Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Ош милициясы: ИИМдин дарылоо борборунун дарыгери коронавирустан каза болду


Жамал Тазабекова
Жамал Тазабекова

Кыргызстанда коронавирустан дагы бир медицина кызматкери каза тапты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Анын айтымында, 30-июнда Ички иштер министрлигинин Оштогу дарылоо борборунун ординатор дарыгери Жамал Тазабекова 70 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Ал кызматтык милдетин аткарып жүрүп COVID-19 илдетин жугузуп алгандыктан 22-июнда Ош шаардык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери наамына татыган адис, эки баланын энеси Тазабекова 1949-жылы 16-декабрда Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган. ИИМдин дарылоо борборунда 1982-жылдан бери эмгектенип келген.

Жалпысынан COVID-19 жуккан медицина кызматкерлеринин саны Кыргызстанда 830га жетти, алардын 442си айыгып, ооруканадан чыккан. Кайтыш болгондордун саны буга чейин экөө болчу.

Өкмөт коронавирус шартында иштеп жаткан дарыгерлердин шайы кеткенин, жаңы кадрлар резервин түзүү керектигин 26-июнда билдирген.

Өкмөттүн буйругуна ылайык, Кыргызстанда коронавирус жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, ал эми каза болгондордун үй-бүлөсүнө 1 миллион сом жөлөкпул төлөнүп берилет. (ZKo/RK)

XS
SM
MD
LG