Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:25

АКШ иммиграцияны убактылуу токтотот


Дональд Трамп иммиграцияны убактылуу токтотуу тууралуу чечиминин чоо-жайын азырынча айта элек.
Дональд Трамп иммиграцияны убактылуу токтотуу тууралуу чечиминин чоо-жайын азырынча айта элек.

АКШнын президенти Дональд Трамп коронавирустун айынан иммиграцияны убактылуу токтотуу жөнүндө жарлык чыгарарын билдирди.

АКШ ушул тушта өпкөнү сезгенткен ооруга кабылган жана андан көз жумган адамдардын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Өлкөдө COVID-19дан каза болгондордун саны 42 миң адамдан ашты.

Дональд Трамп 20-апрелде кечинде «Твиттердеги» баракчасына иммиграцияны убактылуу токтотуу жөнүндө чечимди «көзгө урунбаган жоодон улам» жана «америкалык жарандардын жумуш орундарын коргоо максатында» кабыл алганын жазды. Ал буга чейин «көзгө көрүнбөгөн жоо» деп коронавирусту атаган болчу.

Трамп мындан башка эч кандай түшүндүрмө берген жок. Ушундан улам бул жарлык качан чыгары, иммиграциялык тыюунун мөөнөтү азырынча белгисиз.

Буга чейин Трамп негизинен Европадан жана Кытайдан келип-кеткендерге чектөө киргизген эле.

АКШда карантиндин айынан бери дегенде 22 миллион адам ишсиз калды. Трамптын администрациясы жана бир катар штаттардын губернаторлору оорунун жайылышынын экинчи толкуну башталбаса карантин чараларын жумшартууну караштырып жатышат.

Кошмо Штаттардын Аллергия жана инфекциялык оорулар боюнча улуттук институтунун башчысы Энтони Фаучи вирус толук ооздукталбаса экономиканы жандантуу аракетинен майнап чыкпай турганын эскертүүдө.

Энтони Фаучи.
Энтони Фаучи.

«Бул программанын ийгилиги менен кемчилиги тесттен өткөрүп, ооругандарды аныктап, андан ары илдеттин жайылышын чектеп, илдетке кабылгандар менен байланышкандарды аныктоодон көз каранды», - деди Фаучи.

Соңку жагдайдан улам дүйшөмбүдө кечинде, тарыхта биринчи жолу «West Texas Intermediate» (WTI) маркасындагы мунайдын бир баррелинин баасы дээрлик 100% төмөндөдү. Буга май айы үчүн өндүрүлгөн мунай сатылып алынбай калганы негиз болду. Ушул тушта мунайга болгон муктаждык азайып, кара май сакталган жайларда ал чыпчыргасы коробой турат.

Ал арада АКШнын Өкүлдөр Палатасынын спикери Нэнси Пелоси демократтар менен республикачылар чакан жана орто бизнеске, ооруканаларга 450 миллиард доллар өлчөмүндө жардам берүү боюнча орток пикирге келишкенин маалымдады.

Италияда, Испанияда жана Германияда оорунун жайылышы басаңдай баштагандыктан Европанын айрым өлкөлөрү карантин эрежелерин жумшарта баштады.

Британияда бул оору 16,5 миңден ашык адамдын өмүрүн алды. Британ парламенти өз тарыхында алгачкы жолу видео байланыш аркылуу жыйынга чогулганы жатат.

Азиядагы төртүнчү экономика болуп эсептелген Түштүк Кореяда экспорт 27%, ал эми импорт 19% азайды.

Бразилиянын президенти Жаир Болсонару өлкөнүн борбор шаарындагы карантин чараларына каршы митингге өзү катышты. Ал мындан төрт күн мурда саламаттык сактоо министрин кызматтан алган эле. Бразилиянын парламенти менен аймактардын башчылары коронавируска байланыштуу бир катар чектөөлөрдү киргизишкен.

Бразилиядагы коронавируска байланыштуу чектөөлөргө каршы нааразылык акциясы. Президент Жаир Болсонару нааразылык акциясынын катышуучуларынын арасында. 19-апрель, 2020-жыл.
Бразилиядагы коронавируска байланыштуу чектөөлөргө каршы нааразылык акциясы. Президент Жаир Болсонару нааразылык акциясынын катышуучуларынын арасында. 19-апрель, 2020-жыл.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө коронавирус жугузуп алгандардын саны 2,5 миллион адамга жакындап калды. Илдет 170 миңдей кишинин өмүрүн кыйды. Саламаттык сактоо тармагындагы эксперттер ооруган, каза болгон адамдардын саны мындан да көп болушу мүмкүн экенин эскертишет.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Адханом Гебрейсус саламаттык сактоо тармагы начар, өнүгүп келе жаткан өлкөлөлөргө COVID-19дун тийгизген кесепетинин улам «эң оор абал али алдыда» деп эскертти.

Ал арада БУУнун Башкы ассамблеясынын 193 өлкөсү коронавируска каршы күрөшкө байланыштуу атайын резолюция кабыл алды. Анда келечекте даярдала турган вакцинаны «калыс, натыйжалуу жана өз убагында» бөлүштүрүү жана коронавируска каршы күрөштө эл аралык кызматташтыкты чыңдоо тууралуу чакырык жазылган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG