Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:34

Пандемияда президентке талап күчөдү


Президент Сооронбай Жээнбеков 8-июлда стационардык борборлордун бирине барды. Бишкек.
Президент Сооронбай Жээнбеков 8-июлда стационардык борборлордун бирине барды. Бишкек.

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу абал курчуган сайын бийликтен батыл кадамдарды талап кылгандар көбөйдү.

Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал курчуп, коронавирустан каза болгондор көбөйгөн шартта өлкөнүн Коопсуздук кеңеши кезектеги жыйынга чогулду.

6-июлда өткөн бул жыйында президент Cооронбай Жээнбеков өкмөттүн ишин сынга алып, абалды оңдоо аракети жетишсиз экенин айтты. Ал кыйын кезеңде иштеп жаткан дарыгерлерге жетиштүү кам көрүлбөй, уюштуруу иштери чабал болуп жатканын белгиледи:

«Чын дили менен иштеп жаткан дарыгерлерибизди бардык зарыл нерселер менен камсыз кылуу, алардын муктаждыктары боюнча так, туура маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги Республикалык штабга, мага айтып, зарыл болсо коңгуроо кагып, маселенин ыкчам чечилишин талап кылууга милдеттүү».

Мындан сырткары Жээнбеков Саламаттык сактоо министрлигине пандемияга байланыштуу абалдын өнүгүшү тууралуу прогноздорду даярдоону тапшырды.

Натыйжада Коопсуздук кеңеши дарыгерлерге камкордукту күчөтүү, керектүү медициналык жабдыктарды сатып алуу, жугуштуу ооруларды аныктай турган реагенттердин алты айлык запасын түзүү, өлкө боюнча бейтаптар медициналык жардам алчу жайларды ачуу, кошумча орундарды түзүү, дары-дармектин баасын көзөмөлдөө сыяктуу чечимдерди кабыл алды.

Президент Жээнбеков мурда эле айткандай, учурда өлкө боюнча кайрадан карантин киргизүү муктаждыгы жок деп табылды.

Коопсуздук кеңешинин жыйынан соң премьер-министр Кубатбек Боронов карантин элдин жашоо-турмушуна терс таасирин тийгизет деп түшүндүрдү:

«Бизде инфекциянын жайылышынын алдын алып, токтотууга бир гана жол бар. Ички тартипти жана санитардык нормаларды катуу сакташ керек. Өзүнөн жана үй-бүлөсүнөн мурда, ооруп жаткан бейтаптардын өмүрүн сактап калыш үчүн күнү-түнү иштеп жаткан медицина кызматкерлерине жардам бериш керек. Экономиканын көпчүлүк тармактарынын ишин токтотууга алып келген чектөө чараларын кайрадан киргизүү бул ишканаларга жана жарандардын турмушуна терс таасирин тийгизет».

Премьер-министр учурда өлкөдө аймак аралык каттамдарды чектөө каралып жатканын кошумчалады.

Пандемиядан улам адам өлүмү кескин көбөйгөн шартта Коопсуздук кеңешинен ыкчам чараларды күткөндөр арбын болчу. Соңку жыйындан кийин эксперт Руслан Акматбек Коопсуздук кеңешин «өзүнүн милдетине жараша чечимдерди кабыл алган жок» деп сындады:

Руслан Акматбек.
Руслан Акматбек.

«Коопсуздук кеңешин өлкөдө иш алып барып жаткан саясий институттардан, мамлекеттик органдардан бөлүп кароого болбойт. Мамлекеттик органдардын чама-чаркы, дарамети кандай экени белгилүү. Бир эле мисал: Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин бири - массалык иш-чараларды, тойлорду токтотуу, ага тыюу салуу болчу. Ал канчалык деңгээлде ишке ашып жатат? Тойду токтото албаган Коопсуздук кеңешинен эмнени күтсө болот? Бул барып-барып эле Коопсуздук кеңешинин төрагасы болгон президенттин татыктуу команда топтой албаганы, мамлекеттик органдардын ишин жөнгө сала албаганы, компетенттүүлүгү боюнча маселе козгоп, сынга негиз болууда».

Чынында акыркы кырдаал президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине сынды күчөттү. Учурда социалдык тармактарда эпидемиологиялык абалдын кескин начарлап кетишине өкмөт эле эмес, президенттин жоопкерчилиги да бар экенин айткандар арбын.

Өлкө башчысынын маалымат кызматы бул сын-пикирлерге расмий түрдө жооп кайтара элек. Бирок айрым гезит-сайттарда «Жарнамалык негизде» деген белги менен президентти жактаган макалалар жарыяланып жатат.

Саясий илимдердин кандидаты Орозбек Молдалиев акыркы кырдаалдын жаралышына бийликти гана күнөөлөй берүү туура эмес экенин айтты. Ал эпидемиологиялык абал жарандардын жоопкерчилигине да көз каранды болуп турганын эске салды:

«Коопсуздук кеңеши абалды талдап, ошого жараша чечим кабыл алып жатат. Бул жерде маселе жок. Бирок керектүү чечимдер кабыл алынган соң аны аткаруу жаатында кыйынчылыктар арбын. Ошон үчүн президент акыркы жыйында «дары-дармекти кымбаттаткан фармакологиялык ишканалардын тизмесин бергиле» деп талап кылды. Демек, өкмөттүн бул талаптары аткарылбай жатат. Бул жерде коомдун, ар бир адамдын жоопкерчилиги да начар болуп жатат».

Бийлик өлкөгө карантин киргизбегени менен Бишкектеги бир катар жеке ишканалар убактылуу ишин токтотту. Маселен, Бишкектеги «Дордой Плаза» соода борбору өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу 8-июлдан 19-июлга чейин убактылуу ишин токтото турганын жарыялады.

Ушул эле күнү баш калаадагы «Asia Mall», «Технопарк» соода борборлору, РИОМ автоунаа базары да эпидемиологиялык кырдаал оңолгонго чейин карантинге жабыла турганын билдиришти. 9-июлдан тарта «Айчүрөк» дүкөнү да убактылуу жабылары белгилүү болду.

Учурда ыктыярчылык милдетти аткарып жаткан ишкер Тилек Токтогазиев азыркы кырдаалда өкмөт бизнес менен эриш-аркак иштеши керек экенин айтууда:

Тилек Токтогазиев.
Тилек Токтогазиев.

«Азыр өкмөт бизнести душман катары көрүп, Финполду жиберип, «бааны көтөрүп атасыңар» деп тескеп атат. Бул жерде абдан этият болуш керек. Албетте, бизнести мен негизсиз коргобойм. Бирок бардык жагдайды эске алып, тескерисинче медициналык жабдык, дары-дармек ташыган ишканаларга колдоо көрсөтүү зарыл».

Былтыр декабрь айында Кытайдан тараган СOVID-19 инфекциясы дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүнө жайылды. Учурда бул илдетти 11 миллиондон ашык адам жугузуп алды, жарым миллиондон ашыгы каза болду. Кыргызстанда соңку суткада коронавирус менен өпкө кагынынан 57 адам каза болуп, антирекорд жаңырды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму акыркы күндөрү инфекция жуккандар көбөйүп жатканын кабарлады.

Казакстанда коронавируска байланыштуу абал начарлаганы үчүн карантин киргизүү тууралуу чечим өткөн жумада кабыл алынса, Өзбекстан 10-июлдан тартып 1-августка чейин карантин жарыяларын билдирди.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG