Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:01

Орусияда мигранттарга талап убактылуу жумшарды


Москвада кыргыз мигранттары иштеген курулуштардын бири.
Москвада кыргыз мигранттары иштеген курулуштардын бири.

Президент Владимир Путиндин Орусиядагы чет өлкөлүктөргө тиешелүү 18-апрелдеги жарлыгы кыргызстандыктарга кандай жеңилдиктерди берет? Москвалык укук коргоочулар менен юристтердин талдоосуна көңүл буралы.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин COVID-19 илдетинин жайылуу коркунучуна байланыштуу чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жоктордун укуктарын жөнгө салуу тууралуу жарлыгы 18-апрелде жарыяланган.

Москвадагы укук коргоочу Валентина Чупик Орусиядагы мигранттарга тиешелүү жарлыктын чоо-жайын төмөнкүчө түшүндүрдү:

«Азыр чет өлкөлүктү миграциялык картада көрсөтүлгөн Орусияга кирүү максатына, патенттин же ишке уруксат кагаздын бар-жогуна карабай ишке алууга мүмкүн болуп калды. Бирок ИИМге аны ишке алганы тууралуу жумуш берүүчүлөр кабарлашы керек. Мурун бул билдирүүгө патенттин же ишке уруксат кагаздын номуру көрсөтүлчү. Эми ошол кайсы документ, эмненин негизинде ишке ашырылышы керек экени көрсөтүлгөн эмес, түшүнүксүз. ​

Экинчиден, чет өлкөлүктөрдүн миграциялык каттоосу 15-июнга чейин автоматтык түрдө узартылат. 15-марттан 15-июнга чейин чет өлкөлүктөрдүн миграциялык документтери - убактылуу же туруктуу жашоого уруксат кагазы, патент, жана башка документтери жарактуу мөөнөтү бүтүп калганына байланыштуу жокко чыгарылбайт.

Валентина Чупик.
Валентина Чупик.

Төртүнчүдөн, чет өлкөлүктөр Орусиядан депортацияланбайт, эки же андан ашык административдик мыйзам бузуу үчүн өлкөдөн чыгарылбайт, эч ким экстрадиция болбойт. Мунун баары кийинкиге калтырылат.

Миграциялык каттоосу жок же миграциялык каттоосу боюнча жашабаган же патенти жок же мөөнөтү өтүп кеткен мигранттар эч кандай административдик жазага тартылбайт».

Чупик бул жарлыкта каралбай калган жагдайларды санап өттү. Укук коргоочу эки айдан кийин Орусиядагы миллиондогон мигрант бир маалда документтерин ырастоого муктаж болорун белгиледи:

«Бул жарлыкты ишке ашырууга укуктук нормалар көрсөтүлгөн эмес. Толук иштелип чыккан эмес. Буга чейин миграциялык каттоого тура албай калгандар же патенти жоктор эмне болору такыр түшүнүксүз. 16-июндан кийин бул мигранттардын баарын жумуштан кетирип, көчөдөн кармап, өлкөдөн чыгарышабы?! Албетте, жарлык таза ниет менен жарыяланган. Бирок чийки, акырына чейин иштелип чыкпагандыктан, бул кайрадан чоң түйшүк жаратышы мүмкүн».

«Орусиядагы мигранттардын федерациясы» коомдук уюмунун башчысы Вадим Коженов социалдык тармактарга таркаткан видео кайрылуусунда буга чейин Орусияда мыйзамдуу жүргөн мигранттар эч кооптонбой койсо болот деп түшүндүрдү:

Вадим Коженов.
Вадим Коженов.

«15-мартка чейин Орусияда мыйзамдуу жүргөн болсо, 16-июнга чейин анын документтери толук жарактуу, мыйзамдуу. Бул арада патентке акы төлөөнүн кереги жок, миграциялык каттоону узартуунун кереги жок. Тынч иштеп, жашай бересиз. Виза, Орусияда убактылуу же туруктуу жүрүү, жашоо документтеринин мөөнөтүн узартуу үчүн да расмий мекемелерге баруунун кереги жок. Мисалы, чет өлкөлүктүн миграциялык каттоосу апрелде бүтүп калса, ал эч кандай айып тартпайт.

Ал эми буга чейин эле мыйзамсыз жүргөн мигранттар 16-июндан кийин толук жоопкерчиликке тартылат.

Бул чаралар коронавирустун жайылышынын алдын алыш үчүн жасалып жатат. Андыктан бул жерде жумуш берүүчүлөр иш ордунда санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышын камсыз кылышы аябай маанилүү».

Орусияда чет өлкөлүк мигранттардын саны 10 миллиондон ашат. Путиндин жарлыгы биринчи кезекте КМШнын ичинен Украинанын, Тажикстандын жана Өзбекстандын 2,5 миллиондой жаранын патент акысын төлөп иштөөдөн келерки эки айга бошотот.

Ал эми адвокат Эрланбек Токтосунов кыргызстандыктарга тиешелүү жактарына токтолот. Ал Путиндин буйругу миграциялык документтерин узарта албай, көчөдө текшерүүлөр күч алганда үйдө отуруп калган мекендештерге иш издеп, жумушка орношууга мүмкүнчүлүк берди деп эсептейт.

«Бул биздин жарандар жер-жерлерде киргизилген эрежелерди сактоо менен ишке чыга беришсе болот дегенди түшүндүрөт, - деди ал. - Мекендештерге кыйын болуп жатат. Миграциялык документинин мөөнөтү бүтүп калып, көчөгө чыга албай калгандар бар. Азык-түлүккө, батирге акчасы жок отурушат. Бул жарлык мекендештерге расмий эмгек келишими менен өткөрмө кагаздарын даярдап алып, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактап, ишке чыга берүүгө укук берет.

Мага чырылдап кайрыла башташкан. «Миграциялык каттоомдун да мөөнөтү бүтүп калды. Эми кантип узартам? Депортация боломбу?» деп тынчсызданган мекендештер көп болчу.

Эрланбек Токтосунов.
Эрланбек Токтосунов.

Буга чейин марттын башында Орусиянын ички иштер министринин биринчи орун басары Александр Горовойдун буйругу чыккан. Анда миграциялык каттоосунун мөөнөтү бүтүп бараткандар ИИМдин бөлүмдөрүнө кайрылып, автоматтык түрдө узартып алууга шарт түзүлгөн. Бул жеңилдик боюнча түшүндүрүү иштери жакшы жүргүзүлбөй, мекендештерибиз мүмкүнчүлүктү колдоно алышпай калышты.

Эми президенттин жарлыгы мигранттарды «15-июлга чейин эч документ кылбай эле, иштеп жүрө бергиле» дегени болуп калды.

Бирок, белгилеп айтып коёюн, бул 15-мартка карата расмий иштеп, Орусияда мыйзамдуу жүргөн мигранттарга тиешелүү. Бир жылдан бери документтерине кайдыгер карап, көңүл бурбай, тартип бузуп жүргөндөр жоопкерчиликтен кутулуп кетпейт. Бул амнистия эмес. Бул аргасыздыктан кабыл алынып жаткан чара».

Токтосунов юридикалык документти колдонуп, миграциялык мыйзам бузуу үчүн камакта отурган кыргызстандыктарды бошотууга мүмкүндүк бар деген ойдо.

«Элчилик азыр Путиндин жарлыгын колдонуп, 15-марттан бери миграциялык документтери туура болбой, атайын убактылуу камоочу жайларга кармалып калган бардык кыргызстандыктардын бошотулушун талап кылса да болот. Жарлыкта чет өлкөлүктөрдү өлкөдөн чыгаруу, депортациялоо жана башка бардык процесстерди токтотуу тууралуу айтылат. Мага да азыр жарандарыбыз кайрылып жатышат. Мындай атайын кабылдагычта жаткан кыргызстандыктар да жок эмес», - деди ал.

Орусиянын ИИМинин маалыматына ылайык өлкөдө 750 миңдей кыргызстандык катталса, алардын 320 миңдейи гана тиешелүү органдарга расмий эмгектенгени тууралуу билдирүү жөнөткөн.

Буга чейин Орусияда миграциялык эрежелерди сактабаганы жана башка мыйзам бузуу үчүн 60 миңден ашуун кыргызстандыкка өлкөгө кирүүгө убактылуу тыюу салынып, «кара тизмеге» алынганы кабарланган. Ал эми миграциялык эрежелерди сактабаганы үчүн Орусиядан депортация болууну күтүп, өлкөдөгү ондон ашык убактылуу камоочу жайларда отурган жарандардын саны белгисиз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG