Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-август, 2020 жума, Бишкек убактысы 23:31

Жээнбековдун чечими: пандемиядагы парадокс


Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште.

Акыркы бир суткада Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 439 адам катталды. Бул бир кун мурдагыга караганда эки эсе көп. Акыркы күнү Бишкек шаарында эле 195 адам ооруган.

Бийлик кырдаал күндөн күнгө курчуп жатканына карабастан, карантин чараларын күчөтүүгө, өзгөчө абал киргизүүгө шашылган жок.

Талдоочулар бийлик өзгөчө абалдын экономикалык кесепетинен чочулап, катуу чараларга баруудан тайсалдап жатканын белгилешет.

1-июнда вирус жугузуп алгандардын жалпы саны 1817 кишиге, каза болгондордуку 16 адамга жеткен эле. Ал эми андан бир ай өткөн соң - 1-июлга карата 5735 адам кононавирус менен ооруп, 62 адам көз жумду.

Кырдаал курч, бирок карантин киргизилбейт

Медицина тармагындагы эксперттер статистиканын өсүшү өлкөнүн кээ бир аймактарына карантин абалын кайтарып келерин божомолдоп жатышкан. Бирок президент Сооронбай Жээнбеков 30-июнда парламентке жана элге кайрылуусунда эксперттердин оюн четке какты:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

«Тилекке каршы, өзгөчө абал алынгандан бери илдетти жугузгандар көбөйүп жатат. Буга чейин жетишкен натыйжалар жокко чыгуу коркунучуна туш болду. Айрыкча Бишкек шаарында ооруну жугузгандар көбөйдү. Буга медициналык талаптардын сакталбаганы негизги себеп болууда. Бирок чектөөлөр аркылуу тартипти камсыз кылууга мүмкүнчүлүктөр бар. Кайрадан карантин режимин киргизип, кырдаалды күч менен көзөмөлдөөгө азырынча барбайбыз».

Президент кандай талдоого жана божомолго таянып ушундай чечим кабыл алганын тактаган жок.

Сооронбай Жээнбеков 15-апрелде да Жогорку Кеңеште пандемияга байланыштуу элге кайрылган. Өлкө башчынын ал кездеги пикири азыркыдан айырмаланып турат. Апрель айында коронавируска байланыштуу статистика бүгүнкүдөн алда канча жакшы болчу. 15-апрелде өлкө боюнча вирус жуккандардын жалпы саны 449 адамга жетип, беш киши каза болгон эле. Суткасына катталган жаңы учурлар 20-25 адамдын айланасында болуп турган. Ошондой шартта Сооронбай Жээнбеков Бишкек баштаган бир катар аймактарда өзгөчө абал режиминин 30-апрелге чейин узартылышы боюнча мындай деген:

«Таразанын бир жагына жарандырыбыздын ден соолугу жана өмүрү, экинчи жагына экономика жана киреше маселеси коюлду. Мына ушундай катаал сыноону баштан кечирип жатабыз. Мамлекет башчысы катары мен үчүн жалпы коомдун, ар бир мекендешимдин ден соолугу кымбат. Ошондуктан ушул чечимге бардым. Мындай чечим кабыл албасак, бул кесепеттин терс таасири узак убакытка чейин тийиши мүмкүн. Өлкөнүн келечегине абдан катуу доо кетирип алабыз».

Азыркы убакта күнүнө жүздөгөн адам ооруп жатканына карабастан эмнеге өзгөчө абал киргизилбейт деген суроолор көтөрүлүүдө.

Адистер коронавирустун жайылышынын жеткен чеги июль, август айларына туура келерин, бул аралыкта COVID-19дан көз жумгандар мындан да көбөйө тургандыгын айтып жатышат.

1-июлда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин айтканына караганда, бүгүнкү күндө жасалма дем алдыруучу аппараттан 220 даана, ал эми кычкылтек концентратынан 2003ү жетишсиз болуп турат. Мындан тышкары ооруканаларда орун жетишпей, дарыгерлердин тартыштыгы да байкалат.

Медицина тармагы боюнча эксперт Айбар Султангазиев мындай оор абалга карабай карантин киргизилбей жатышын мындай чечмеледи:

Айбар Султангазиев.
Айбар Султангазиев.

«Өкмөт элди бага алса карантин керек болчу. Азыр коронавирус илдетин жугузуп алгандар Бишкек шаарында көп катталып жатат. Июль айында аймактарга жайылат, ал жакта медицинанын абалы абдан начар. Менин оюмча булар өзүнүн бийлигин тандашты. Анткени мугалимдер эмгек өргүүсүнүн акысын ала элек, милиция менен медицина кызматкерлеринине убада берилген кошумча каражат толук берилген жок. Баягы донорлордон алган акча да аягына келип жетти. Бюджет какшып турат. Карантин киргизгенде таптакыр отуруп калабыз. Өзгөчө абал режими киргизилсе элдин нааразылыгы көбөйөт. Бийлик аз да болсо тыйын-тыпыр түшүп турсун деген ойдо карантин киргизбей турат».

Кыргызстан пандемия маалында ар кандай донорлордон акчалай 291,1 млн. доллар жардам алган. Анын 170,8 млн. доллары мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысына, социалдык төлөмдөргө жана коронавирус менен күрөшүүгө корогон. Мындан тышкары насыя жана грант түрүндө дагы 116,2 млн. доллар келе турганы күтүлүүдө. 23-июндагы брифингде финансы министри Бактыгүл Жээнбаева 2020-жылдын бюджетинин дефицити 27,6 млрд. сомго жетерин айткан эле.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Исабеков грант жана насыя катары алынган каражаттардын таржымалы бүдөмүк бойдон калганын айтууда. Ал өзү да өпкөсү кагынып ооруканада дарыланып жатыптыр.

Кубанычбек Исабеков.
Кубанычбек Исабеков.

«Эмнеге келген каражатка кошумча клиника салынган жок? - деп суроо салды ал. - Мисалы, коңшу Өзбекстан заманбап оорукана курганына баарыбыз күбө болдук. Орусия болсо ар бир облусунда курулуш иштерин жүргүзүп жатат. Андыктан карызга алынган каражаттар толук түрдө максаттуу пайдаланылды деп айта албайм. Президент өз кайрылуусунда күзүндө боло турган шайлоого кенен токтолду. Демек, кандай болгон күндө да парламенттик шайлоо өтүшү керек. Менин баамымда карантин киргизилбей жатышынын бир себеби ушул болуп турат. Андан көрө элдин ден соолугун чыңдап, мамлекеттин коопсуздугун ойлошубуз керек».

Мыйзамга ылайык өзгөчө абал киргизүү боюнча чечимди президент кабыл алышы керек. Андан кийин Жогорку Кеңеш президенттин жарлыгына макулдук берет. Депутат Рыскелди Момбеков муктаждык жаралса парламент кезексиз жыйынга чогулат деген пикирде.

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

«Президент өз кайрылуусун эмнеге таянып айтканын билбей турам. Ал алдын-ала айтпашы керек эле. «Карантин режимин киргизип, кырдаалды күч менен көзөмөлдөөгө азырынча барбайбыз» дегенин аша чапкандык, алабармандык катары баалайм. Эгер күтүүсүз кырдаал болуп кетсе кандай болот? «Кырдаалга жараша иш кылабыз» деп койсо болот эле го? Эмнеге күнүгө 19 адам коронавирус жуктуруп алганда өзгөчө абал киргизип, ооругандардын саны 400дөн ашканда карантин киргизбей жатабыз?» - деди саясатчы.

Ал арада коронавируска каршы ыкчам штаб баш калаада жаңы иш тартиби бекитилгенин жарыялады. Ага ылайык, коомдук транспорттун, тамактануучу жайлардын жана базарлардын иштөө убактысы чектелди. Бишкекте коомдук транспорт - автобус, троллейбус, кичи автобустар - иш күндөрү эртең менен саат 07.00дөн 10.00гө чейин жана кечки 17.00 дөн 21.00гө чейин гана иштейт. Ал эми ишемби жана жекшемби күндөрү толук токтотулат. Кафелерге, ресторандарга, коомдук тамактануу жайларына саат 08.00дөн кечки 20.00гө чейин гана иштөөгө уруксат берилди. Супермаркеттер, соода борборлору саат 07.00дөн кечки 19.00гө чейин иштейт. Базарлар күн сайын саат 06.00дөн баштап кечки 17:00 чейин иштейт.

Мындан тышкары велосипедди ижарага берүү пункттарынын, балдардын оюн аянтчалары менен батуттардын ишине толук тыюу салынды. Балдардын оюн-зоок мекемелери, футбол аянтчалары жана оюн аянтчалары да таптакыр иштебейт.

Ошондой эле көчөдө уруксатсыз соода кылууга жана адамдарды тейлөөгө да уруксат жок.

Тойканалар, түнкү клубдар, барлар, караоке-клубдар жана башка оюн-зоок мекемелери кардарлардын санына карабастан иштетилбейт. «Түндүкэлектр» жана «Бишкексууканал» ишканаларына кабыл алынган нормаларга ылайык карантин режимин бузгандыгы үчүн бул мекемелерге берилген суу жана электр жарыгын токтотуу сунушталат.

Мэрия элге парк, сквер, бульвар, борбордук аянт жана башка коомдук жайларга барууга чектөө коюлганын эскертүүдө.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (45)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG