Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:19

Түркияда үйдөн чыкпаган журтташтар


Стамбулдун Ататүрк аэропортунун үч учуп-конуу тилкесинин экөөнө коронавирустан жабыркагандар үчүн оорукана курулууда. Апрель, 2020-жыл.
Стамбулдун Ататүрк аэропортунун үч учуп-конуу тилкесинин экөөнө коронавирустан жабыркагандар үчүн оорукана курулууда. Апрель, 2020-жыл.

Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги ооруканаларды оор операциялардан башка иш-чаралар өткөрбөөгө милдеттендирген. Жергиликтүү дарыгерлер бейтаптар ооруканада коронавирус жугузуп алышы мүмкүн экенин баса белгилешүүдө.

Кыргызстандык Рашида 8-апрелде Стамбул шаарынын Саматия мамлекеттик ооруканасында ашказанынан операция болгон. Учурда коронавируска байланыштуу оор операцияларды башка мөөнөткө жылдырган дарыгерлер Рашиданын абалын көрүп ага чукул операция жасоону чечишкен.

«Ашказаным чыдатпай ооруп, түнү «Тез жардам» чакырып ооруканага бардым. Менин абалымды көрүп туруп эле дароо «операцияга алабыз» дешти. Көрсө ашказаным жарылып, ичегилериме залакасы тийе баштаптыр. Учурда Стамбул шаарында оор операцияларга тыюу салыныптыр, бирок дарыгерлерге ыраазымын, мени жакшы карашты. Операциям ийгиликтүү өтүп, азыр үйдөмүн».

Ал эми 70 жаштагы Зулайка Лепесова тогуз жылдан бери Түркиянын Анкара шаарында уул-келинине кошуна турат. Учурда коронавируска байланыштуу өзүн изоляцияга алгандыктан ага келини күнүнө азык-түлүгүн жеткирип кетет. Кесиби боюнча медайым мекендешибиз жылына бир жолу Кыргызстанга барганда дары-дармектерин ал жактан ала келерин жана өз мекенинин гана медиктеринин ыкмасына ишенерин айтты:

«Мен эки айдан бери үйдөн чыкпай отурам. Түрк дарыгерлерге ишенбейм. Болгон дары-дармегимди Кыргызстандан толугу менен алып келип алам. Бир жолу кичүү неберем менен Анкарада ооруканага жатып калып, бул жактын медицинасынын абалын көрүп зээним кейиген. Биздин Кыргызстандын медицинасы, дарыгерлердин адамгерчилиги жогору деп ойлойм. Азыр эки неберемди да көрө албай үйдө отуруп калдым. Келиним беткап, мээлей кийип коридордон азык-түлүгүмдү таштап кетет. Айла жок, вирус бүткүчө үйдө отурам».

Түркияда коронавирус пандемиясынан улам 16-марттан бери мектептер, жогорку окуу жайлары жана соода борборлору жабылган. Өлкөдө расмий өзгөчө кырдаал жарыяланган эмес, бирок дем алыш күндөрү коменданттык саат жарыяланып жатат. Бийлик жергиликтүү калкты үйдө отуруп, эл көп жерлерге барбоого үндөп жатат. Мындай пандемия убагында Анталия шаарында жашаган кыргызстандык Анара, психологиялык ооруга чалдыккан мекендешин дарыгерлерге алып баруу өтө кылдаттыкты талап кылганын айтып берди:

«Азыр Анталияда бир машинеге үч кишиден көп отурууга уруксат жок. Андыктан ооруп жаткан кыз экөөбүз оорукана жөнөткөн машине менен бардык. Азыр көчөгө чыксак деле беткап, мээлей кийип калбадыкпы, андыктан ооруканага баратканда андан эки эсе кылдат даярданып барышыбыз керек. Бизди ооруканага алып барган айдоочу да атайын өзүн коргогон кийимдерди кийип жүрөт экен. Ал эми биз барган Анталиядагы жеке менчик оорукананын психиатры да беткап кийип, анан бейтап менен сүйлөшүп көрсөтмөлөрүн берди. Ооруканадан чыксак, бизди алып келген айдоочу кирбей машинесинде күтүп туруптур».

Түркияда эмгектенген кыргызстандык мигрант кыз-келиндердин дээрлик басымдуу бөлүгү кары-картаң же бала карап, үй кызматтарында иштейт. Мындай оор жүктү мойнуна алган мигранттар негизинен бир жылдык туристтик виза менен жумушка киришет. Мындай визанын түрү менен мамлекеттик ооруканадан жеңилдик алынбайт, айрым жеке менчик ооруканалар гана кабыл алышы мүмкүн.

Батмакан Сооданбекова алты жылдан бери Стамбул шаарында кары байбичени карап иштейт. Ал да туристтик виза менен эмгектенгендиктен ден соолугуна байланыштуу бир маселе чыкса, өзү караган байбиченин дарыгери келип карап кетерин айтты. Маектешибиз ал үчүн бул чоң жеңилдик экенин баса белгиледи:

«Мен азыр жалгыз кемпирди карап иштейм. Экөөбүз эле жашайбыз. Бизге айына бир жолу атайын дарыгер келип толугу менен карап кетет. Дайым менин да кан басымымды, жеген-ичкенимди сурап кеңеш берип турат. Азыр коронавирустун күчөп баратканынан улам дарыгерибиз телефон менен эле консультация кылып, бизге дары-дармектерди жазып жатат. Аны да үйдүн жанындагы дарыканага телефон менен айтсак үйгө алып келип беришет. Мындай шарттар учурда менин иштешиме да чоң жеңилдик деп ойлойм».

Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус пандемиясына байланыштуу ооруканаларды чукул жана оор операциялардан башка операцияларды токтотууга милдеттендирген. Ушундан улам жергиликтүү бейтаптардын ооруканаларга барышына чектөө киргизилди.

Түркияда COVID-19 вирусун жугузуп алгандар алгач 11-мартта катталган. Ал эми 20-апрелдеги расмий маалымат боюнча өлкөдө коронавируска чалдыккандардын саны 80 миң адамдан ашты, вирустан каза болгондордун саны 2140 киши болду.

Стамбулдагы башкы консулдуктун маалыматы боюнча Түркияда коронавируска чалдыккан кыргызстандыктар катталган эмес.

Түркиянын Миграция департаментинин маалыматы боюнча, Түркияда 35 миңден ашуун кыргызстандык катталган. Алар Стамбул, Анкара, Измир жана Анталия сыяктуу чоң шаарларда жашап эмгектенишет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG