Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-август, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 01:11

Илдет миграция саясатынын чабалдыгын көргөздү


Новосибирскидеги аэропортто калган кыргыз мигранттары.

Чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын оор абалда калганы Кыргызстандын миграциялык саясатына байланыштуу маселени козгоду.

Өкмөт эмгек мигранттарына жардам бере албай, алардын аэропорттордо, чек араларда калып кеткен оор жагдайлары өзгөчө учурда координациянын жоктугун көргөзүп койду дешет талдоочулар.

Ал эми мамлекеттик миграция кызматы мүмкүнчүлүгүнө жараша мигранттарды камсыздоого аракет жасап жатканын белгиледи.

Миграциялык фондду ойрон кылган саясат

Быйыл март айынын орто ченинен баштап дүйнө жүзүндө коронавирус илдетинин кескин жайылышы күчөп, киргизилген чектөөлөрдүн айынан мекенге кайта албай калган жүздөгөн эмгек мигранттары Орусия, Түркия, Египет жана БАЭ сыяктуу бир катар өлкөлөрдүн аба майдандарында жана жолдо оор кырдаалда калып кеткен учурлар катталган.

Парламенттин мурдагы вице-спикери Кубанычбек Исабеков тиешелүү ресурстары бар мамлекеттик миграция кызматы бул иштерди уюштурууда жөндөмсүз экенин көргөзгөнүн белгиледи. Анын айтымында, мындан он беш жыл илгери түзүлгөн миграциялык фонддун азыр дайыны жок:

Кубанычбек Исабеков.
Кубанычбек Исабеков.

"2005-жылы парламенттин демилгеси менен миграциялык фонд ачканбыз. Ага башында бюджеттен колдоо болуп, кийин эл аралык миграция уюму, эл аралык эмгек уюму жана БУУнун атайын программасынын колдоосу менен аталган миграциялык фонддун бюджетин 17 млн. сомго чейин жеткиргенбиз. Анын эсебинен чет элде оор абалда калган же ооруган мигранттарга материалдык жардам берилмек. Анын эсебинен кайтыш болуп кеткен мигранттардын сөөгүн мекенге алып келүү иштери уюштурулмак. Мына ошол миграциялык фонд эмне болуп жоюлуп кеткени белгисиз. Аны кайра жандантып, эл аралык уюмдардан жана өлкөнүн ичиндеги бай адамдардан каражат топтоп, чет элде оор абалда калган мигранттарга сезилерлик колдоо көрсөтүлсө болмок. Мамлекеттик миграция кызматы уктап жаткандай. Бир натыйжалуу иш алып барганы көрүнбөйт. Бул тармакта саясат жок. Ишти координациялоонун абалы өтө начар".

2010-жылга чейин мамлекеттик миграция кызматы ыйгарым укуктары чоң, өкмөттүн курамындагы ири министрлик болчу. Анын өзүнүн бекитилген бюджети, атайын эсеби жана бюджеттен тышкары миграциялык фонду бар эле. Кийин 2014-жылдан кийин өкмөттүн түзүмүндө бир топ өзгөрүүлөр болуп, мамлекеттик миграция кызматы экиге бөлүнүп, кайра бириктирилип отуруп, анын ролу бир топ басаңдаган. Талдоочулар ошондон улам миграция саясаты аксап, мамлекеттин артыкчылыктуу багыты болбой калганын белгилеп жүрүшөт.

Колдоого муктаж мигранттар, алакан жайган бийлик

Буга чейин Орусиянын шаарларынан автоунаалар менен жолго чыккан кыргыз жарандары киргизилген чектөөлөрдүн айынан Оренбург облусундагы орус-казак чек ара тилкесинде оор абалда калган.

Соль-Илецк аймагындагы чек ара тилкесинде калып кеткендердин бири Нурбек Элебесов бир айдан ашуун убакыттан бери чек арада күн кечирип жатканын айтты:

"Биз мына ушул талаада калып кеттик. Баш калкалай турган үй-жай жок. Тамак-аштан кыйналдык. Автоунааларыбызды токтотмо жайларга койгонбуз. Бизди учак же поезд, же автобус мененби айтор, бул жактан алып кетсе жакшы болот эле. Чыдабай калдык...".

Аталган жарандардын Кыргызстанга өтүп кетишине Казакстан уруксат бербей жатканы белгиленген. Жүздөн ашуун кыргыз жараны мындагы Соль-Илецк аймагына 17-мартта келгенде орус-казак чек ара өткөрмөсү жабылып калган.

Жолдо калгандар менен жолугушууга келген Оренбургдагы Кыргызстандын ардактуу консулу Таалай Жандарбек уулу Кыргызстанга өтүп кетүүгө мүмкүнчүлүк жок экенин айтып, алакан жайган:

"Силерди түшүнүп жатам, жигиттер. Бул өтө оор маселе. Президенттердин деңгээлинде чечилбеген маселе, демек чечилбейт. Чек аралар жабылган. Сүйлөшүп, чек арадан өтүп кетүүгө мүмкүн эмес. Унуткула. Болбойт. Башка айла жок".

Буга чейин Москва жана Новосибирск шаарларындагы аба майдандарында калып кеткен эмгек мигранттары Кыргызстанга кетүүгө учак уюштуруп берүүнү кыргыз бийлигинен талап кылышкан.

Элчиликтин өкүлү Айгүл Рыскулова аларга карата мындайча жооп кайтарган:

"Азыр Кыргызстанда Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана бир катар райондор толугу менен жабык. Силер бул жерде тура бербей, мүмкүнчүлүгүңөр болсо, тарашыңар керек. Мен азыр өкмөттүн, элчиликтин чечимин силерге айтканы келдим. Муну кабыл аласыңарбы же кабыл албайсыңарбы, чечим ушундай. Учак болбойт. Жата турган жериңер, жоро-жолдошторуңар болсо, акырын жылгыла".

Ошол жерде тургандардын бири Бакыт Келдибаев алардын бара турган жери жок экенин ошондо эле билдирген.

"Биз буга чейин эле жумуштан эсептешип чыкканбыз. Жашаган батирлерибизди тапшырып бергенбиз. Айлыкты алган соң, Кыргызстанга кетүү үчүн учакка билет сатып алганбыз. Бул жакта калып, убактылуу жашаганга жерибиз жок. Бизге мындай болорун айтып, эскертишкен эмес. Эми биз каякка таркайбыз?".

Өкмөттүн кошумча жардамы

Мына ошондон соң өкмөт Орусиядагы жана БАЭ өлкөлөрүндө калган эмгек мигранттары үчүн 15 миллион сом каражат бөлгөн.

Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов андан башка дагы каражат бөлүнгөнүн айтып, мигранттарды колдоо аракети көрүлүп жатканын белгиледи:

Болотбек Ибраимжанов.
Болотбек Ибраимжанов.

"Бюджеттик кодекс кабыл алынганда эле миграциялык фонд жоюлуп кеткен. Андай фонддорду түзүү азыр мыйзамсыз деп эсептелет. Буга чейин биз эл аралык миграция уюмунан 20 миң доллар колдоо алып, Новосибирскидеги, анан Москвадагы аба майдандарында калып кеткен мигранттарга жардам бердик. Мына ошол 20-апрелге чейин бул эл аралык миграциялык уюмдун каражатынын эсебинен алардын тамак-ашын, жата турган жайынын акысын төлөп турдук. Андан кийин бизди өкмөт каржылай баштады. Азыркы күндө кыйын кырдаалга кабылган мигранттарды колдоо үчүн өкмөттөн дагы 68 млн. сом бөлүндү. Аталган каражат Тышкы иштер министрлиги тарабынан иштетилип жатат".

Кыргызстандын 1 миллиондон ашуун жараны бейрасмий маалыматтар боюнча чет өлкөлөрдө эмгек миграциясында жүргөнү айтылган. Алардын жетимиш пайызга чукулу Орусияга туура келет. Пандемиянын айынан оор абалга кептелген жүздөгөн эмгек мигранттары Кыргызстанга кайтып келүүнү көздөп турган кези.

Биз жана дүйнө: Карантинде карайлаган мигранттар

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (21)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG