үйчү?

- Колхоз сырттан келген мугалимдерге үй таппай жүрөт, башкарма ошолорго беребиз деген.

Өзүнөн башка эч ким жок. Үй эңгиреп калды, жалгызсырады. Буулукту. Көзүнө жаш тегеренип ыйлап кирди. Эч ким жок жерде каалашынча өксөп-өксөп ыйлап жатып уйкуга киргенин да билбей калды. Ойгонду. Маңдайындагы шыпка көзү түшүп тургусу келбей бир топко чейин жатты. Эртеси кошуна кемпир келиптир, жеңине эки жумуртка, бир сындырым нан салып алыптыр. Келиним көрбөсүн десе керек”.

Таякеси кечикти, ага чейин мектепте окуткан эжекеси келип Эркебайды балдар үйүнө алып бармай болду. Ал жерден деле жолу болбоду. Эжесинин сүйлөшүп койдум деген башчысы орун жоктугун айтып, кечигип барган төрт-беш бала менен убактылуу бир аялдын үйүндө жатып турушун тапшырды. Шумпай ал жерден да жолу болбой эртеси эле айылына баса берди. Ире-шире күүгүмдө үйүнө жеткен кезде курсагынын аябай ачканын сезди. Кайрадан уурулук кылып зыкым келиндин тандырдан жаңы үзүлгөн ысык нанынан экөөнү коюнуна сала коюп аз жерден ичин күйгүзүп ала жаздады. Ошол күнү таякеси келип шумпайды алып кетти. Чоюн башкарманы ошол жерден көргөн.

Ленинграддагы жашоо

Мектептен жетинчи классты аяктагандан соң колхоздун арабакечи болуп иштеди. Аттарын семиз багып, арабасын майлап айылдагы кадырлуу кишилердин бири болуп калган чагында аскерге чакыруу кагазы келди. Атасы согушта курман болгон жерге келип, таза кийим кийип, курсагы тоё тамак жеп, аскердик турмушка тез эле көнүп кетти. Ленинградды көрдү, суу аскеринин үч жылдык кыйынчылыгы деле билинбей, чоң шаардан биротоло турук алып, аскер дарыгерлик окуусун бүтүп, жергиликтүү кызга үйлөнүп киши катарына кошулду. Иши да, үй турмушу да жакшы болду, бир гана тууган жерге сагынычы күчөп, чыдай албай койду. Балдары менен орус аялы айылына барбай коюшту.

Шумпай чогулткан акчасына келишкен ак “Волга” сатып алып айылына өзү жалгыз келди. Бул жерде баары өзгөрүп, машинедеги жашамал кишини эч кимиси тааныбады. Бала кезинде ойночу дөңсөөсүн эңсеп келсе арыда бир аксакал чөп чаап жаткан экен.

Бүшүркөгөн аксакал “текшерип келчү чондорбу, азыркы чоңдордун кимдин эмне иш кылып атканы менен иши деле жок, ким болду экен” деп турган. Экөө учурашты, кыйлада барып “шумпай” келгенин уккан чал баягы Чоюн башкарма экен. Эркебай шумпай эч нерсесин жашырган жок.

“Келем. Уулум да, кызым да жогорку билимдүү болушту. Энеси менен тирилигин кыла беришет. Менсиз күнү өтпөй калмак беле? Жашымда жетим калган менен деле кудайдын кудурети менен өлбөй эле жүрөм. Алар энесин эптеп карап алышар. Менден да кабар алып турушар эси болсо. Ата журтка келбесе болбойт экен. Айрыкча жаш улгайган сайын ата журтум түшүмө көп кирип, көп ойлончу болдум. Түш көргөн сайын айылымда эле жүрө берем. Балалыгым эстен кетпейт”.

Тууган жерине биротоло келген шумпайга Чоюн башкарма: “Ырас болуптур сага ылайык сулуу жубан бар, бир кыздуу ошого үйлөнтүп коём” деди. Шумпай анысына да макул болду. Ушул дөбөдө бала кезинде Эркебай эчкилерин откозгону келип, алыска-алыска сугулуп карачу. Ошол алыска колу жетти, билимдүү болду, турмушту тааныды. Атасы түбөлүк жайын тапкан жерде иштеди. Жаш өйдөлөгөн сайын туулган жери аны өзүнө чакырып, кусалыгы арылбай туруп алды. Баарын таштап айылына баса берди, эми канча өмүрү болсо, аны туугандарынын арасында өткөрүүнү чечти. Жакшы эле иш го, шаарга кеткендердин баары эле карыганда айылына кайтып атыптырбы!

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (2)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG