Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:40

Түркиядан келген кыргызстандыктардын бирөөнөн коронавирус чыкты


Бишкектеги оорукана. 3-апрель, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги оорукана. 3-апрель, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

17-апрелде Түркиядан учуп келген жүргүнчүлөрдүн арасынан бирөөнөн ПЧР диагностикасынын жыйынтыгы менен коронавирус аныкталды, аны менен байланышта болгон адам обсервацияга алынып, дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Республикалык штаб калган жүргүнчүлөрдөн Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен алгоритмге ылайык, биринчи алынган ПЧР анализдери терс чыгып үй карантинине жиберилгенин билдирди.

Түркиядан Кыргызстанга кайта албай жаткан 487 мекендештин 211и 17-апрелде Бишкекке учуп келген.

23-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус 631 адамдан табылды. Стационарда 321 бейтап жатат, алардын бешөө жандандыруу бөлүмүндө. Сегиз киши каза болуп, 302 адам оорудан айыгып чыкты. (BTo)

XS
SM
MD
LG