Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:23

Бишкекте билим берүү адиси Ари Покканын китебинин бет ачары өтөт


Солдон оңго карай Bugupress басма үйүнүн жетекчиси Жаныбек Абидетегин, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров (ортодо) жана билим берүү адиси Ари Покка.
Солдон оңго карай Bugupress басма үйүнүн жетекчиси Жаныбек Абидетегин, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров (ортодо) жана билим берүү адиси Ари Покка.

Билим берүү тармагындагы дүйнөлүк алдыңкы эксперт, финляндиялык Ари Покка Кыргызстанга келди.

Ал 14-15-май күндөрү Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева жана бул тармактагы адистер менен жолугушту.

16-май күнү Бишкекте анын "Мыкты мектеп. Мектепти финдердей башкаралы" китебинин бет ачары автордун катышуусунда өтөт. Китепти Bugupress басма үйү кыргызчалаган.

"Мыкты мектеп. Мектепти финдердей башкаралы" китебинде автор 20 жылдык тажрыйбасы менен бөлүшүп, мектепти ийгиликтүү уюштуруп, башкаруу сырларын айтып берет.

Китептин бет ачар аземин Билим берүү жана илим министрлиги менен Bugupress басма үйү биргеликте уюштурууда. Иш-чара саат 10:00дө "Орион" мейманканасында өтөт. Ага билим чөйрөсүндөгү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер жана жалпы окурмандар катышса болот.

Ари Покка - өнүккөн өлкөлөрдүн билим берүү системасын реформалоо программаларынын
мүчөсү. Мектептерди жаңы нукка алып чыга алган эл аралык адис катары таанымал.

Расмий маалыматка таянсак, Кыргызстанда 2350дөй мектеп бар, аларда болжол менен 1,5 миллионго жакын окуучу билим алат.

Быйыл Билим берүү жана илим министрлиги мектептерге 12 жылдык окутуу системасын камтыган "Алтын Казык" программасын сунуштап, жол картасын иштеп жатканы кабарланган. Реформага ылайык, алты жаштагы балдар 100% милдеттүү түрдө мектепте билим алат. Ал эми мектепке даярдоо толугу менен мектепке чейинки билим берүү системасына өтөт. 10-11-12-класстарда кесипке багыт берүү иштери башталат.

2023-жылы Жалпы республикалык тестирлөөгө Кыргызстан боюнча 50 миңге чукул мектеп бүтүрүүчүсү катышкан. Орус тилдүү класстардан тест тапшыргандардын 72% босого баллдан жогору көрсөткүчкө ээ болсо, кыргыз тилдүү класстарда босого баллдан өткөндөрдүн саны 50% жеткен эмес. (ST)

XS
SM
MD
LG