Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:40

«Вируска ишенбегендер ооруканага келсин»


Бишкектеги лабораториялардын бири.
Бишкектеги лабораториялардын бири.

Кыргызстанда күндөн-күнгө COVID-19 инфекциясына чалдыккандардын саны өсүп жатат. Адистер жакындары ооруй баштагандан бери адамдар вируска ишенип, сактана баштаганын айтууда.

Чүй облусунун тургуну Элмира жолдошу жана эки баласы менен учурда Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланууда.

Бул үй-бүлө мүчөлөрүнөн алынган эки анализ тең коронавирус илдети жукканын көрсөткөн. Он күн мурда Элмиранын 70 жаштагы кайнатасы бул илдеттен каза болгон экен.

"Башында дене табы көтөрүлүп, симптомдору кадимки сасык тумоодой болгон. Ошон үчүн анчалык деле маани берген эмеспиз. Абалы оорлошуп кеткенде “Тез жардам” чакырдык. Ооруканада үч саат жатып эле үзүлүп кетти. Бизге сөөктү бербей, дароо анализ алышты. Жыйынтыгы коронавирус жукканын көрсөттү. Баарыбызды дароо карантинге алышты. Күйөөм экөөбүз тапшырган анализден вирус чыкты, анан баарыбызды ооруканага жаткырышты. Ошондо гана абалды ичинен көрдүм. Мен азыр ар кандай шылтоо менен "ишенбейм" дегендерди окуп, аларды ооруканага чакырат элем. Бул жакта дарыланып жаткан адамдардын ар бирин көрсөткүм келет. Балким ошондо гана алар кырдаал курч экенин түшүнмөк”.

Борбор калаанын тургуну Аймиранын эжеси да ооруканада оор абалда жатат. Анын айтымында, башында кенебей жүргөндөр жакындары илдетке кабылганда гана кырдаалга маани берип жатышат.

"Эжем буга чейин балдары менен вирустан коркуп, сыртка чыкпай үйдө болгон. Бирок жездем аргасыз иштеп жатты. Бир күнү дене табы көтөрүлүп, ооруп калганын айтты. "118" номуруна чалып, андан майнап чыкпагандан кийин тааныштар аркылуу ооруканага жаткырдык. Андан бир апта өтпөй эжем ооруду. Көрсө, ага да жугуп калган экен. Төрт күндөн бери жөтөлү кыйнап, сөөктөрү какшап жатканын айтууда. Бир күн мурун чалсам, маанайы суз “кыйналбай өлсөм экен" деп айтты. Жакының ооруса жаман экен. Эжемди көрүп, күйөөм да ишенип, сактана баштады. Ал иштен келген сайын үйдү дезинфекция кылып, тазалап жатабыз. “Эл ишениши үчүн сөзсүз эле жакындарың ооруш керек турбайбы” деп капаландым. Азыр деле ишенбегендерди көрсөм, жиним келет. Мага эмнегедир жакындарым алардын айынан ооруп калгандай сезилет. Эжем да чалып, "өзүңөрдү жакшы карагыла" деп жатат. Анын саламаттыгын тилеп, балдарым менен үйдөн чыкпай отурам”.

Кырдаал курчуп баратканына карабай айылчылап, той-ашка барган адамдардын аягы үзүлө элек.

Шаар тургуну Анара Бишкектеги кооптуу абалды билип туруп "конокко барам" деген айылдагы туугандарын эптеп токтотушканын айтып берди:

"Тууганыбыздын кызы төрөптүр. Айылдагы ата-энеси "Жээнибизди көрөт элек. Жолдо келе жатып силердикине түшөбүз, биз менен кудага барып бергиле" деп атама чалды. Атам айласы кетип, “келбе" деп айткандан уялып, макул болду. Анан туугандар чогулуп "келбей тургула" деп айтууга туура келди. Алар шаардан оору жуктуруп алып, айылга таратпасын дедик. "Биз тоготпой эле жүрөбүз" дешет экен. Атам менен байкемдин жумушунда иштегендердин арасында да ооругандар чыгып жатат. Ошолордун айынан үйдө бир топ талашып-тартыштык".

26-июнда Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккан 250 адам катталды. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Андан бир күн мурда вирус 228 адамдан табылган. Илдет тарагандан бери 43 адам каза тапты.

Мындан улам "өзгөчө абал киреби?" деген сөздөр соңку кезде көбүрөөк айтыла баштады.

Бирок саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 26-июнда өкмөт бул чарага барбасын билдирди:

“Премьер-министр Кубатбек Бороновдун жетекчилиги менен чогулуш өттү. Анда эч кандай өзгөчө абал киргизүүнүн кажети жок экени айтылды, бирок бир канча тапшырма берилди. Биринчиден, мамлекеттик органдарда да көп учур катталганына байланыштуу кызматкерлерин болушунча үйүндө, башкача айтканда, аралыктан иштөөгө өткөрүүнү караштыруу. Экинчиден, жергиликтүү администрацияларга, айрыкча Бишкектин жана Оштун мэрияларына базарларда, соода түйүндөрүндө жана башка эл көп барчу жерлерде көзөмөлдү күчөтүү”.

Буга чейин Бишкек мэриясынын өкүлү эгер абал жакшырбаса, кайрадан өзгөчө абал киргизилиши мүмкүн экенин кабарлаган. 25-июнда Каратаев бул маселе Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабда чечилерин Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып айткан.

Өзгөчө абал учурунда Сузактагы ооруканада иштеген инфекциолог Жаркын Ибраева адамдардын көңүлкош мамилеси кырдаалды курчутканына капа болду.

Жаркын Ибраева.
Жаркын Ибраева.

“Вируска ишенбесин айткандарды көрүп абдан ызаландым. Анда мен өңдүү дарыгерлердин үй-бүлөсүн таштап, өмүрүн тобокелге салып иштегени бир тыйынга тете турбайбы. Себеби, биз бир канча дарыгер вирусту Сузактан чыгарбай кармап калалы деп өз ыктыярыбыз ал жакка барганбыз. Бишкекте болсо эл каалагандай сыртка чыгып, аны таратып салышты. Сузактан келгенден кийин мекемелерге коргонуу эрежелери тууралуу лекция окуй баштадым. Кээ бири “кайдагыны айтпа” деп эшикти жаап чыгып кеткен күндөр болду. Үйгө келип ыйлап жүрдүм. Азыр эми ошол кезде ишенбегендер мага тынбай чалып, симптомдорду сурап жатышат. Өз убагында сактансак, балким мындай болбойт эле".

Ал эми психолог Гүлнара Жасоолова вируска ишенбеген маанайды адамдар терс нерсени кабыл алгысы келбей, өзүн-өзү алдоо менен алек болушу мүмкүн деп сыпаттады:

Гүлнара Жасоолова.
Гүлнара Жасоолова.

"Ар бир адамдын акыл-эсинин өнүгүшү жана кайсы бир нерсени кабыл алуусу ар башка болот. Кээ бир адамдар өзү ишенгиси келбеген же чын болушун каалабаган нерсесин жокко чыгара бериши мүмкүн. Айрым учурда өз оюн жалпы, коомчулуктун ою катары таңуулай баштайт. Башка себептер да болушу мүмкүн. Мисалы, карантин учурундагы экономикалык фактор. Адам оорунун бар экенине ишенгиси келет, бирок ал үйдө отурса жашоосу эмне болорун ойлойт. Ошондуктан, маалыматты туура кабыл алуу жана аны талдай билүү абдан маанилүү."

Өлкөдө COVID-19 илдети алгач 18-мартта катталган. Ошондон бери бул инфекция 4 миңден ашуун адамга жукту.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында 25-мартта өзгөчө абал режими киргизилген, бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок 22-мартта жарыяланган өзгөчө кырдаал режими уланууда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG