Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-август, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 23:05

Убактылуу ооруканалардын убарасы


Бишкектеги убактылуу ооруканалардын бири.

Бишкек шаарынын төрт районуна ачылган күндүзгү стационардык борборлорго акыркы эки күндө 3,5 миңден ашуун адам кайрылган.

Бишкек мэриясы ал борборлорго кайрылган бардык бейтаптарды кабыл алып жатканын, андан сырткары шаардын башка райондорунда да кошумча орундар ачылганын билдирди. Адистер убактылуу ооруканалар өтө зарыл, бирок ошол эле учурда вирустун очогуна айлануу коркунучу бар экенин эскертишет.

Бишкектин төрт районундагы спорт залдарда ачылган убактылуу күндүзгү ооруканалар 5-июлдан бери иштеп жатат. Аталган борборлор курч респиратордук вирустук инфекциянын, пневмониянын же сасык тумоонун биринчи белгилери пайда болгон жарандарды кабыл алууда.

Дарыгер издеген бейтаптар

Бишкек шаарынын тургуну Гүлжан Кыдыралиева сасык тумоо болуп ооруп, дене табы көтөрүлгөндөн улам убактылуу күндүзгү стационарга кайрылууга аргасыз болгон.

«Келип кезекке туруп, дарыгерден көрсөтмө алып азыр асма ийне алып жатам. Ооруну күчөтүп албайын деп келип, дарыланып жатам. Бул жерде эми шарты жакшы эле. Анча-мынча мүчүлүштүктөр бар. Бирок негизинен жакшы. Медиктерге чоң рахмат. Бизге дары ийнелерди сайып берип, жакшы мамиле кылып жатышат».

Бишкек шаарынын дагы бир тургуну Ырысбү Кылычбек кызы эки жумадан бери ооруп жатат. Ага өпкөсү кагынган (пневмония) деген диагноз коюлган. Буга чейин дарыгер «үйдөн дарылан» деген көрсөтмө берген. Дары-дармегин көтөрүп алып ал кайда барарын, кимге ийне сайдырарын билбей убара болгон. Айласы кеткенде Бишкектеги күндүзгү стационарга ийне сайдырууга барып, бирок кезек көп болгондуктан кире албай калган. Акыры оорусу күчөп ооруканага түшкөн.

«Стационарга дарыгердин көрсөтмөсүн алганда эле баргам. Дене табым да көтөрүлүп турган. Кезек аябай көп экен. Адамдар өздөрү эле кезек түзүп, жеңил ооруганы деле, кыйналып турганы деле күтүп турушуптур. Биз күткөн менен ичине кире албай койдук. Кечээ кечинде өтө кыйналып, ооруканага түшүп калдым. Азыр дары-ийне алып абалым бир аз жакшы», - деди Ырысбү Кылычбек кызы.

Социалдык тармактарда убактылуу күндүзгү ооруканаларга кезек күткөндөрдүн сүрөттөрү чыгып, орун жетишсиз болуп жатканы айтылууда.

Мэриянын басма сөз кызматынын башчысы Гуля Алмамбетова күндүзгү стационарлар бир бейтап тамчылатма дарыны бир, бир жарым саат алгандыктан, кезек күткөндөр көп болуп жатканын айтып буларга топтолду:

«Стационарга бейтаптар эки кезекке туруп жатышат. Биринчиси - жаңыдан ооруй баштагандар. Алар ошол жердеги дарыгерлерден кеңеш алышат. Экинчиси - дарыгерлерден көрсөтмөсү бар бейтаптар. Бул бейтаптар ийне же тамчылатма дарыларын алып жатышат. Бул жерге кайрылган бейтаптардын негизги диагнозу - пневмония. Оор абалдагы бейтаптар да келип жатышат. Биз коронавирус же ал эмес деп бөлбөй бир зонада карап жатабыз. Бир бейтап тамчылатма дарыны бир, бир жарым саат алгандыктан, кезек күткөндөр көп болууда. Дарыгерлер болсо коргонуучу кийимдер менен камсыз болушкан. Саламаттык сактоо министрлигинин каражатына 30, жеке ишкерлердин колдоосу менен жети концентратор алынды. Бул стационарларда өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар жок. Анткени бул аппарат жалаң гана реанимацияда колдонулат».

Алмамбетова кайрылган адамдар көп болгондуктан ишкерлердин жардамы менен шаардагы мектептердин имаратына дагы кошумча төрт стационардык түйүн ачылганын кошучалады. Бул түйүндөр 9-июлдан тартып саат 8:00дөн кечки 20:00гө чейин бейтаптарды кабыл ала баштайт. Бейтаптар өздөрү дары-дармегин ала келиши керек. Андан сырткары, ар бир стационарда убактылуу дарыканалар орнотулган.

Бишкек мэриясы күндүзгү убактылуу стационарларга медициналык кеңеш алууга, ийне сайдырууга жана тамчылатып дары сайдырууга муктаж болгон адамдар кайрылса болорун, стационарлар оор абалдагы бейтаптар үчүн ылайыкташтырылбаганын эскертет. Буга карабай убактылуу күндүзгү ооруканалар ачылганына үч күн болсо, оор абалда келген төрт бейтап каза тапты.

№6 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси Асел Теңизбаева учурда Бишкектеги убактылуу стационарда иштеп жатат. Дарыгер иштеген борборго бир күндө 600гө жакын бейтап кайрылган.

Асел Теңизбаева.
Асел Теңизбаева.

«Бир күндө 600дөн киши келип жатышкан, - деди ал. - Азыр 300гө жакын адам келип жатат. Бейтап келсе, эгерде бардык анализдери жана рентгени бар болсо дарыгерлер атайын көрсөтмөлөрдү жазып беребиз. Убактылуу станционарларда дарыканаларды ачып коюшкан. Ошол жерден дарысын сатып алып, анан медайымдарга кайрылып ийне же асма ийне алып жатышат. Эгерде анализдери жок болсо, биз алгач биринчи жардамды көрсөтүп анан, анализдерин тапшырууга жөнөтүп жатабыз. Айыгып кеткен бейтаптар болуп жатат. Жумуш өтө оор. Ар кандай адамдар келип жатат. Психикалык жактан чыдабай кыйкырып, урушкан, нерви өтө жука кишилер да келип жатат. Бирок биз оорулууларды азайтыш үчүн баарына чыдап иштеп жатабыз. Үйгө барбастан, биз үчүн мэрия даярдаган мейманканаларга барып жатабыз. Башында баарыбыз иштеп жатканбыз. Азыр кезектешип иштөөгө өттүк. Эртең мененки саат 8:00дөн 14:00гө чейин, экинчи нөөмөттөгүлөр 14:00дөн түнгө чейин иштеп жатышат. Кээде түнкү саат 11, 12ге чейин иштеп жатабыз. Келген бейтаптарды кантип «кет» дейбиз? Ошон үчүн түнгө чейин калып, иштеп жатабыз».

Бишкек шаарынын саламаттык сактоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, учурда ар бир убактылуу ооруканада жети-сегиз дарыгер, кээ бир стационарда сегиз, айрым борборлордо 14 медайымга чейин иштеп жатат. Аймактардан келген медицина кызматкерлери да аталган борборлорго тартылган.

Сынга калган иш

Адистер убактылуу ооруканалар шашылыш уюштурулгандыктан көп мүчүлүштүктөр кеткенин айтып, борборлор вирусту таратуучу жайга айланышы мүмкүн экенинен кооптонуп турушат. Өкмөттүн чабал ишин сындагандар да кездешет.

Учурда Германиянын Хекстер шаарында реаниматолог болуп иштеп жаткан Аскат Түркбаев Кыргызстандагы убактылуу ооруканалар шашылыш уюшулганын айтты:

Аскат Түркбаев.
Аскат Түркбаев.

«Германияда ушундай убактылуу ооруканаларда жолчырак деген система бар. Кызыл, сары жана жашыл деп бейтаптар үч категорияга бөлүнөт. Мында медайым келген бейтаптын алгач дене табын, кан басымын жана кандагы канттын деңгээлин текшерип көрүп, анан топторго бөлөт. Эгер бейтаптын оорусу жеңил болсо ал үйүндө дарыланууга, оор бейтапты дароо ооруканага «Тез жардам»​ менен жөнөтүп, орточо бейтаптарды гана убактылуу ооруканада калтырат. Анткени дүрбөлөңгө алдырган киши да энтигип дем ала берет. Анын баарын ушундай ыкма менен аныктап койсо, дарыгерлерге жеңил болот. Анан кандагы кантты текшерип эле оорунун башталганын байкаса болот. Себеби, кант диабети менен ооруган адамдын канындагы кант азайып кетет. Демек, бул бейтап дарыгердин көзөмөлүндө болушу керек. А бизде болсо керебет коюп эле «оорукана ачып койдук» деп сүйүнүп жатышат. Албетте, мындай ооруканалар керек. Бирок ал жерде жөнөкөй кан басымды же кандагы кантты текшерген аппарат жок деп айта алам. Анткени Кыргызстанда убактылуу ооруканалар шашылыш уюштурулду. Ал жерде баарын бирдей кабыл алып жатышыптыр. Бул ошол жердеги иштеп жаткан дарыгерлерге өтө оор жүк болот. Бул борборлор дарылап, бирок ошол эле учурда атайын иштөө тартиби жок болсо вирустун жугуу очогуна айланып кетиши мүмкүн. Ар бир өлкө убактылуу оорукана салган. Бирок алар алдын-ала даярданып, иштөө алгоритмин түзүп чыгышкан. Ошондуктан ооруну ооздуктоо оңой болууда».

Көздөн учкан заманбап ооруканалар

Кыргызстанда комплекстүү атайын оорукананын жоктугу азыркы учурда абдан сезилип жатканын президент Сооронбай Жээнбеков 8-июлда Бишкекте убактылуу ачылган стационарлардын бирине барганда айтты.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, Жээнбеков Бишкекте медициналык тейлөөнүн бардык түрү боло турган комплекстүү клиника салынарын билдирди:

Сооронбай Жээнбеков дарыгерлер менен. Бишкек. 8июль, 2020-жыл.
Сооронбай Жээнбеков дарыгерлер менен. Бишкек. 8июль, 2020-жыл.

«Стационарлар - албетте, убактылуу объектилер, алар мындан аркы кырдаалга жараша иштейт. Азыркы абал калктын саламаттыгына кандай коркунуч бар экендигин көрсөтүүдө. Комплекстүү заманбап клиниканын жоктугу өзгөчө азыркы кырдаалда курч сезилип жатат. Бишкекте бардык медициналык кызмат көрсөтүлгүдөй комплекстүү клиника курабыз. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде заманбап оорукана салыш үчүн каражат бөлүүгө кызыккан инвесторлор бар».

Президент мындай заманбап ооруканалар бардык облустардын борборлорунда куруларын кошумчалады.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы март айынын ортосунда башталган. Ошондон бери коронавирус 8847 адамдан табылып, алардын 116сы кайтыш болду. Пневмония деген диагноз 3827 адамга коюлду, алардын ичинен 310 бейтап көз жумду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (3)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG