Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-июль, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Дарыгерлер кеңеш берүүгө үлгүрбөй жатышат


Иллюстрациялык сүрөт. .

Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу медициналык кызматкерлердин кадрлар резерви түзүлдү. Ал арада элге ыктыярчы дарыгерлер да онлайн жардам берип жатат.

30-июнда Ички иштер министрлигинин Оштогу дарылоо борборунун ординатор дарыгери Жамал Тазабекова 70 жашында дүйнөдөн кайтты.

Ал кызматтык милдетин аткарып жүрүп COVID-19 илдетин жугузуп алгандыктан 22-июнда Ош шаардык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган.

Жамал Тазабекова ​ИИМдин дарылоо борборунда 1982-жылдан бери эмгектенип келе жаткан. Буга чейин да эки дарыгер вирустун айынан кайтыш болгон эле.

1-июлда президент Сооронбай Жээнбеков Жамал Тазабекованын жакындары менен туугандарына көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин сайты жазды.

"Акыркы апталарда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал курчуп кетти. Биздин кайраттуу медициналык кызматкерлерибиздин моюнуна эки эсе жүк түштү. Абдан өкүнүчтүүсү, бул күрөштө биз алардын эң мыктыларынан айрылып жатабыз", - деген Жээнбеков маркум Жамал Тазабекова өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин ак кызмат кылып, бейтаптарды дарылап, пандемия менен күрөшүүгө баа жеткис салымын кошконун белгилеген.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанда 879 медкызматкер COVID-19​ инфекциясын жугузуп алып, 446ы айыкты.

Ал арада айрым дарыгерлер социалдык тармактагы баракчаларына COVID-19 вирусунун алдын-алуу жана дарылоо боюнча сунуштарды жазып, кеңеш бере баштады.

Жогорку даражадагы өпкө дарыгери Бермет Эстебесова соңку күндөрү өзүнөн вирустун симптомдорун байкап жатат.

Ооруп калганына байланыштуу үй шартында иштеп жаткан Бермет "Онлайн дарыгерлер" тобунда тынымсыз кеңеш берип жатыптыр:

Бермет Эстебесова.
Бермет Эстебесова.

“Бир нече күндөн бери тумоолоп жатам. Симптомдор коронавирустукуна окшош. Эртең барып, тест тапшырам. Ага карабай үй шартында деле онлайн кеңеш берүүнү токтоткон жокмун. Иш учурунда онлайн кеңеш берүүгө жетишүү абдан оор. Азыр суроо-талап терапевт жана пульмонологдорго болуп жатат. Элди вирустун симптомдору жана дарылоо жолдору көбүрөөк кызыктырат. Болушунча суроолорго жооп берип жатабыз”.

"Онлайн дарыгерлер” тобуна ушул тапта 100 миңге жакын адам катталган. Топтун колдонуучулары Кыргызстан эле эмес, коңшу Казакстандын да тургундары.

Жыйырмадан ашуун ыктыярчы дарыгердин башын бир топко бириктирген Азалия Азатова колдонуучулардын саны мынчалык көп болорун күткөн эмес:

Азалия Азатова.
Азалия Азатова.

“Кырдаал оорлой баштаганда ушундай кызмат ачуу муктаждыгы жаралганын байкадык. Буга чейин "Балдар дарыгерлери" тобун түзгөндүктөн, тажрыйбабыз бар эле. Бирок мынчалык көп адам кошулат деп ойлогон эмеспиз. Башында биздин он чакты дарыгер суроолорго жооп берүүгө жетишпей жатты. Ушундан улам социалдык тармактарда "ыктыярчы дарыгерлерди издейбиз" деп жарнамаларды жайгаштырдык. Бара-бара алардын да санын көбөйтүп алдык. Бирок колдонуучулардын арасында казактар да көп экенин байкадык. Аз күн мурда казак активисттери менен байланышып, алар да ушул сыяктуу топ ачышты. Көрсө, Казакстанда да абал оор экен”.

Хирург Эрмек Исмаилов баштаган жаш догдурлар түзгөн "Телеграмдагы" топко 4000ге жакын адам катталган. Тынбай кеңеш сурап, жазган колдонуучулардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын тургундары экен.

Эрмек Исмаилов.
Эрмек Исмаилов.

“Биздин топто 20-25 дарыгер кеңеш берип жатат. Мисалы, лор, терапевт, инфекционист жана башка адистер. Дарыгерлер мында оорунун алдын-алуу боюнча гана кеңештерди берип жатышат. Эч кандай дарылоо болбойт. Биз 103 же 118 кызматтарынын ишин жеңилдетип, бейтаптарга моралдык жактан колдоо көрсөткүбүз келди. Дарыгерлер муну туура эле кабыл алып, өз ыктыяры менен иштеп жатышат. Алардын ар биринин күнүмдүк иши, караган бейтаптары бар. Жумуштан бошогон учурда же кечкисин бул жакта кеңеш бере башташат. Бейтаптар оорунун симптомдору боюнча суроолорду көп беришет. Басымдуу бөлүгү “жыт, даам сезбей калдым, демек вирусту жугузуп алдымбы?” деп сурашат. Ар бир суроону жоопсуз калтырбаганга аракет кылып жатабыз”.

“Твиттердеги” билдирүүсү үчүн кечирим сураган жаш дарыгер Бектур Апышев да коронавирус шартында жардамга муктаждарга өз алдынча онлайн кеңеш берүүдө.

“118/103 жооп бербей жатса, мага “Ватсапка” жазгыла. Колумдан келген жардамымды берем. Каттар абдан көп. Бир күндө 300-400 адам жазып жатат. Колум бошор замат коомдук транспортто баратканда же тамактануу учурунда жазып жатам. Айрымдарына үлгүрбөй 10-12 сааттан кийин жооп берүүгө туура келет. Кандай болгон күндө да жоопсуз калтырбаганга сөз берем”, - деди Апышев “Твиттердеги” жеке баракчасына жазган кайрылуусунда.

Чүйдүн Ысык-Ата райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда иштеген Бектур Апышев коомчулукка быйыл жазында коронавирус эпидемиясы жаңы башталганда таанылган.

Ал «Твиттерде» жетекчилиги берген сапатсыз беткаптын сүрөтүн жарыялаган. Көп өтпөй анын «Твиттер» аккаунту өчүрүлүп, 12-апрелде «жалган айтып койгом» деп кечирим сураган видео кайрылуусу чыккан. Бул кызуу талкууга жем таштап, коомчулук дарыгерге басымды сынга алган эле.

Ошол күндөрү тагыраагы, апрель айынын башында медицина кызматкерлеринин жеке коргонуу каражаттары жетишсиз экени, транспорт менен камсыздалбаганы байма-бай айтылып жаткан.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев министрликтин кызматкерлеринин 30% гана жумушка чыгып жатканын билдирди.

"Көп медицина кызматкерлери, дарыгерлер ооруп, Саламаттык сактоо министрлигинин аппаратында да 30% иштеп жатат. Андан тышкары ооруп жүргөндөр көп. Аларды биз "аралыктан иштегиле, чыкпагыла" деп жатабыз".

Буга чейин өкмөт үч айдан бери пандемия шартында иштеп, оору менен алышкан дарыгерлердин шайы оогонун билдирген.

Мындан улам Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу медициналык кызматкерлердин кадрлар резерви түзүлдү. Анда жалпы жолунан 870 адам бар. Алардын 207си медициналык билим берүү уюмдарында иштегендер жана 302си ординаторлор.

Резервдегилердин мультидисциплинардык медициналык бригадаларын окутуу үчүн беш күндүк программа иштелип чыкты. Стационарлардын жана жогорку окуу жайларынын кафедраларынын базасында практикалык сабактарды өтүү менен аралыктан окутуу пландалууда. Окутуу 30-июнда башталды.

29-июнда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков “Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койгонун президенттин сайты жазды.

“Медицина кызматкеринин статусу жөнүндөгү” мыйзамга киргизилген өзгөрүүдө өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режими учурунда иштеген саламаттык сактоо кызматкерлеринин кепилдиктери жана кенемтелери белгиленген.

Алардын катарында өзгөчө абал режиминде ыйгарым укуктуу органга медицина кызматкерлерин жумушуна жетүү үчүн транспорт, коргонуучу каражат, иш орундарын талаптагыдай шарт менен камсыз кылуу милдеттендирилген.

Ошондой эле өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал учурунда саламаттыгына зыян келтирүүчү оор кырдаалда иштеген медицина кызматкерине төрт орточо айлыгынан кем эмес, санитардык-карантиндик кооптуу аймактардагы зыяндуу, оор шартта иштегендерге 10 орточо айлыгынан кем эмес компенсация, ушундай шартта иштеп жүрүп каза болгон медицина кызматкеринин жакындарына 20 орточо маянадан кем эмес өлчөмдө жөлөк пул чегерилери каралган.

Жогорку Кеңеш 21-майда кабыл алган мыйзам президент кол коюп, расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Буга чейин иш учурунда коронавируска чалдыккан медициналык кызматкерлерге 200 миң сом, ал эми илдеттин айынан каза болгон медициналык кызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн. сом кенемте төлөнөрү расмий кабарланган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда мамлекеттик бейтапканаларда 13,6 миңден ашык дарыгер, 33 миңден ашык орто медицина кызматкери иштеп жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG