Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:54

Орусияда ооругандар бир күндө көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнө жүзүндө коронавирустан ажал тапкандардын саны 150 миңден ашты. Бул оору жалпысынан 2,3 миллион адамдан аныкталды.

Орусияда соңку бир күндүн ичинде өпкөнү сезгенткен илдет 6060 адамдан аныкталды жана бул оору катталгандан берки эң чоң көрсөткүч болуп калды. Ооругандардын саны 42 800дөн ашты. Бир күндө 48 адам көз жумду, ошентип өлгөндөрдүн саны 362 киши болду.

COVID-19дан 3300дөй адам айыгып чыкты. Москва шаарында бир жуманын ичинде коронавируска кабылган учурлар 2,5 эсе көбөйдү. Өлкөдө 19-апрелде Пасха майрамы карантин шартында белгиленди. Башкы чиркөөлөрдө диний жөрөлгөлөр онлайн көрсөтүлдү.

Москва.
Москва.


Президент Владимир Путин жылдагыдай бул жолу Пасханын түнүндө чиркөөгө барган жок. Анын басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путин бул күндөрү Ново-Огарёводогу резиденциясында болгонун билдирди. Жекшембиде таң эрте ал Пасха майрамы менен куттуктап видео кайрылуу таратты.

"Биздин элде "Кудайга үмүт кыл, бирок өзүң да сак бол" деген сөз бар. Биз ошондой эле кылып жатабыз. Ушундай жаркын майрамда бардыгы кудайдын жардамы менен жакшы болот деп айткым келет", деди Путин.

Орусияда эпидемия Европа өлкөлөрүнөн жана АКШдан кечирээк, эки аптадай мурун башталган. Өлкө бийлиги оору кеңири жайылган маал келе электигин эскертип жатат.

Орусияда өлкө боюнча өзгөчө абал жарыяланган эмес. Президент Владимир Путин ушул ай эс алуу күндөрү болорун билдирген. Бир катар аймактарда карантин чаралары колдонулууда жана алардын ичинен эң катаалы Москва шаары менен Москва районуна киргизилген.

АКШда карантин чаралары жумшарат

Ал арада ооругандардын жана анда ажал тапкандардын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда турган АКШнын кээ бир штаттары карантин чараларын жумшартканы жатат.

Президент Дональд Трамп 18-апрелде брифингде алгачкылардан болуп мындай иш-аракеттер Техас, Вермонт жана Монтана штаттарында башталарын билдирди. Ага ылайык, 20-апрелден тарта Техас менен Вермонтто айрым ишканалар сактык чараларын эске алуу менен жумушун жандантат. Ал эми Монтана штатында мындай чаралар жума соңунда башталат. Соңку маалымат боюнча бул штаттарда эки аптадан бери ооругандар да, илдеттен ажал тапкандар да азайып жатат.

"Биз оору кеңири тараган маалдан өтүп кеткенибизди бышыктаган оң жылыштарды байкап жатабыз", деди Трамп.

Нью-Жерси.
Нью-Жерси.


Айрым штаттардын губернаторлору карантин чараларын жумшартууга шашпай турушканын, анын алдында кошумча тестирлөө иштерин жүргүзүү зарылдыгын билдиришти.

Нью-Йорк штатында соңку бир күндүн ичинде коронавирустан 600дөй адам ажал тапты. Штаттын губернатору Эндрю Куомо бул эки жумадан берки эң төмөн көрсөткүч экенин, бирок трагедия уланып жатканын билдирди.

"Бул дагы деле эң начар жаңылык. Бул, албетте, төмөн көрсөткүч. Бирок ооруканаларда 577, ал эми карылар үйүндө 29 адам көз жумду", деди Куомо.

Кошмо Штаттарда ооругандардын саны 725 миңге жетти, илдет 38 800дөн ашык кишинин өмүрүн кыйды.

Канада: чек ара ачылбайт

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо Оттава менен Вашингтон чек арасын дагы 30 күн ачпай туруу жөнүндө макулдашканын билдирди. Аталган эки өлкөнүн ортосундагы каттамга өткөн айда чектөө киргизилген жана анын мөөнөтү келе жаткан жумада аяктамак. Коронавирус пандемиясына чейин Канада менен АКШнын чек арасынан күнүнө 200 миңге чукул адам өтүп турган.

Канадада өпкөнү сезгенткен жаңы вирус 31 миңден ашык адамдан аныкталды, оорудан 1300дөй киши көз жумду. Буга чейин ооругандардын көбү АКШга барып келгендер, же алар менен байланышта болгон жарандар экени айтылган.

Ирандын президенти Хасан Роухани коронавирус коркунучунан улам абактардан убактылуу бошотулгандарга дагы бир ай эркиндик берди. Ал 19-апрелдеги кайрылуусунда муну оорунун жайылышынын алдын алуу аракети менен түшүндүрдү.

"Коомго коркунуч жаратпаган соттолуучулардын эркиндиктеги мөөнөтү 20-майга чейин узарды" деди Роухани.

Тегеран.
Тегеран.


Иранда мындан туура бир ай мурун 85 миң адам абактан убактылуу бир айга чыгарылган болчу. Алардын 10 миңдейи мунапыс алган.

Иран президенти мечиттер менен башка диний жайлар дагы эки апта жабык болорун билдирди, Рамазан айындагы жамааттык иш-чараларга байланыштуу чечим кийин кабыл алынарын айтты. Мунун алдында Роухани Тегеранда карантин чаралары жумшара баштарын, айрым бир дүкөндөр, ишканалар ачыларын билдирген. Буга байланыштуу өлкөдөгү жуманын алгачкы иш күнүндө, 18-апрелде көчөлөрдө кыймыл-аракет жанданганы байкалды.

Расмий маалымат боюнча, Иранда коронавирусту 80 миңден ашык адам жугузуп алды, оорудан ажал тапкандардын саны беш миңден ашты. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги тесттин жетишсиздигинен улам көз жумган адамдардын саны мындан көп болушу ыктымалдыгын маалымдаган.

Пакистан: мечиттер жабылбайт

Пакистанда бийлик коронавирус коркунучунан улам мечиттерди Рамазан айында жабууга каршы чыккан дин аалымдарын колдоду. Өкмөт аралыкты кармоо өңдүү айрым бир сактык чаралары көрүлүшү керектигин эскертти.

Буга чейин Пакистанда карантинден улам бир мечитте бештен ашык адам болбошу керек деген чектөө киргизилген. Бирок мындай чектөөгө баш бербеген ашынган динчилдер жума намазына барып жатышкан. Соңку маалымат боюнча бул өлкөдө коронавирус сегиз миңге чукул адамдан аныкталды.

Пакистан.
Пакистан.


Пакистанды бир катар өлкөлөр өткөн айда «Таблиги жаамат» диний кыймылынын жүз миңден ашуун мүчөсүнүн Лахор шаарындагы чогулушуна тыюу салбай, илдетти жайылтууга себепкер болду деп айыптап келет.

Буга чейин 73 жаштагы кыргызстандык жаран Пакистанда коронавирустан ажал тапкан. Тышкы иштер министрлиги маркум Райвинд шаарынан 60 чакырым аралыктагы Кала провинциясында карантинде турганын билдирген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG