Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:32

Кыргызстанда пневмония жайылды


Жума намаз алдындагы текшерүү. Бишкек. Июнь, 2020-жыл.
Жума намаз алдындагы текшерүү. Бишкек. Июнь, 2020-жыл.

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу абал курч болуп жатканын өкмөт өкүлдөрүнүн ишенимсиз билдирүүлөрү жана ден соолугу начарлаган жарандар «коңгуроо какканы» көрсөтүүдө.

Расмий маалыматтар боюнча, акыркы суткада 269 адамдан вирус аныкталып, үч адам каза болду. Илдеттен каза болгондор 50гө жетип, вирус 5017 адамдан табылды. Ал эми 2294 бейтап айыгып чыкты.

Дал ушундай кырдаалда абал татаалдашып баратканын бийлик өкүлдөрү ачык айтып чыкты. Премьер-министр Кубатбек Боронов билдирүү таратып, жарандарды жоопкерчиликтүү болууга чакырды:

Кубатбек Боронов
Кубатбек Боронов

«Кооптуу вирус ар бирибиздин өмүрүбүзгө коркунуч жаратып, арабызда жүрөт. Оорунун белгиси билинбей инфекцияны алып жүргөндөр өтө көбөйдү, - деп айтылат өкмөт башчынын билдирүүсүндө. - Көбүнчө вирустун бар экенин байкабай, адам кокусунан аны жайылтуучу болуп калууда. Биз дарыгерлер менен бирге ар бириңиздерден мүмкүн болушунча үйдө болууну өтүнгөнүбүз бекеринен эмес».

Өкмөт абал көзөмөлдө экенин айтып, кризисти жеңүүгө бардык аракетти көрүп жатканын билдирүүдө. Премьер-министр Боронов учурда ооруканаларда жетиштүү деңгээлде орун бар экенин жарыялады. Бирок акыркы күндөрү Интернетке өз баянын жазгандар өкмөттүн айткандарын ырастабагандай. Учурда өзүн жаман сезип, өз убагында ыкчам жардам ала албагандар көп болууда. Бишкек шаарынын тургуну Максат буларды айтып берди:

«Кечээ бир күн бою 118, 103 кызматтарына чалып, байланыша алган жокпуз. Эки сааттан ашык чалдык. Телефонго жооп беришпейт. Айла жок, ооруп жаткан досубузду ооруканага өзүбүз алып бардык. Тааныш салып отуруп, ооруканага оор абалда жаткырдык».

Социалдык тармактарда мындай билдирүүлөрдү жүздөгөн кишилер жазып жатат.

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов мындай маселе бар экенин мойнуна алды. Министр абалды жөнгө салуу үчүн 20 «Тез жардам» унаасы уюштурулуп, ооруканаларда кошумча орундар даярдалганын билдирди:

«Мобилдик топтор келбей калып, «Тез жардамга» чалса жооп бербеген учурлар бар. Өкмөт жана Саламаттык сактоо министрлиги ушул маселени чечүү максатында кошумча 20 бригада «Тез жардам» уюштурдук. Иштей баштады. Бул акыркысы болбойт, дагы уюштурабыз деп ойлойм».

Адистер иш жүзүндө коронавирус жуктуруп алгандардын саны мындан көп болушу мүмкүн экенин билдиришүүдө. Буга бир нече себеп бар. Биринчиден, учурда жапырт тестирлөө жүргөн жок. Коронавирустун белгилери менен кайрылган кишилерди да акыркы күндөрү дароо текшерүүгө мүмкүн болбой жатат. Экинчиден, учурда үйлөрүнөн чыкпай, сасык тумоо же башка ооруларга шылтап дарыгерлерге кайрылбагандар көп.

Буга чейин бул илдеттин бар экенинен күмөн санап, жоопкерчиликсиз мамиле кылгандар көп болуп жатканы өзүнчө маселе болууда. Буга байланыштуу коронавирус жуктуруп алып, оор абалда ооруканага түшкөндөр жарандарга байма-бай кайрылып жатышат.

Бердибай Элакуновдун ооруканадагы видеосунан
Бердибай Элакуновдун ооруканадагы видеосунан

Алардын бири Бишкекте милиция кызматкери болуп иштеген Бердибай Элакунов эле. Ал бир нече күн мурун Улуттук госпиталда дарыланып жатып, энтигип, араң сүйлөп: «Жигиттер, абайлагыла! Бул коркунучтуу оору экен. Беткап тагынгыла. Улуттук госпиталда адам толуп кетиптир. Канчасын албай жатат. «Тез жардам» кайра-кайра ташып жатат» деген эле.

Мына ушул 37 жаштагы милиционердин коронавирустан улам өткөн түнү каза болгонун Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

«Өпкөсү сезгенгендер көбөйдү»

Коронавирус пандемиясы күчөп турган мезгилде анализинен вирус аныкталбай, бирок өпкөсү сезгенип каза болгондор көбөйүүдө. Акыркы күндөрү Интернетте пневмониядан улам өмүрү менен кош айтышкан бир нече адам тууралуу маалымат жарыяланган.

Бишкектеги Тез жардам кызматы адатта жайында көп катталбаган бул оорудан жабыркагандар көбөйүп жатканын жарыялады. Маселен, акыркы бир сутка ичинде эле борбор калаада 73 киши өпкөсү сезгенип кайрылган.

Ал эми саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов марттын аягынан бери өлкө боюнча 54 адам каза болгонун бүгүн жарыялады:

Cабиржан Абдикаримов
Cабиржан Абдикаримов

«Жалпы пневмониядан өлгөндөрдүн саны 54 адамды түздү. Анын 48и Бишкекте, алты адам башка аймактарда. Учурда 525 адам дарыланып жатат. Биз бул жаатта пневмониядан ооругандарды өзүнчө кабыл алып жатабыз».

Буга байланыштуу коронавирус аныкталбай, бирок өпкөсү сезгендерди ооруканалар кабыл алып жатканын жана бул үчүн 350дөн ашык кошумча орун даярдалганын билдирүүдө. Мындан улам дарыгерлер жарандарды өпкөсү сезгенип, ооруп калган учурда үйдө жатып албай, ооруканага кайрылууга чакырып жатат.

«Кырдаал ушинтип курчуган учурда бийлик дагы кандай чараларды көрүшү керек эле?» деген суроо талкууланып жатат. Айрымдар карантинде Тез жардам кызматынын ишин жакшы уюштуруп, чечкиндүү кадамдарга барышы керек эле дешүүдө.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Баатыралиев азыркы шартта эң башкы милдет - абалды көзөмөлдөн чыгарбай кармап туруу деген пикирде:

Талантбек Батыралиев
Талантбек Батыралиев

«Бийликтин бүткүл кырдаалды анализдеп кабыл алган чечимин ар бир жаран аткаргандай болушу керек. Катуу тартип, жогорку деңгээлдеги жарандык жоопкерчилик болмоюнча бул илдетти жеңүү кыйын болуп жатат. Азыр тартип сакталбаса абал кыйын болот».

Батыралиев бийлик өлкөдөгү мамлекеттик жана жеке ооруканаларды мобилизациялоону колго алышы керектигин кошумчалады.

Ошол эле кезде азыркыдай оор кырдаалда президент Сооронбай Жээнбеков жалпы элге кайрылуу менен чыгып, жоопкерчиликти өзүнө алышы керек болчу деген пикирлер бар. Буга чейин президенттин аппаратындагы 15тен ашык кызматкерден коронавирус аныкталган соң өлкө башчысы изоляция режимин сактап жатканы айтылган.

Акыркы маалымат боюнча, президент Жээнбеков 30-июнда парламентке барып, соңку кырдаал боюнча билдирүү жасары кабарланды.

COVID-19ду үйдөн кантип дарыласа болот?

Акыркы күндөрү Бишкек шаарында вируска чалдыккандар өтө көп болгондуктан, Саламаттык сактоо министрлиги эми иштөө алгоритмин өзгөрттү. Ага ылайык, пневмония, курч түрдөгү дем алуу органдары жабыркагандар дароо ооруканага алынат. Жеңил формасындагылар телефон, онлайндан кеңеш алып үйдө болмокчу.

Эрмек Исмаилов
Эрмек Исмаилов

Хирург Эрмек Исмаилов баштаган жаш догдурлар өткөн жумада «Телеграмм» тиркемесинен акысыз канал ачышып, онлайн кеңеш сурагандардан колу бошобой жаткан маалы.

«Биз бул каналды ачканыбызга эки жумадай болду. Миңдеген адамдар жазылууда. Адистерден 10-15 киши отурат. Арабызда пульмонолог, терапевт, кулак, мурун дарыгери, тери оорулардын дарыгери сыяктуу бир нече адис бар. Жалаң ыктыярчылар отурабыз. 118 жана 103 кыска номурлары азыр бардык бейтаптарга жетише албай, кыйналып жаткандыктан, жаш дарыгерлер ушул каналды өзүнчө ачып, бейтаптарга телефондон, онлайн аркылуу кеп-кеңеш берип жатабыз. Азыр коронавирус болгон адамдардын көбү жеңил түрдө ооруну алып жүрөт. Биздин максат – ошол жеңил формасы менен ооругандарга туура дарыланууга багыт берүү».

Акыркы учурда социалдык тармактагы өз баракчаларына COVID-19 вирусунун алдын алуу жана дарылоо боюнча сунуштарды жазгандар, кеңештерди айткан дарыгерлер да арбын.

Бишкектеги менчик клиникалардын биринде иштеген терапевт Гүлсана Бапаеванын коронавирусту дарылоо жана коргонуу боюнча »Фейсбук» баракчасына чыгарган видеосу өтө популярдуу болууда. Бапаева оору менен үй шартында күрөшүүдө табигый жолдорду сунуштап жатат.

«Вируска каршы дары-дармектерди алсак, маселен «Антигриппин» сөзсүз түрдө сасык тумоону айыктырат деп айтууга болбойт. Ал жөн гана симптоматикалык жактан жардам берет. Маселен, баш ооруса, дене табы көтөрүлсө, ошолорду гана баса турган дары-дармектердин кошулмасынан куралган. Коронавирусту дарылоочу бир да каражат чыга элек. «Эргоферон», Д витамини, аскорбин кычкылы деп айтып жатышпайбы. Ооба, алар организмдеги зат алмашууга жардам бергени менен денеге кирген вирусту кубалап чыга албайт. Витаминдер кан тамырларды жакшыртышы мүмкүн. Вирусту эмне менен чыгарса болот? Тек гана суюктук, кычкылы көп суюк, жылуу нерселер менен чыгарса болот. Коронавирустун дарысы жок болгондуктан, азырынча ушул гана жол бар. Өтө катуу эмес, кадимки сасык тумоодой ооругандарга тынымсыз жылуу суу ичүүнү сунуштайм. Адам катуу тердеши керек. Кишидеги бездер тердеп, аларга кирген вирус тер аркылуу чыгат».

Саламаттык сактоо министрлиги 1-апрелде коронавирусту дарылоо боюнча илимий консультативдик кеңеш түзгөн. Бул кеңешке дары-дармек боюнча илимпоз, медицина илимдеринин кандидаты Аида Зурдинова да кирген.

Коронавирустун оор формасын дарылоо боюнча протоколдордон тышкары Зурдинова жеңил формасын үй шартында айыктыруу тууралуу төмөндөгүдөй көрсөтмөлөрдү сунуштады:

«Ар бир үч саат сайын ооз көңдөйүн, мурунду, тамакты сода кошулган жылуу суу менен чайкап туруш керек. Анан кичинекей бир чайнекке сода кошулган кайнак сууну куюп, мурун көңдөйүн кезек-кезеги менен буулаган жакшы. Эгерде жөтөл жок болсо мына ушундай жол менен вирустун алдын алса болот. Дене табы көтөрүлсө, анда аны түшүрө турган каражаттарды кошобуз. Жатарда "Аспирин" же "Кардиомагнил" деген дарыдан бир таблетка ичип койсо, канды суюлтууга жетиштүү. Үйдүн абасын улам-улам жаңыртып, терезени ачып, эки саат сайын нымдуу чүпүрөк менен чаңды сүртүп туруш керек. Жакшы маанай менен да вирусту жеңсе болот».

Апрелдин ортосунда Оксфорд университетинин окумуштуулары жана Кыргызстандагы вирусологдор «Сорос-Кыргызстан» фондунун көмөгү менен өлкөдө коронавирустун жайылуу картасын чыгарган. Ага ылайык социалдык обочолонуу болбосо, адамдар беткап тагынбаса, гигиеналык нормалар сакталбаса июнда оору күчөп, июлда өпкөнүн курч сезгенүүсүнөн өлгөндөр мындан да көбөйөрү божомолдонгон. Азыркы тапта аталган илимий топ кайрадан анализ жасап, августтагы кырдаалдын божомолун даярдап жатат.

Республикалык штабдын көрсөтмөсү

Коронавируска чалдыккан адамдарга Республикалык штаб төмөндөгүдөй көрсөтмөлөрдү таркатууда:

«Дене табыңыз көтөрүлсө, жыт сезбей калсаңыз, ичиңиз өтсө, алсыз болуп, тердеп, булчуңдар ооруса үйдө калыңыз. Үй-бүлө мүчөлөрүнөн обочолонуп, беткап тагыныңыз. Жеке гигиенаны сактап, өзүнчө идиш-аякка тамак жеңиз. Бөлмөдөн себеби жок чыкпай, улам-улам желдетиңиз. 118 кыска номуруна же үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна чалып, сизде болгон белгилерди айтыңыз.

Симптоматикалык дарылануу: суюктук көп ичиңиз, дене табыңыз 38 градустан жогору көтөрүлсө "Парацетамол" ичиңиз. Башка өнөкөт оорулар боюнча дарыланууну үзбөй улантыңыз. Күнүгө дене табын бир нече ирет өлчөп, атайын дептерге жазып коюңуз.

Кокус жөтөл күчөп, кыймылдаганда энтигип, дем жетпей баратса дарыгерге чалыңыз.

Дүкөндөргө, эл көп чогулган жерлерге, лабораторияларга, ооруканаларга өз алдынча барбаңыз. Сиздеги бул белгилердин баары ПЦР тест аныкталса, аныкталбаса да коронавирустун белгилери болуп саналат» деп айтылат Коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штабдын маалыматында.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG