Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:06

Өмүралиев: Түркиядан сураган учак толбой калды


Кубанычбек Өмүралиев.
Кубанычбек Өмүралиев.

Түркиядан Кыргызстанга кайта албай жаткан 487 мекендешибиздин 211и 17-апрелде Бишкекке учуп келди. Кыргызстандын бул өлкөдөгү элчиси Кубанычбек Өмүралиев менен журтташтарды мекенге жеткирүү иши кандай жүрүп жатканы тууралуу маек курдук.

- Өзүнө 211 Түркиядагы кыргызстандыкты батырган учак 17-апрелде Бишкекке келип конду. Ошол эле учурда рейске үлгүрбөй калганын, Кыргызстанга учак кетерин укпай калганын айтып чыккандар арбын...

- "Кабарыбыз жок, укпай калдык" деген маалымат чындыкка жатпайт. 211 адам учуп кетип жаткандан кийин кантип кабар жетпей калмак эле? Бул учак менен учуп келгендер Стамбул менен Анкарадагы биздин жарандар. Ачык эле айтыш керек, биз тизме түзүп жатканда кайсы бир саясатчы, партиялар ортодон кийлигишип жолтоо болушту. Тизме түзгөнүн, учак уюштуруп жатканын айтып, жарандар арасында түшүнбөстүк жаратышты. Мындай иштер элчилик аркылуу чечилет да. Партия же саясатчы бүтүрө турган жумуш эмес.

- Тактай турган дагы бир сурообуз бар. Ошол эле учурда учактын сыйымдуулугу 300 киши болчу. Бирок, толбой калды деген маалыматтар да тарап кетпедиби.

Биздин тизме боюнча Анкара жана Стамбулда учууга камынган 256 адам бар болчу. Мындан улам Түркиядан 300 адам бата турган учак сураганбыз. Учарга жакын калганда 40тай жараныбыз кетпей турганын айтышты. Себеби, бири окуйт экен, кээ бири Кыргызстанга келип 14 күн карантинде жатканга даяр эмес болуп чыкты. Каражаты жок уча албай калгандар да болду. Ушундай мисалдар көп эле.

- Түркияда окуп же болбосо иштеп жүргөн жарандарыбыз өлкөгө кайтууну кааласа, кайда кайрылышы керек?

- Биз эки айдан бери айтып келебиз элчилик же болбосо башкы консулдук менен байланышуу керек. Телефон чалып же электрондук дарегибизге маалымат жиберсе болот. Аты-жөнүн, паспорттун көчүрмөсү жана байланыш телефонун көрсөтүшү керек. Башка эч нерсенин кереги жок. Ушундай жол менен 24-мартта Анталья шаарынан 197 жараныбыз өлкөгө кайткан. Бул жолкусунда Кыргызстанга кетүүнү каалагандар Стамбулда көп болгондуктан рейс ошол шаардан учту. Туркияда тартип катуу. Бир жерден экинчи шаарга келип, рейске үлгүрүп калууга мүмкүн эмес.

- Түркияга билим алууга же болбосо, эмгек мигранты катары барган мекендештерибиз аябай көп. Алардын азыркы абалы кандай? Арасында жумушун жоготуп, киреше булагынан айрылгандар болсо керек?

- Түркия азыр дүйнө жүзүн каптаган илдет менен күрөшуп жатат, абал оор. Жалпы жонунан бул өлкөдө 2 миңге жакын студенттерибиз бар. Анын ичинен 750сү эки мамлекеттин ортосундагы келишимдин негизинде билим алат. Баары жатакана менен камсыз болгон. Тамак-аш маселеси да чечилген. Стипендия да алышат. Бирок окуп, иштеген студенттердин абалы жакшы эмес. Алардын бир бөлүгү 17-апрелде Кыргызстанга кетти. Расмий эмес маалыматтар боюнча Түркияда 30 миңге жакын жараныбыз бар. Бирок, бизде катталганы 2 миңден ашпайт. Кырдаал курчугандан бери бизге келгендер көп. Арасында визасынын мөөнөтү бүтүп калгандар да бар экен.

- Түркияда коронавирус жуктуруп алып же обсервацияга жаткандардын арасында биздин мекендештер жокпу?

Биз Түркиядан бул боюнча расмий маалымат сураганбыз. Бүгүнкү күндө COVID-19га чалдыккан мекендештерибиз жок. Бирок абал оор. Каза болгондордун саны 1769дан ашты. Жугузуп алгандардын саны 78 миңден ашты. Айта кете турган нерсе, бул жакта 65 жаштан жогору курактагы адамдардын көчөгө чыгышына тыюу салынган.

- Буга чейин 487 адам Түркиядан Кыргызстанга келе албай жатканы айтылган. Бул сан дагы өсүшү мүмкүнбү?

Менин оюмча бул сан дагы өсөт. Себеби, март айында 197 адамды Кыргызстанга жөнөткөндө, бизге кайрылгандардын саны 300гө жеткен эмес. Азыр жумушсуз калып, тапканы азайгандардын саны көбөйгөн сайын мекенге кайтууну каалагандар көбөйдү. Биз тизмени улантып, ар бир жаран менен түз байланышта болуп жатабыз.

- Эгерде кайсыл бир мекендешибиздин Түркияда бара турган жери жок болуп калса, элчилик тарабынан жардам болобу?

- Силер туура түшүнгүлө. Элчиликтин өзүнчө каражаты же жатаканасы жок. Ошентсе да тамак-ашы же жата турган жери жок калгандарга диаспоралар аркылуу бир аз жардам берип жатабыз. Алардын саны көбөйгөн сайын биздин өкмөт иш алып барып жатат. Ошонун негизинде аракет кылабыз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG