Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2021 жума, Бишкек убактысы 23:08

Түркиядан кайткан кыргызстандыктар элчини айыптап чыгышты


Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин аталган өлкөдөн 300дөн ашык орундуу учак менен 211 гана кыргызстандык келип калганы үчүн айрым саясатчыларды, партияларды айыптаган билдирүүсүнө айрым жарандар нааразычылыгын айтып чыгышты.

Алардын бири, Түркиядан ошол учак менен кайтып келген Салтанат Бекбаатырова элчилик кыргызстандыктарды мекенине алып келүүдө эч кандай аракет кылбаганын, тизме түзүүдө шалаакылык орун алганын айтты:

“Ошол жакта элчинин ордуна түрктөр чуркап жүрдү. Майыптарга атайын араба даярдашы керек болчу, кош бойлууларга документ алышы керек эле, операциядан чыккандарга уруксат кагазын алыш керек болчу. Булардын баарын кылган жок. Алар эмне кылды? Даярдалган тизмеден Стамбул, Анкара деп чалып койду. Борт толбой келди”, - деди Бекбаатырова.

Бул жүргүнчү "элчилик Түркия берген учактын сыйымдуулугун санап, ага жараша тизме түзүшү керек эле" дейт. Ал эми сырттагы мекендештерди алып келүүгө аракет кылып жаткан “Замандаш” партиясынын төрагасы Жеңиш Молдакматов Түркиядагы элчиликтин бардык шалаакы иштери жөнүндө далилдерди топтоп парламентке жөнөтөөрүн билдирди.

“350 орундуу борт берилип жатат. Алар тизме менен 200 орунду толтуруп жатат. 130 киши кирбей калды. Ошолорду ченеп туруп жакынкы шаардан алып келиши керек эле”.

Түркиядан Кыргызстанга кайта албай жаткан 487 мекендештин 211и 17-апрелде Бишкекке учуп келген. Учактын толбой калышын Кыргызстандын бул өлкөдөгү элчиси Кубанычбек Өмүралиев мындайча түшүндүргөн.

“Кабарыбыз жок, укпай калдык" деген маалымат чындыкка жатпайт. 211 адам учуп кетип жаткандан кийин кантип кабар жетпей калмак эле? Бул учак менен учуп келгендер Стамбул менен Анкарадагы биздин жарандар. Ачык эле айтыш керек, биз тизмени түзүп жатканда кайсы бир саясатчы, партиялар ортодон кийлигишип жолтоо болушту. Тизме түзгөнүн, учак уюштуруп жатканын айтып, жарандар арасында түшүнбөстүк жаратышты”.

Ушул күндөрү сырттагы мекендештер, айрыкча Орусия менен Түркиядагы жарандар Кыргызстанга келе албай турушат. Кыргыз өкмөтү аларды алып келүүгө аракет кылып жатканын билдирип келет. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (36)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG