Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-август, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 13:55

Ош-Ысык-Көл: аймактарга медиктер абадай керек


Чоң-Алай.

Эксперттер илдет күчөп турган маалда эң алыскы райондорго алдын ала көңүл буруу зарылдыгын, антпесе кесепети кооптуу болорун эскертип жатышат. 

Ош: Илдеттен корккон эл жайлоого качууда

Ош облусуна караштуу Чоң-Алай райондук ооруканасында 20 чакты дарыгердин бешөө коронавирус жугузуп алды, бир дарыгердин абалы оор. Аймактык бейтапкананын жетекчиси алар кошумча күчкө муктаж экенин айтууда.

Чоң-Алай районундагы оорукананын башкы дарыгери Исламидин Бакиров пандемияга чейин эле дарыгерлер жетишпей жатканын райондогу ооруканада азыр он чакты гана дарыгер калганын билдирди:

«Дарыгерлерден төртөө илдет жуктурду, дагы бири Ошто дарыланып жатат. Жалпысынан бешөө. Врачтар жетишпейт. Мурда да жеткиликтүү болгон эмес. Азыркы күндө өзгөчө билинип жатат. Себеби, ар бир мобилдик топко бирден дарыгер бөлүнүп кеткенде эле, үч врачыбыз чыгып кетип жатат. Андан сырткары бизде изоляция, обсервация бар. 100 керебеттүү күндүзгү стационардык борбор ачтык», - деди Бакиров.

Беш дарыгерден сырткары илдет ооруканада иштеген беш медайымга, бир санитардык кызматкерге, оорукананын карамагындагы санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун бир дарыгерине жуккан.

Исламидин Бакиров азыркы кырдаалда ооруканага кошумча күч керек экенин айтып жатат.

«Чакыруу болгон жерге беш мүнөт ичинде бара турган болсо, азыр жарым саатка созулуп кетүүдө. Кошумча күч албетте керек. Азыр ординатурада окуган эки киши келди. Дагы төрт киши байланышты, бирок алар биз сунуштаган акчага иштеп беришеби же жокпу айта албайм».

Улукбек Карыбек уулу.
Улукбек Карыбек уулу.

Чоңалайлык активист Улукбек Карыбек уулу азыр жергиликтүү бийлик аймактагы кырдаалга туура баа берип, алдын ала коргонуу чараларын көрбөсө, кесепети кыйын болорун эскертти.

«Башкы дарыгердин, жергиликтүү бийликтин шалаакылыгынан дарыгерлердин баары COVID-19 менен ооруп калды. Ал жактагы элди кудай сактасын, баары жайлоого качып жатышат. Эгерде Бишкектегидей же Оштогудай массалык түрдө жайылып кете турган болсо, абдан кейиштүү кырдаал жаралат. Кудай сактасын, эл барып көрүнөбүз деп калса, карай турган дарыгер да жок», — деп айтты Карыбек уулу.

Чоң-Алай райондук ооруканасынын башкы дарыгеринин маалыматында 9-июлга чейин райондо 61 кишиден COVID-19 аныкталган. Алардын арасында дарыгерлер, медициналык кызматкерлер жана район акими Жумадилла Жапаров орун басары менен эки айыл өкмөт башчысы да бар.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы өлкөнүн бардык региондорунда дарыгерлер жетишпей жатканын, азыр ар кандай себептер менен мурда иштебей калган медиктерден өйдө ишке тартуу аракети көрүлүп жатканын билдирди.

Өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбек кызы медициналык окуу жайлардын жогорку курстарынын студенттери жана иштебей жүргөн медициналык билими бар тургундар аныкталып жатканын айтты.

«Аларды онлайн окутуп, тажрыйба топтотуп, даярдоо тапшырмасы коюлган. Айыл өкмөттөр алардын аттарын тактап, кимдер бар экенин издеп жатышат».

Деген менен Ош шаары COVID-19ду жугузуп алгандардын саны боюнча Бишкектен кийинки орунду ээлейт. Ооруканаларда орун жетишпегенинен улам калаадагы «Классик», «Санрайс» мейманканаларынан тарта мектеп, окуу жайлардын имараттары стационардык борбор катары ачылды. Жалпысынан 700 кишиге орун даярдалды.

«Аябай кооптонуп, кудай сактасын деп эле жашап жатабыз. Элдин баары өзүн сактаса болмок. Бирок элге маалымат жетпей жатабы, айтор көчөдө беткабы жок жүргөндөр өтө көп. Азык-түлүк саткан дүкөндөрдөн башкасын жаап турса жакшы болмок», - деди Ош шаарынын тургуну Акбалык Жумалиева.

Ал эми санитардык дарыгер Мамарасул Өмүрзаков болсо, кооптонууга негиз жок деп ынандырууда:

«Шаардыктар башында эрежелерди сактабай ушундай абалга келип калдык. Бирок абал оор болсо да көзөмөлдө. Эгерде биз эрежелерди убагында сактап, башка кишилер менен байланышта болуудан кармансак — бул оору жеңилет. Шаардагы абалга чочулоонун кереги жок. Ошондой болсо да элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү абзел. Зарыл ишиң болбосо, үйдө отур дешибиз керек. Эрежелердин баарын так аткара турган болсок, коркууга негиз жок».

Ысык-Көл: Түптүн тургундары кабатыр, жаштардын демилгеси

Ысык-Көлдө өпкөсү кагынып, андан тышкары коронавируска кабылгандардын 355и ооруканаларда дарыланып жатат. Каракол шаарындагы облустук бириктирилген ооруканасында бейтаптар үчүн орун жок калды. Дарыгерлердин жетишсиздигинен кошумча орундарды кеңейтүү шарты да болбой жатат.

Түп районундагы Талды-Суу айылынын тургуну Нурдан Кожогуловдун айтымында, айылда миңден ашык түтүн жашайт. Ысык-Көлдө коронавирус илдетинен каза тапкан алгачкы бейтап ушул айылдан катталган.

«Чындыгында абал оор. Борбордогудай медиктер көп эмес, дары-дармекти Караколдон же Түптөн алышыбыз керек. Медиктердин ден соолугун кудайдан тилеп отурабыз. Мурдагыдай той-топур уюштуруп, ага барган деле киши жок. Өлүм-житим болуп калса деле саналуу киши барат. Айыл жаштары социалдык тармактардагы атайы топторго "жөнү эшикке чыкпагыла" деп жазып жатышат».

Түп райондук ооруканасында коронавирус илдети менен жаткан 13 адам дарыланууда. Алардын ичинен бешөөнүн абалы оор. 70 миңге чукул калкы бар райондо 130 орундуу күндүзгү стационар жана 60 орундуу обсервация даярдалган.

Ысык-Көлдөгү стационардык борбор.
Ысык-Көлдөгү стационардык борбор.

«Бизде пансионат, эс алуучу жайлар жок. Маякта балдар лагери бар, ал жерде суу чыкпайт же оорулуу балдар үчүн жакшы шарттар жок. Мындайча айтканда, облус боюнча аксап турган райондо жашайбыз. Азыр агамдын үй-бүлөсү ооруп жатышат. Грипп же вирус экенин билбейбиз. Айылдагы дарыгерлер асма укол куюп, дары берүүдө. Дары-дармекти болсо өзүбүз алабыз. Алар айткан дарыны ары чапкылап, бери чапкылап издеп жүрөбүз, Караколдун деле дарыканаларында дарынын көбү жок», - деди Түп районунун тургуну Мээрим Иманова.

Ал эми Тоң райондук ооруканасында азыр 45 адам коронавирус илдети жана өпкө кагыны менен күрөшүүдө. Район акими Данияр Арпачиев, бул ооруканада 10 кычкылтек концентратору болгонун, активисттердин жардамы менен абал кыйла жеңилдеп калганын айтты:

«Райондун активисттери дагы 19ду алып беришти, ошону менен 29 кычкылтек концентраторубуз бар. Өзүбүз дагы Кумтөр ишканасына кайрылдык, чечилип калса дагы онду алабыз деп турабыз. Жаштар, активисттер медиктердин да коргонуучу каражаттарын, айлыгына кошумча акчасын төлөп беребиз деп жатышат, ар бир айылдан улан-кыздарыбыз жардамга колун сунушту. Социалдык тармактарда "алыскы айылдарда абал оор, ооругандар каралбай калды" деп жазып жатышат. Чындыгында андай эмес. Райондун өйдөңкү өрөөнүндө абал жакшы, бир-эки бейтап бар, алар күнү-түнү жергиликтүү медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө, дары-дармеги убагында берилип жатат. Тескерисинче, райондун борбору, ага жакын айылдарда ооругандар көбүрөөк».

Жер-жерлерде активисттер тобу райондук жана шаардык ооруканаларга жардамга келди. Алардын көбү кычкылтек концентратору жана дарыгерлердин коргонуучу каражаттарын алып жатышат. Бул аракеттер да аздык кылышы мүмкүн деген айрым жаштар биригип, өз алдынча жашаган айылы же райондо “ички мыйзамдарды” киргизүүдө.

Чолпон-Ата шаарынын тургуну Айбек Орозакуновдун айтымында, Ысык-Көл району жергиликтүү жаштардын чечими менен 10 күнгө обочолонду.

«Оору күндөн күнгө күчөп баратат. Жолду жапкыла, эч кимди киргизбегиле деп район башчысына жана өкмөттүн облустагы өкүлүнө кайрылганбыз. Бирок алар "жолду жапканга болбойт" дешкенинен элибизди сактап калалы деп сүйлөштүк. Биз эми 10 күн эшикке чыкпайбыз, чечим бүгүнтөн баштап ишке аша баштады. Ар бир айылга атайын эки жеңил автоунаа койдук, алар айыл элинин муктаждыктарын аткарып турушат. Мисалга, кимге азык-түлүк керек болсо ошону алып келип берет».

Ысык-Көлдөгү облустук ыкчам штаб 10-июлдан тарта облустагы айылдар аралык жана аймактар аралык жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунаалардын каттамдарын токтотуу чечимин кабыл алды.

Кыргызстандын жети облусундагы абал менен төмөндөгү көзөнөктөн тааныша аласыз.

Мечиттерде жума намаз окууга он күнгө чектөө киргизүү сунушу айтылды. Азыркы тапта Ысык-Көл облусу боюнча 500гө жакын медицина кызматкери коронавирус илдети менен күрөшүүгө тартылган. Өлкөдө пандемия башталгандан бери аймактагы 60 медицина кызматкери бул илдетти жугузуп алып, бир дарыгер кайтыш болду.

Жалпы Ысык-Көл облусунда 193 кычкылтек концентратору жана өпкөнү жасалма дем алдыруучу 45 аппарат бар болчу. Облустун активдүү жарандары жана Бишкектеги активистерден келген кычкылтек концентраторунун жалпы саны кырктан ашык экенин өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн кошумчалашты. Азыр облус боюнча ооруканаларда 355 киши коронавирус жана өпкө кагынынан дарыланып жатат.

Биз жана дүйнө: Коронавирус кризисинен кантип чыгабыз?

10-июлда Кыргызстандын ооруканаларында коронавирустан алты, пневмониядан 40 бейтап каза болду.

Пандемия башталгандан коронавирус жалпысынан 9358 адамдан табылды, алардын ичинен 122 бейтап кайтыш болду, 3134 бейтап айыгып кетти.

Пневмония менен март айынан бери 3829 адам ооруканага жаткырылганы 9-июлда айтылган. Бул илдеттен каза болгондордун саны коронавирус эпидемиясы башталгандан бери 350 адамга жетти.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG