Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:32

«Вируска ишенбей, күйөөмдөн айрылдым»


Бейтапты карап жаткан дарыгер. Бишкек.14-июнь, 2020-жыл.
Бейтапты карап жаткан дарыгер. Бишкек.14-июнь, 2020-жыл.

Орусиядагы миллионго чукул кыргызстандык мигранттын канчасынан коронавирус аныкталып, көз жумганы тууралуу расмий маалымат жарыялана элек. Коронавирус жугузуп алгандан кийин каза болгондордун жакындары «Азаттыкка» кайрылып, башынан өткөргөндөрүн айтып беришти.

Өзүн Назгүл деп тааныштырган келин аз күн мурун күйөөсүнөн ажырап, өзүн коёрго жер таппай, кабыргасы кайышып турган кези. Анын 33 жаштагы жолдошу ойдо жок жерден коронавируска чалдыгып, жаш кезинде акка моюн сунду. Назгүл вируска убагында маани бербегенине бармак тиштеп отурат.

«Менден жуктубу деп ойлоп калдым. Себеби башында мен ооруп калдым. Бирок меники жеңил формасы болгон окшойт. Үч күн бою дене табым көтөрүлүп, кайра өзүмө келип калдым. Карантин учурунда тынбай иштеп, күйөөмдүн иши токтоп, балдарым менен үйдө болчу.

Мен үйдөн эле дары-дармек ичип, бат эле өзүмө келип алдым. Бирок күйөөмдүн абалы оорлошо берди. Башында грипп болушу керек, бат эле жакшы болуп кетет деп ойлодум. Дары берип, тааныштардан сураштырып, ийне сайдырдык. Ал да жардам берген жок.

«Тез жардамга» чалсак жооп жок же киши көптүгүн айтып жатышты. Бир нече күндөн кийин өтүштүрүп алганымды байкадым. Дем алышы кыйындай баштады. Анын кыйналганын көрүп, таксиге салып алып Москвадагы жугуштуу оорулар ооруканасына жөнөдүм. Дарыгерлер кабыл алышкан жок. Орусиянын жаранымын деп, паспортумду көргөзүп, эки саат жалдырап, ыйладым. Анан гана жатууга уруксат беришти».


Ооруканадагы ошол түн Назгүлдүн эсинен чыкпайт. Бейтаптардын көптүгү, алардын жакындары, тынымсыз ары-бери чуркаган дарыгерлер. Назгүлдүн жолдошу коронавирусту жугузганын ооруканадагы тест көрсөткөн. Бейтапканада он күндөй дарыланганы менен эсине келбей көз жумган:

«Ооруканага чейин тест тапшырган эмесмин. Ал жакка барганда эле дароо «вирус жугузган» деген жыйынтык чыкты. Оору менен 12 күн күрөштү. Он күндөй ооруканада жатты. Башында бейтаптардын көптүгүнөн беш күндөй палатада жатты. Кийин реанимацияга которушту. Дагы беш күндөн кийин комага түшүп калганын айтышты. Эки күн өтпөй кайтыш болуп калды.

Негизи, анын дене табы такыр эле түшпөй койду. 39-40ка чейин жетип атты. Тамакка болгон табити жоголду. Көрсө, имуннитети алсыз адамдарда вирус дароо эле кармайт экен. Имуннитети түшүп кеткенин мен да байкадым эле. Анын үстүнө ага чейин эле орозо кармап, кээде уктап калдым деп жакшы тамактанбай жүргөн. Башында тарттырганыбызда эки өпкөсү тең кагынган деп чыккан. Бул вирус эски ооруларды козгойт экен да. Менин күйөөмдүн бөйрөгү ооручу экен».


Назгүл жолдошу экөө Орусияда он жылдан бери жашап жатышкан. Жубайлардын эки кызы бар. Күйөөсүн бөтөн жерде дарылап, ооруканаларда жүргөндө ал ооруган мекендештерин көп жолуктурганын айтты:

«Ооруган кыргыздар бул жакта абдан көп. Кээ бири ооруканага жетпей эле үйдөн каза болуп жатышыптыр. Алар тууралуу да угуп жатабыз. Кыргызстандагы жакын тууганым жакында эле ушул илдеттен каза болуп калды. Анын кант диабети бар болчу. Адамдын көптүгүнөн ооруканаларда бизге көңүл бурган адам болгон жок. Палата, коридордо баса албайсың. Бизге таратып жаткан маалымат бул чети, жарымы эле болсо керек деп ойлоп калдым. Себеби, мен өз көзүм менен абалга күбө болдум».

Он жылдап төлөгөн үй буйрубады

Жубайлар жакын арада Бишкекке келип, жарым-жартылай акчасын төлөп койгон үйүнө көчүп киребиз деп ниет кылып жатышкан. Каргашадан кийин өмүрлүк шеригинин сөөгүн мекенине жиберип, өзү эки кызын кучактап, жолдун ачылышын күтүп отурган учуру.

«Дагы деле ишене албай турам. Иччү эмес, чекчү эмес. Спорт менен машыкчу. Бөйрөгү мурда ооруганын айтышты. Жапжаш эле кетип калды деп ыйлап отурабыз.

Вируска ишенбегендерди окуп, көрүп аябай жаман болдум. Айрымдар менен Интернетте талашып, пикир жаза баштадым. «Мына, мен өз көзүм менен көрдүм, ушул дарттын айынан күйөөмдөн ажырап отурам. Эгер эрте ишенип, дарыласам, аны сактап калаар белем» деп өкүндүм.

Ишенбегендердин айынан ушундай абалга келип отурабыз. Бул жакта деле көбү ишенбей, «оору жок, бул саясат» дегени болду. Бирок өмүр өзүңө керек да. Бул жакта тойлор башталды. Эл мурдагы тартипте эле эч кам санабай жүрүшөт. Мен аларга таң калып, кантип жеткиреримди билбей турам. Аларда эч кандай коргонуу каражаттары жок. Ар ким өзүнө сак болушу керек. Ошондо гана жанындагы адамдарды сактай алат экенсиң».

«Иштейм деп келген агамдан айрылдым»

Ал эми Мээрим деген кыздын бир апта мурун Москвада бир тууган агасы каза тапкан. Анын 42 жаштагы агасынын тести коронавирус бар экенин көрсөткөн:

«Агам менин жаныма бир жыл мурун иштегени келген. Ал өзүнчө достору менен жашачу. Карантин учурунда иштебей үйдө эле отурган. Мен азык-түлүк дүкөнүндө иштейм. Ошон үчүн ишим токтогон жок. Бир жолу чалсам курулуш тармагы боюнча буюртмага баратам деди. Бир аз акча табайын деген окшойт. Бир канча күндөн кийин ооруп калганын уктум. Кайра чалсам дагы деле ооруп жатыптыр. Ошол учурда мен да ооруп, дене табым жогорулап жаткан. Биздин батирдегилердин баары ооруп калышты».


Мээрим да башка ооруган бейтаптардай агасына оорукана издеп, дарыгер таппай убара болгон. Бир канча күндөн кийин гана аны Москвадагы ооруканалардын бири кабыл алган:

«Дарыгерлер такыр келишпейт. Бөтөн жерде оорусаң да кыйын экен. Мигранттарга мамиле башкача. Анан аргасыз айрымдары кыргыздар иштеткен ооруканаларга барышып, ал жерден да дартын өтүштүрүп жиберишиптир. Агам да өзүн-өзү дарылай берген экен. Ооруканага жаткырганда кеч болуп калды окшойт. Бир канча күн комада экенин дарыгерлер айтып жатышты. Он күндөй эсине келе алган жок. Анан эле андан айрылып калдым».

Мээримдин айтымында, Орусиядагы мигранттар үчүн «жүк-200дү» мекенине жиберүү чоң маселеге айланган. Алар социалдык тармактарда топ ачып, бири-бирине жардам бере башташкан.

«Ал топто адамдар аябай көп. Мен кошулганда башында таң калып эле калдым. Ал жерде күн алыс бирден адам каза болуп, сөөгүн жиберип жатабыз. Бая күндөрү бир күндө экиден «жүк-200» кетти. Учактар каттабай жаткандыктан, машинага салып жиберип атабыз. Бирок Казакстандын чек арасынан өткөрбөй жатышыптыр. Өзгөчө Орусиянын жарандары экенибизди укканда текшерүү катаал болот. Вирус болгондуктан сөөктү жууп, жиберүү да башкача тартипте экен. Атайын жыгачка салып, ороп эч ким тийбегендей жаап кетирип атышат. Кыргызстанга барганда да аны ачканга уруксат беришпейт экен. Ушундай эрежелер менен жиберип жерге берип жатабыз».


Агасынын өлүмү Мээримдин жашоого болгон оюн өзгөрткөн. Ошондон улам азыр ал элди этият болууга чакырып жатат:

«Аябай туталанып, ызаланып аттым. Алар кантип көрбөйт, түшүнбөйт деп жинденип жүрдүм. «Мен агамды жоготтум» деп ар бирине кыйкыргым келди. Кабар, жаңылык окусам, астына элди сак болууга чакырып жаттым. Ошондуктан ишенбей, түшүнбөй жаткандарга аябай таң калам. Өзүбүздү бир гана өзүбүз ойлоп, кам көрө алабыз. Азыр эл бийликти же дагы башкаларды айыптап жатат. Азыр бардык мамлекеттер вирустан жапа чекти. Карантиндин зыянын гана көрдү. Ошондуктан өзүбүздү гана ойлоп, дарт менен күрөшөлү».

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) акыркы бир күндүн ичинде коронавирус дагы 183 миңден ашык адамдан аныкталганын билдирди. Бул пандемия маалындагы эң чоң көрсөткүч болуп калды. Ушу тапта Орусияда 592 мин адам бул илдетке чалдыгып, 8200 адам каза тапты.

Расмий маалыматтарга таянсак, Орусияда 750 миңдей кыргызстандык мигрант бар. Бирок иш жүзүндө алардын саны миллиондон ашып кеткени айтылып жүрөт. Алардын канчасында коронавирус аныкталып, көз жумганы тууралуу так маалымат азырынча чыга элек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG