Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:39

«Коронакризис»: ишсиз калган мигранттар


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Бир катар орусиялык эксперттер Орусия бир маалда кош соккуга - коронавирус менен мунайдын арзандап кетишине туш болгонун белгилеп, карантиндик чаралар алынгандан кийин да өлкөдө массалык жумушсуздук сакталып, экономиканын жанданышы оор болот деген ойдо турушат. 

Кыргызстандык Умар - Орусияда коронавирус пандемиясына байланыштуу майга чейин эс алуу күндөрү жарыяланып, эл көп топтолчу эс алуучу жайлардын иши токтотулгандан кийин биринчилерден болуп жумушсуз калган көп мигранттын бири.

Москвада ал иштеген ресторан марттын орто ченинде эле жабылган. Анда иш берүүчү жумушчуларына эмгек акы төлөп бербей эле таркатып жиберген экен.

«Февраль-марттын акчасын ала элек болчубуз. Мага 60 миңдей берилиши керек эле. «Төлөп беребиз» дешкен. Эми телефон чалгандарга да жооп бербей жатышат. «14-апрелде аванс төлөнөт» дешкен. Барсак, мага 5 миң берип, иниме бербей коюшту. Биз азыр башка иш жок, ошол айлыкты эле күтүп отурабыз», - дейт Умар.

Ал эми мейманканада аутсорсинг компания аркылуу иштеген Бек марттын аягында ишинен кыскартылып калган. Андан бери чогуу иштегендер менен бирге эмгек акысын илгери үмүт менен күтүп отурат.

«Тийиштүү органдарга арыз жазалы деп жатканбыз. 1-майга чейин дагы эле төлөп беришеби деп, токтоп калдык», - дейт ал.

Акыркы эки жума ичинде мындай айлык маселеси боюнча Мамлекеттик миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнө 48 жарандан тогуз жамааттык арыз түшкөн. Өкүлчүлүктүн кызматкерлер 2 миллион рублга чейин төлөнбөгөн эмгек акыдан 420 миң рублин мекендештерге өндүрүп беришкен.

Мекеменин башчысы Майрамбек Бейшенов жыл башынан бери 220 жамааттык арыз катталганын айтты. Бирок, бул тапта пандемиядан улам чет жерде жапырт жумушсуз калган жарандарды иш менен камсыз кылуу башкы маселеге айланганын эске салды:

Майрамбек Бейшенов.
Майрамбек Бейшенов.

«Айлык боюнча азыр кайрылгандар азыраак. Көбү иш сурап чалып жатышат. «Бизди иштен кетиришти. Силер эмне жардам бере аласыңар? Иш барбы?» деп сурагандар көбөйдү. 16-марттан бери 475 жумуш ордун аныктадык. 200дөй жаран иш сурап кайрылды. Жумуш орундары боюнча жаңыланган маалыматты социалдык тармактар, элчиликтин сайты аркылуу улам таркатып жатабыз».

Жылына Кыргызстанга чет жактагы мигранттардан 2,5 миллиард доллардай акча келсе, которулган акчанын дээрлик 90% Орусияда иштеген кыргызстандыктарга туура келет.

Вице-премьер Эркин Асрандиев быйыл январь-февралда чет өлкөлөрдөн 313,6 миллион доллар келгенин, бул мурунку жылга салыштырмалуу 31 миллиондон аз экенин кабарлаган. Март-апрелде Орусиядагы мигранттардын 70-80% жумушсуз калганга чейин кыргыз өкмөтү быйыл мигранттардын которгон акчасы 15% азаярын күткөн.

Ал эми Дүйнөлүк банк коронавирус пандемиясына, дүйнөдө мунайдын кескин арзандап кетишине жана жер-жерлердеги карантиндик чараларга байланыштуу Борбор Азия өлкөлөрүнө акча которуу дээрлик 28% кемий турганын маалымдады.

Ушул эле кезде Орусиядагы экономисттер менен серепчилер мунайдан көз каранды өлкө экономикасы кыйла солгундап, жапырт жумушсуздук пандемиядан кийин да сакталаарын болжоп жатышат.

Социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча адис Наталья Зубаревич ири шаарларда туризм, спорт жана эс алуу тармактарында иштеген 10-15 миллион адам биринчи соккуда эле жапырт жумушсуз калат деп болжолдойт.

Наталья Зубаревич.
Наталья Зубаревич.

«2014-жылкы кризисте калктын кирешеси жети пайызга кемиген, - деди ал. - Биз андан толук чыга элек болчубуз. Эми Жогорку экономика мектебинин изилдөөлөрүнө ылайык, калктын кирешеси дагы жети пайызга азаят. Жумуш менен камсыз болгон 72 миллион адамдын 28 миллиону корпоративдик сегментте иштейт. Бул ири жана орто мекемелерде жумуш макроэкономикалык модел боюнча беш пайызга азаят. Ал эми корпоративдик сектордо иш орундары 10% чейин кемийт. Чакан ишкердик менен алектенгендер кеминде 20% азаят».

Ал эми «Чийкизат рыногунун конъюктурасын божомолдоо институтунун» директору Максим Авербух ушул июнда эле орус бюджети 55% толбой калат деген ойдо турат.

«Менин эсебимде, июндун аягында «Brent» жана «Urals» үлгүсүндөгү мунайдын бир баррели дээрлик 100% кунун жоготкондо, биз акыркы чекке жетебиз, - деп негиздеди ал өз божомолун. - Бюджет июлдан тартып таңкыстыкты сезе баштайбыз. Федералдык бюджеттин 40% кирешеси мунайдан түшөт. Калган 30% кошумча нарк салыгынан. Азыр мунайдан түшчү киреше нөлгө түштү. Орусиядагы карантиндик чаралардан улам кошумча нарк салыгынан киреше 15% да жетпей калат. Жыйынтыгында июлда бюджет 55% толбой калат».

Бир жума мурда Мунай экспорттоочу өлкөлөр уюму жана постсоветтик мунайчы өлкөлөр мунасага келишкен. Ага ылайык, май-июнь айларында өндүрүштү суткасына 10 млн. баррелден ашырбоо сүйлөшүлгөн. Ага карабастан 20-апрелде «Brent» үлгүсүндөгү мунай 7% арзандап, баррели 26 долларга чейин түштү.

Орусиялык экономисттердин бир тобу коронавирустун жайылышына байланыштуу орус өкмөтү кабыл алып жаткан чаралардын ишкерликке тийгизген таасирин баалап, пандемиядан кийин экономиканы жандандырууга керектүү сунуштары камтылган «Коронакризис-2020» аттуу баяндаманы жарыкка чыгарышты.

Анын авторлорунун бири – Москва биржасынын Байкоочу кеңешинин башчысы, Жогорку экономика мектебинин профессору Олег Вьюгин коронавирустан кийинки Орусиядагы экономикалык абалды төмөнкүчө мүнөздөйт:

Олег Вьюгин.
Олег Вьюгин.

«Быйыл инфляция эки орундуу сан эмес, үч орундуу санга өтүп кетсе да таң калбайм. Ишкерликке бул анча жаман эмес, алган насыялары жокко чыгат. Кризистин кесепетин бюджеттен акча алгандар –пенсионерлер, мугалимдер, күч кызматкерлери, мамлекеттик үгүтчүлөр, кызматкерлер менен депутаттар сезишет. Азыр алардын кирешеси туруктуу, эч кыйынчылыкка туш боло элек. Бирок инфляция башталганда индексация кескин түшүп кетет. Базар бааларын да кармап туруу мүмкүн эмес, бул азык-түлүк таңкыстыгы менен көмүскө рынокту жаратат. Инфляциялык сценарий экономиканын тезирээк жанданып кетишине мүмкүндүк берет. Бирок ал катуураак жабыркатат. Азыр бул акыбалдан чыгуунун оңой жолу көрүнбөйт. Муну биз эрте түшүнүшүбүз керек».

15-апрелде Орусия президенти Владимир Путин аймактар менен бизнести колдоо боюнча өкмөттүк жаңы чараларды жарыялаган. Ага ылайык жумуш орундарынын 90% сактап калган чакан жана орто ишкердиктеги мекемелерге ар бир жумушчусунун маянасына бюджеттен 12,1 миң рублдан бөлүнөт. Бизнеске насыя алты пайыздык жеңилдетилген чен менен берилет. Ошондой эле аймактардын бюджетине 200 миллиард рубль, авиакомпанияларга 23 миллиард рубль бөлүнгөн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG