Линктер

шейшемби, 22-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 09:18

«Сирияда өткөргөн күндөрүмдү унуткум келет»


Бомбалоодон кийинки Сирия. Январь, 2017-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Актөбөдөн 90 чакырым аралыктагы Кандыагаш шаарынын тургуну төрт баласы менен быйыл майда Сириядан алынып келген. Анын күйөөсү Жакынкы Чыгышта өлгөн.

«Халифат орносо адилеттик болот деп ишенчүбүз»

Ажар (келиндин аты өзгөртүлдү - ред) азыр төрт баласы менен Актөбөдөгү үйүндө жашайт. Бул үйүн алар Сирияга кетерде кулпулап салып эле кетишкен. Анын улуу эки баласы Казакстанда туулган. Кичүүлөрү Сирияда жарык дүйнөгө келишкен. Улуу баласы сегиз жашта, быйыл мектепке барды. Алты жаштагысы мектепке даярдоочу класста. Кичүүлөрүн келин өзү карайт.

Үчүнчү баласы 2015-жылы, апрелде Ажар күйөөсү менен Сирияга жөнөгөндө боюнда болгон.

«Биздин Сирияга кетип жатканыбызды эч ким билген эмес. Кайын журтума жана төркүнүмө кетерге бир күн калганда айттык. Кайненем азыр деле баласына нааразы. «Силерди да кыйнады, өзү да жок жерден өлүп калды» деп наалып калат».

Жаш үй-бүлө эки кичинекей баласы менен Кандыагаштагы үйүн кулпулап коюп, Алматыга, ал жактан Түркияга учкан. Стамбулда бир нече күн туруп, андан ары Түркиянын түштүгүндөгү Газиантеп шаарына барышкан.

«Күйөөм Актөбөдөгү мунай компаниясында оператор болуп иштечү. Сирияга кетерде ал эмгек өргүүсүнө чыкты. Анын алган акчасы Түркия менен Сириянын чек арасына чейин барууга жетти. Андан ары бизди чек арадан мыйзамсыз алып кирип кетишти. Ошондо Газиантептен бизге кошулган уйгур үй-бүлө чек арадан түрк аскерлерине кармалып калган. Алардын арасында да кош бойлуу келин бар эле».

Жаш балдарын ээрчиткен үй-бүлөнү Раккада да кучак жайып тосуп алышкан эмес.

«Күйөөм чакыруусуз, өзү эле барган. Ошондуктан башында ага ишенбей мамиле кылып жүрүштү. Бир нече убакыттан кийин ал толук текшерүүдөн өттү. Ага ишене башташты. Күйөөм ИМ тобунун лидери Абу Бакр ал-Багдадиге сырттан ант берди. Ошондон кийин ал согушкерлердин үй-бүлөлөрү үчүн тамак-аш ташып иштей баштады».

Сирияга Борбор Азиядан баргандар. Сүрөт соцтармактан алынган.
Сирияга Борбор Азиядан баргандар. Сүрөт соцтармактан алынган.

«Мен өлсөм ата-энеме кабар бер»

Ажардын күйөөсү 2017-жылы августта Сирияда өлгөн. Ал 27 жашта болчу. Ажар төртүнчү жолу кош бойлуу эле.

«Аскердик даярдыктан өткөн соң күйөөм Мадан шаарына кетти. Ал жакта да согушкерлер үчүн азык-түлүк жана башка нерселерди ташып иштеп жүрүптүр. Менин укканым боюнча ал реактивдүү миномёт менен аткылап жаткан учурда жарадар болуп, ошондон өлүптүр. Мага анын сүрөтүн жана видеотасма көрсөтүштү. Өзү да «мени «өлдү» деп кабар айтышса «сүрөт, видео көрсөткүлө» дегин» деп айтып жүрчү. Андан тышкары «мен өлүп калсам, ата-энеме сөзсүз кабар бер» дечү. Мен анын керээзин аткарып, кайын журтума кабар бердим. Аларга төртүнчү балам алты айлык боюмда экенин да айттым».

Ажар Актөбөдө коллежде окуп жүрүп турмушка чыккан. Бирок күйөөсүнүн каалоосу менен окуусун улантпай, таштап салган. Азыр Ажар эч кандай кесипке ээ эмес, туруктуу иштеген иши да жок.

«Мен террордук уюмдун мүчөсү болгон эмесмин»

Сириядан кайтып келген казакстандык аялдар өз ара сүйлөшүп турушат. Ажардын айтымында, Сирияда жесир калгандан кийин да ага ушундай эле абалда калган башка аялдар жардам берип турушкан. Ажар алардын ичинен өзгөчө Наз аттуу курбусун эстеп калган.

Сириядагы аял балдары менен. Ракка. Март, 2016-жыл.
Сириядагы аял балдары менен. Ракка. Март, 2016-жыл.

«Биз ал жакта күнүмдүк жашоо менен жашачубуз. Мен күнүгө «балдардын кардын кантип тойгузам» деген ой менен гана ойгончумун. Мен тамак издеп кеткенде балдарым бомба алдында калбасын деп коркчумун. Менин курбум Наз өзүнүн балдарына эртең эмне берерин билбесе да, тамак-ашы менен бөлүшчү. Ал жакта күн сайын бомбалар жарылып турчу, мен «кокус өлүп калсам балдарым не болот» деп кыжалат болор элем. Сириядагы казактардын өзүнчө амирлери бар эле, алар Даут менен Файз. Мага Файздын мурдагы аялы Айжан да аябай чоң жардам берген. Амирлер экөө тең чымкенттиктер эле».

ИМ тобу Раккадан чегинген сайын төрт балалуу Ажар да башкалар менен кошо качып жүрүп отурган. Акырында Сириянын чыгышындагы Багуз аймагына барып туруп калышкан.

«Багузду бомбалай башташканда биз Евфратты жээктеп, жөө качып жөнөдүк. 2019-жылдын мартына чейин биз ачык талаада эле жатып жүрдүк. Сирияда кыш болбогону менен суук сөөгүбүзгө жетчү. Тамак, отун жок эле. Балдарым тоңуп калбасын деп алардын кийимдерин жактым, сумкаларымды өрттөдүм. Жээктен камыш терип келип, балдарыма ун кууруп берчүмүн. Кебек жедик. Айтор эптеп аман калдык... »

2019-жылы жазында күрт козголоңчулары Багуздан качкын аялдар менен балдарды алып чыга башташкан. Ажардын айтымында качкындарды бир эле күндө 80 жүк ташуучу машинеде ташышкан.

«Жолдо машиналар бузулуп калып жатты. «Аль-Хол» лагерине чейин Багуздан төрт күндө араң жеттик. Лагерде да жашоо жеңилдеген жок. Күндүз ысык, түнкүсүн балдардын коопсуздугун ойлоп, уктабай чыкчубуз. Күрттөр түн ичинде биз жаткан чатырларды тилип кирип келип, колго урунган буюмдарыбызды алып кетишчү. Алардан коркуп, жатарда биз таяк, союл жана башка нерселерди баш жагыбызга коюп жатчубуз. Аялдар коргонуу үчүн түндө нөөмөт менен уктабай чыгышчу».

«Балдарым документ алса, аларды дарылатам»

«Жусан» операциясы аркылуу Казакстанга кайтарылган Ажар азыр Актөбөдөгү өзүнүн үйүндө төрт баласы менен жашайт. Аларды кайын журту багат. «Шанс» деп аталган реабилитациялык борбордо Ажардын улуу эки баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн жаңылап беришкен. Учурда Ажар Сирияда төрөлгөн балдарынын документтерин күтүп жаткан кези.

Сириядан кайтарылган балдар реабилитациялык борбордо. Казакстан, 2019-жыл.
Сириядан кайтарылган балдар реабилитациялык борбордо. Казакстан, 2019-жыл.

Ажардын айтымында улуу баласы Сирияда көп ооручу, кулагы укпай калган учурлар болгон. Дагы эки баласы октун чачырандысынан жаракат алган.

«Балдарымдын улуу экөө жугуштуу оорулар менен көп оорушту. Улуу баламдын бир кулагы укпайт. Баарынын документтери бүтсө, аларды дарылатам», - дейт Ажар.

Балдардын баары тең Сирия тууралуу кеп кылганды жактырышпайт. Ажар өзү да ал жактагы азаптуу күндөрүн тезирээк унутууну каалайт.

Теолог Төлөгөн Талдыбаев беш айдан бери реабилитациялык борбордо Сириядан кайтып келгендер менен иштейт. Анын айтымында, кайтып келген аялдардын көпчүлүгүндө барар жери жок. Туугандарыныкында, кайын журтунда турушат. Айрымдарын туугандары кабыл албай коюшкан.

«Расмий позициядан карасак, Сириядан кайтып келген аялдардын баары эл аралык террордук уюмдун мүчөсү болушкан. Бирок биз булар Сирияда товар сыяктуу болушканын да эске алышыбыз керек. Алардын күйөөлөрү ИМ тобунун лидерине ант берген болсо, демек алардын аялдары да ант берди деп эсептелген. Чыныгы иш жүзүндө Казакстандан баргандар Абу-Бакрды көргөн да эмес».

2019-жылы майда «Жусан» операциясынын негизинде Казакстанга Сириядан 12 аял жана 27 бала кайтарылган.

Расмий маалыматтар боюнча Казакстандан Жакынкы Чыгышка чыгып кеткен жарандардын жалпы саны 800гө жакын. Алардын 250сү аялдар, 500гө жакыны жаш балдар.

«Жусан» деп аталган гуманитардык операциянын негизинде 2019-жылы Казакстанга Сириядан 516 адам кайтарылган. Алардын ичинде 360 бала бар.

Сириядан кайтып келгендердин айрымдарына кылмыш иши козголгон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (6)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG