Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:29

Депутат Ормонов: мигранттарды алып келе албасаңар акча бөлүп бергиле (видео)


Орусияда аэропорттогу мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусияда аэропорттогу мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүнкү күнү мекенине келе албай, хостелдерде, жатаканаларда жаткан мигранттарды алып келе албаса, өкмөт аларга 30-апрелге чейин тамак-аш жана башка жактан каржылоого акча бөлүшү керек. Мындай пикирин 15-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов билдирди.

Миграция кызматынын башчысы Болотбек Ибраимжанов жер-жерлердеги мигранттардын жатаканасы Эл аралык миграция уюмунун жардамы менен чечилгенин, ал эми тамак-аш маселесин ал жактардагы кыргызстандыктардын диаспоралары мойнуна алышканын билдирди. Депутат буга нааразы болду.

«Диаспораларга жүктөп коюуга болбойт. Алар өздөрү араң жашап атышат. Келе албай жаткан мигранттарга бир маал тамак берилип жатыптыр, орозо карматып коюпсуңар. Алып келе албасаңар, атайын эсептеги акчадан бөлүп, 30-апрелге чейинки тамак-ашын камсыз кылып бергиле», - деди Улукбек Ормонов.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун 15-апрелде парламентте билдиргенине караганда, бүгүнкү күнү чет өлкөлөрдө 4371 адам Кыргызстанга келе албай турат. Алардын басымдуу бөлүгү Орусияда жана КМШ мамлекеттеринде. Түркияда 487, Бириккен Араб Эмираттарында 350, Пакистанда 135, Индияда 121 кыргызстандык жаран бар. Мындан тышкары Мальдив, Шри-Ланка, Таиланд, Бали, Индонезия, Белгия, Франция сыяктуу мамлекеттерде да мекенине кайтууну көздөп турган кыргызстандыктар бар.

Февраль айынан бери өкмөттүн күчү менен сырттан алты миң кыргызстандык мекенине алынып келген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG