Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:10

Элчиликтин «пакетине» ичи чыкпаган мигранттар


Москвадагы мекендештерге жардам бергендер.
Москвадагы мекендештерге жардам бергендер.

Кыргыз өкмөтүнүн Орусиядагы мигранттарга жардамга бөлгөн 10 миллион сому талаш-тартышка жем таштады. 

Москвадагы кыргыз элчилигинен жардамга алган «пакетке» нааразы болгон мекендештин видеосу 24-апрелде Интернетке тараган. Видеодо ал эки кило ун, кесменин эки-үч түрү, гречка, күрүч, кант, эки литр өсүмдүк майын көрсөтүп, үч балалуу аялга берилген бул жардамга ичи чыкпаганын айткан​:

«Байкем Кыргызстанга кетип, жеңем Москвада үч баласы менен калган. Элчиликке жардам сурап кайрылса, ушуну алып келип беришиптир. Уят эми. Муну карагыла. Дагы «кол коюп берип койгула» дейт. «Кол коюп бере албайм» дедим. Эртең батир акысы бүтөт. 10 миллион акча келдиби? Ошого жардам бергиле дедим».

Бул видеонун алдында эле мекендештердин бир тобу кыргыз өкмөтү Орусиядагы мигранттарга бөлгөн 10 миллион сомдон «ар бир мигрантка 13 000 сомдон тиет» экен деп эсептеп алып, Москвадагы элчиликтин эшигин каккылай башташкан. Социалдык тармактарда айрымдары төлөнбөй калган батирин, насыя, карыздарын айтып, үй-бүлөсүндөгү адам башын эсептеп, өкмөттүк жардам акчалай бөлүнүшүн талап кылгандар четтен чыккан. «Бийлик эми муну да жеп коёт» деп тынчсыздангандар да болгон.

Мигранттардын чаттарында тараган бул чуулуу видео нааразычылыкты күчөтүп, талашка жем таштады. Бир далайы элчилик АШАН, «Пятерочка», «Магнит» деген соода түйүндөрдөгү эң арзан баада сатылган азык-түлүк берип жатат деп сындап чыгышты. Кээ бири мындай азыктарды «орустар ит-мышыгына да бербейт» деп сөз кылып жатышат. ​

«"Каждый день" деген макарон өзү бышпайт. Бул кесмени орустар ит-мышыгына бышырып беришет. Биз мышыктан да төмөн болуп кеттик. Бул чайдын он пакетин бир салсаң да кызылы чыкпайт» деп жазды нааразы болгон бир келин.

АШАНдан алынган унду жана кесмени полго коюп алган адамдын жана мурдун чүйрүгөн келиндин кылыгынан улам «кесир кылбагыла» деп, акылга чакыргандар да болду:

Ал эми Москвада жумушсуз отурган Нурбол Айдаралиев «Азаттыкка» арызданып кайрылгандардын бири. Ал мигранттардын арасындагы нааразылыкты мындайча түшүндүрдү:

«Бул жерде кыйналган эл нааразы болуп жатат. Мен өзүм кайрылган жокмун. Кээ бирлери 200-250 рублга жетпеген эле эң арзан азык-түлүктү алганын айтып жатышат. Кээ бирлери азык-түлүктү көргөндө эле баш тартышыптыр. Эми тамакты тандап болбойт. Бул жерде кеп азыктын сапатында эмес, аздыгында болуп жатат. Чындыгында муктаж болгондор элчиликке чалса, «адегенде балалууларга, кош бойлууларга беребиз» деп коюшуптур. Анан бул жерде да махинация болуп жатпайбы. Орусияга 10 миллион сом бердик деп коюп, Москвага 4 миллионун гана беришиптир. Калганы региондорго таратылат дейт. Мигранттардын көбү ушул жерде. Мен өзүм АШАНдан акция менен, «красная цена» деген азыктарды жеп эле жүрөм. Эми элди да түшүнүш керек. Аны жебегендер да бар экен».​

Элчиликтин жообу

Москвадагы кыргыз элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова элчилик буга чейин өз аракети, диаспоранын күчү менен азык-түлүк чогултуп, жардамга муктаждарга таратып келгенин айтты. Ал эми өкмөттөн Москва шаары менен Москва облусуна бөлүнгөн 4 миллион сом эсепке да түшө элек.

Гүлбарчын Байымбетова
Гүлбарчын Байымбетова

«Бүгүн-эртең түшөт деп жатабыз. Ал эми эл нааразы болгон баштыктарды биз өз күчүбүз менен чогултканбыз. Кайдыгер эмес мекендештерибиз алып келген жардам. Элчиликтин кызматкерлери экинчи жолу бир күндүк айлыгыбызды муктаждарга азык-түлүк алуу үчүн бердик».

Орусияда 750 миңдей кыргызстандыктын жарымынан көбү Москва шаары менен облусунда жашайт. Байымбетова өкмөттүк тапшырмага ылайык, жардам ара жолдо калып, оор абалга туш болгондорго жана калктын аярлуу топторуна бөлүштүрүлүп жатканын белгилейт.

«Биринчи кезекте коронавирус жуктуруп алып, азыр бир батирде 10-15тен карантинде жаткан мекендештерге берилет. Анан көп балалууларга, жалгыз бой энелерге, кош бойлууларга берилет. Батирге акчасы жок, көчөдө калган жарандарга жардам берилет. Мисалы, кечээ кечинде бир келин баласын жетелеп келди. Аларды акысын төлөп, хостелге жайгаштырдык. Бизге өкмөттөн эки позиция боюнча тапшырма келди. Бул - муктаждарды азык-түлүк менен камсыз кылуу жана аэропорттордо уча албай калып кеткен мекендештерди жатакана менен камсыздоо».

Орусияда коронавирусту жуктуруп алган кыргызстандыктардын так саны расмий айтыла элек. Буга чейин элчилик Москвада коронавируска шек менен 50-60тай адам үй карантинине алынып, аларга азык-түлүк, дары-дармектен жардам көрсөтүлүп жатканын билдирген.

Ошондой эле март-апрелде аба каттамдары токтотулгандыктан Москванын «Шереметьево», «Домодедово», «Жуковский» аэропортторунан Кыргызстанга кете албай калган жүздөн ашуун жаранды элчилик Москва облусундагы жатаканаларга жайгаштырып, диаспорадагы облустук коомдордун жардамы менен тамак-аш менен камсыздап жатат.

Талашка түшкөн жок акча

Элчиликке азык-түлүктөн жардам сурап кайрылгандардын арызы дипломатиялык мекеме, Миграция кызматы жана ИИМ өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери менен диаспорадагы коомдук ишмер жана активисттерден турган атайын комиссиядан өтөт.

Толкунбай Акматов
Толкунбай Акматов

Муктаждарга жардам чогултуп, аны таратууга көмөктөшүп жаткан коомдук ишмер Толкунбай Акматов арыздар облустук, райондук, айылдык бирикмелер аркылуу тастыкталып, мындай тартип жардамды текши таркатуу үчүн түзүлгөнүн белгиледи.

«Элчи Аликбек Жекшенкулов «эл кыйналат, ортого фонд түзөлү» деп өзү демилге көтөрүп чыккан. Биринчи жардамга элчиликтин кызматкерлери айлыктарынан акча чогултуп беришкен. Анан мекендештердин айылдык, райондук, облустук коомдор баштык-баштык менен өздөрү продуктуну алып барышкан. Жардам сурагандар ошол коомдор аркылуу тастыкталат. Мисалы, мен «Ноокат» коомунун башчысымын. Мага ноокаттыктар боюнча маалымат жөнөтсө, мен ар бир айылга чейин тактап, анан чыныгы муктаждарды аныктайбыз. Буга чейин күнүнө 4-5 унаа менен ондой үйгө чейин жардам жеткирип жаттык. Көздөрү чачырап, сүйүнүп, ыраазычылыгын айткандар бар. Анан «өкмөт 10 миллион бөлдү» дегенде балакет башталды. Жардам сурагандар көбөйүп, мурун өзүбүз жеп жүргөн тамакты эле арзан, анан мындай-тигиндей дей башташты. «Каждый день» деген бул орусиялык компаниялар өздөрү өндүрүп, дүңүнөн саткан азыктар. Күндө жеп жүргөн эле тамагыбыз».

Башка жүз миңдеген кыргызстандыктар, миллиондогон орусиялыктар сыяктуу эле бир айдан бери өзү да ишсиз отурганын белгилеген Акматов кээ бир мигранттардын кылыгы адамгерчиликке, ыйман-ынсапка туура келбестигин белгилейт.

«Үйүндө бекер жатып алып, анан телефон чалып жардам сурап, алып барган тамакты «муну карасаңар» деп кесир кылгандар болот экен. «Элчилик жардам берип жатат» деп угуп, «жөн эле сурагам, сынап көрөйүн» дегендер бар экен. Ар түрдүү адам болот экен коомчулукта. Мунун баары пейилден».

Элчиликтин «баштыгына» ынанбай, нааразы болгондордун кылыгын кээ бир мекендештер чын-азили аралаш тамашага салып, колдоого да алышты:

Анткен менен жылына Кыргызстанга 2,5 миллиард доллардай акча которуп, үй-бүлөсүн, айылын багып келген Орусиядагы мекендештердин бир тобу азыр өздөрү ишсиз отуруп калып, жашаган батирине акы төлөй албай, күнүмдүк азыгын камсыздай албай, кыйналып турган чагы.

Кыргыз өкмөтү быйыл январь-февралда чет өлкөлөрдөн 313,6 миллион доллар келгенин, бул мурунку жылга салыштырмалуу 31 миллиондон аз экенин кабарлаган. Быйыл мигранттардын которгон акчасы 15% азаярын күткөн.

Ал эми Дүйнөлүк банк коронавирус пандемиясына, дүйнөдө мунайдын кескин арзандап кетишине жана жер-жерлердеги карантиндик чараларга байланыштуу Борбор Азия өлкөлөрүнө акча которуу дээрлик 28% кемий турганын билдирди.

Ушул эле кезде Орусиядагы экономисттер жана серепчилер мунайдан көз каранды өлкө экономикасы кыйла солгундап, жапырт жумушсуздук пандемиядан кийин да сакталарын эскертип жатышат.

Кыргызстандын Москвадагы элчилигинде күнү-түнү телефон чалуу борбору иштеп жатат, төмөнкү номерлер аркылуу байланыша аласыз:

+7 (499) 237 43 01;

+7 (499) 237 44 61;

Чөнтөк телефондор жана «Вотсап» тиркемеси менен иштегендер: +7 (925) 387 41 27, +7 (925) 387 45 97 жана +7 (925) 103 29 11.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG