Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:12

Вирус жуккан дагы 10 дарыгер катталды, парламентте медицина кызматкерлеринин көйгөйү айтылды


Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде 10 медицина кызматкеринен коронавирус табылды. Бул тууралуу 11-июнда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.

Штабдын маалыматына караганда, алардын тогузу Бишкекте, бирөө Ош шаарында.

Коронавирус шартында иштеп жаткан медицина кызматкерлеринин көйгөйү 11-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында да айтылды. Вице-спикер Аида Касымалиева дарыгерлердин турак жай маселесин көтөрдү:

“Ар кандай фонддор 2-3 айда эле социалдык шаарча, айыл куруп жатышат. Ошолорду белгилеп, медицина кызматкерлерине куруп бериш керек. Ага өкмөттүн күчү жетет. Коронавирус шартында бардык дарыгерлер өмүрүн тобокелге салып иштешти. Көбү кошумча акчасын ала албай жүрүштү. Биз аларды тактап жатабыз. Курулуш компаниялары менен жолугуп, дарыгерлерге чактап бериш керек. 3-4 миң сом алган медайым эч убакта ипотекага үй ала албайт”.

Депутат Дастан Бекешев да медицина кызматкерлеринин айлык маянасы өтө аз болуп жатканын белгилеп, алардан мамлекеттик сыйлыктарды аябоого чакырды:

“Кээ бир кызматкерлер үй-бүлөсүн көрбөй, күн-түн дебей иштеп жатышат. Ошондуктан президентке, парламент төрагасына жана премьер-министрге бир өтүнүч бар – медицина кызматкерлеринен быйыл Ардак грамота, Эмгеги сиңген дарыгер деген жана башка сыйлыктарды аябасак. Бюджетте акча болсо акчалай сыйлык бериш керек. Экинчиден, өкмөт медицина кызматкерлеринин айлыгын карап чыгышы зарыл. 2021-жылда болобу, айлыгын көбөйтпөсөк, бизди эч ким түшүнбөйт. Өткөн жумада бир дарыгер өзүнүн маянасын көрсөттү – 3 900 сом. Бул өтө аз”.

Жалпысынан бүгүнкү күнгө карата республика боюнча COVID-19 диагнозу менен 419 медицина кызматкери катталды, алардын 312си айыгып чыкты.

Оору жуккандардын экөө каза болду. Бишкектеги №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева 2-майда, Ош облусунун Кара-Кулжа райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунун дарылоо-кеңеш берүү бөлүмүндө фтизиатр болуп эмгектенип келген дарыгер Альберт Исмаилов 2-июнда кайтыш болушту.

Өкмөттүн буйругуна ылайык, Кыргызстанда коронавирус жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, ал эми каза болгондордун үй-бүлөсүнө 1 миллион сом жөлөкпул төлөнүп берилет. (RK)

XS
SM
MD
LG