Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

«Жалгыз жатып үзүлгөн апаны көрүп ыйладым»


Айнура Айтуварова.
Айнура Айтуварова.

Айнура Айтуварова АКШнын Огайо штатындагы «Betheda North Hospital» ооруканасында лабораторияда иштейт. Ал коронавирустун белгилери бар деп шек саналган адамдардан тест алат.

Айнура Айтуварова өзөктүк полигонго жөнөгөндөй эле денесинен эч бир жылчык калтырбай кийинет. Атайын форма, анын сыртынан бир жолу кийип ыргыта турган халат, беткап, көз айнек кийип, үстүнөн бетин жапкан желим калкан тагынат. Ичинен келме келтирип, коронавирустун белгилери менен ооруканага түшкөн адамдан анализ алганы жөнөйт.

Айнурадай адистерди Кошмо Штаттарда «фронтлайнер» деп атап коюшат. Алар «душман» менен кармашта эң алдыңкы катарда тургандар.

Мекендешибиздин бул госпиталда иштегенине 16 жылдан ашты. Кыргызстанда университетте мугалим болуп эмгектенген мекендешибиз алыскы Америкага баргандан кийин кесибин алмаштырып, Цинциннатидеги медициналык коллежди аяктаган.

«Анализди алгач мурундун көңдөйүнөн, андан кийин кандан алабыз. Мурундуку дароо чыгат, бирок ал 100% ишенимдүү болбогондуктан кандын анализин күтөбүз. Ал кеминде үч күндүн ичинде чыгып калат. Күнүнө 280-300 кишиден тест алып атабыз. Андан соң бейтап айыгып чыккыча дарыгерлер айткан маалда анализ алып турабыз», - деди дарыгер.

11 миллион эли бар Огайодо башка штаттарга салыштырмалуу коронавирус катуу жайыла элек. 20-апрелге карата 11 600дөн ашуун киши COVID-19 илдетине чалдыкты. Алардын 470тан көбү каза тапты.

«Ооругандардын баарынын эле дене табы тез көтөрүлүп, жанын коерго жер таппай, чабалакташат. Температурасы 39-40 градуска чейин жетет. Кургак жөтөл, анан деми кыстыгып жатканын байкайбыз. Ошондой эле айрымдарына учук чыгат. Оор абалда келгендерди дароо жасалма дем алдырчу аппаратка кошобуз», - деди Айтуварова.

Коронавирустун белгилери жеңил бейтаптар дене табы түшкөндөн кийин үйүнө жөнөтүлөт экен.

Айнура Айтуварова.
Айнура Айтуварова.

Азыр дарыгерлердин каармандыгынын белгисине айланып бараткан жүзүндөгү беткаптын изи Айнурага деле жат болбой калды.

Эртеден кечке чечпей жүргөнгө бети, кулак туштары кадимкидей кызарып жооруп кетет. Атайын форма менен дем алуу дагы кыйын. Бирок адистер баарына чыдап, өз ишин улантууга мажбур.

Форманы атайын жайда гана өз эрежеси менен чечүүгө уруксат берилет.

Айнура Кыргызстандагы медиктердин ушундай форма менен толук камсыздалбаганына кейийт.

Күндө илдеттен кыйналып, оор абалда келип жаткандарды көрүү дагы эмоционалдык жактан чоң сыноо. Айтуварова кесиптештериндей эле ар бир бейтапка жылуу сүйлөп, көңүлүн көтөргөнгө аракет кылат.

Анткени ооруканага бейтаптардын жакындарына келүүгө тыюу салынган. Ал эми COVID-19га кабылгандарга айыккыча жакындары менен жолугууга такыр эле жол берилбейт.

«Жакында эле 78 жаштагы апа көз жумду. Үч күн аябай кыйналды. Төртүнчү күнү үзүлдү. Эки кызы бар экен, алар менен коштошо алган жок. Ошого аябай ичим ачышты. «Кыздарыма ыраазычылыгымды билдирсем болот эле» деген бойдон кете берди. Бул оорунун эң аянычтуу жери ушул. Адам өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүндө эч кимиси жок, жалгыз калат. Ошону көрүп алып аябай жаман болдум, ыйладым».

Огайодо деле АКШнын башка штаттарындай коронавирустан каза тапкан кишинин сөөгү жакындарына берилбейт. Кошмо Штаттар бул илдетке чалдыккандардын жана андан каза болгондордун саны боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда.

Эртең мененки сегизден кечки он бирге чейин оор түйшүктү аркалаган Айнура Айтуварованын иштен кийин үй-бүлөсү менен кенен-кесири сүйлөшүүгө алы калбайт. Үйүнө келгенден кийин короосунда ары-бери басып, эс алууга аракет кылат. Ичинен келме келтирип, дуба окуйт.

Айнура Айтуварова.
Айнура Айтуварова.

Бирок дарыгердин ишинде кубанычтуу учурлар да болот. Айрыкча коронавирусту жеңип, ооруканадан чыгып кетип жаткан бейтаптарды көргөндө көңүлү көтөрүлүп, канат байлайт.

Андай учурда медициналык кызматкерлер айыккан адамга колго жасалган таажы кийгизип, "сен коронавирусту жеңдиң’’ деп, кол чабуулар менен узатышат. Сакайып кеткендердин жакындары күндө кечинде оорукананын алдына келип ырдашып, өмүр сакчыларына терең ыраазычылык билдирип кетишет.

Алыскы Американы экинчи мекенине айланткан Айнура Айтуварова Огайдогу «Kyrgyz USA Community» уюмунун дагы активисти. Бул штатта миңден ашуун кыргызстандык жашайт. Бактыга жараша алардын арасында СОVID-19га кабылгандар каттала элек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG