Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 7-апрель, 2020 Бишкек убактысы 11:42

Сириядагы кандуу тогуз жыл


Идлибдеги кармаштан качкандар. 10-март, 2020-жыл.

Сириядагы согуштун башталганына туура 9 жыл болду. Бул жылдардын аралыгында президент Башар Асад козголоңчулар менен күрөштө Орусиянын жана Ирандын аскердик, саясий колдоосу менен кайрадан бийлигин күчөтүп алды.

Жарандык согуш 2011-жылдын 15-мартында сириялыктар президент Башар Асаддын өкмөтүнө каршы көтөрүлүп, нааразылыгын билдирип чыкканда башталган. Бийлик ал нааразылык акцияларын аёосуз баскан.

Бириккен Улуттар Уюмунун Сирия боюнча атайын чабарманы Гир Педерсен «Сирия элинин бул кандуу жана коркунучтуу он жылдыкта чеккен азабын азыр да түшүнүү кыйын» деп 15-марттын алдында билдирди.

Антонио Гутерриш. 2018-жыл.
Антонио Гутерриш. 2018-жыл.

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш «Куралдуу кармаштардын декадасы кыйроо менен жапа чегүүдөн башка эч нерсе алып келген жок», деп «Твиттерге» жазды.

Cогуш 370 миңден көп кишинин өмүрүн алып кетти, миллиондогон жайкын кишини качкын-бозгунга айландырды.

Тирешүү дүйнөлүк державалардын ортосундагы прокси-согушка да алып келди. Москва менен Тегеран Асаддын режимин колдошсо, АКШ жана Түркия түрдүү козголоңчу топтордун таламын талашууда.

Бирок сөз болгон бардык өлкөлөр «Ислам мамлекети» экстремисттик уюмуна каршы күрөшүп келишти. Радикал согушкерлер Сирия аймагындагы бардык таянычтарынан сүрүлүп чыкканы менен айрымдары дагы эле Идлиб чөлкөмүндө кала беришүүдө.

«Революциянын тогуз жылы биз кандай кыйынчылыктарга, бомбалоого, өлүмгө, бозгун жашоого туш болгонубузду көргөзүүдө. Мен университетти, ракета чабуулунан кыйраган үйүмдү таштап кетүүгө аргасыз болдум. Биз баарын жоготтук», - деди AFP агенттигине Идлибде жашаган 30 жаштагы укук коргоочу активист Хала Ибрагим.

Орусиянын авиациясы колдогон Сириянын өкмөттүк күчтөрү акыркы айларда Идлибде калган козголоңчулардын буталарын бомбалаганда 500дөй карапайым тургун, түркиялык ондогон аскер набыт болду. Анкара чек арасына жакын ал аймакта буфердик тилке түзүүнү көздөйт. Түрк аскерлеринин өлүмүнөн кийин эки өлкөнүн ортосунда куралдуу кармаш башталышы ыктымал деген коркунуч пайда болгон.

Сириянын Түркия менен чек ара аймагындагы качкындар лагери.
Сириянын Түркия менен чек ара аймагындагы качкындар лагери.

БУУнун маалыматына ылайык, өткөн декабрдан бери Идлиб аймагынан миллиондой киши жан аргасы үчүн качууга аргасыз болгон. Муну менен гуманитардык кризис жаралып, качкындардын дагы бир толкуну Европага карай агылды.

Айдын башында атышууну токтотуу боюнча келишим түзүлүп, түрк жана орус күчтөрү Идлибдин айланасын чогуу күзөтүшмөк. Бирок ал макулдашуу улам бир жерде бузулуп келатат.

15-мартта биргелешкен патруль Ал-Хасак менен Алеппону байланыштырган М-4 кан жолун кайтарууга чыкканы кабарланды. Бирок согушкерлер активдүү болгондуктан алардын маршрутун кыскартууга туура келди.

БУУ касташкан тараптардын ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүгө ортомчулук кылып келди. Өз кезегинде Орусия, Түркия жана Иран 2015-жылдан бери «Астана сүйлөшүүлөрүнө» катышууда, бирок согушту токтотуунун жолдору табыла элек. Жолугушуулардын жаңы айлампасы ушул мартта болмок, бирок казак тышкы иштер министри Мухтар Тилеуберди кездешүү пландалган мөөнөттө өтпөй турганын 10-мартта билдирди. Министр мындай чечимдин себебин түшүндүргөн жок.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG