Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:49

Түркиядагы мигранттардын учак убайымы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

21-апрелде Коронавируска каршы республикалык штаб Түркиядан кайтууну каалаган жарандар үчүн дагы бир учак каттамын уюштурарын маалымдаган.

Тышкы иштер министрлиги бул каттамдын тизмесине алгач дарыланыш үчүн кеткендер, балалуу аялдар жана улгайган адамдар кирерин билдирди.

Зулайка Деркембаева - Түркиянын Анталия шаарында Кыргызстанга кете турган учакты күткөн жарандардын бири. Ал 24-мартка алган учак билети аба каттамдарынын токтошу менен күйүп кеткен. Коронавирус пандемиясынан улам Түркиядан Кыргызстанга буга чейин кеткен эки атайын учакка жетише албай калган. Зулайка бул ирет Түркиядагы элчилик менен консулдуктан уюштуруу иштерин тыңыраак жүргүзүүнү суранды:

«Мен буга чейин Кыргызстанга кеткен каттамдарга жетише албай стресс болуп ооруп калдым. Кыргызстанга кетебиз деп жумуштан да чыгып калганбыз. Ушунун баары стресске алып келет экен. Иши бар кыргыздар иштеп жатышат, бирок ишсиз калгандар кыйналып жатат. Мен элчиликтен бир суранарым, ушул Түркиянын аймактарында жашаган мигранттарды учакка чейин алып келүүнү жакшы уюштурса дейм».

24-апрелде Стамбул-Бишкек каттамы боюнча кете турган учактын билетинин баасы 187 евро деп бекитилген. Бул баага каражаты жетпеген айрым мигранттар жеңилдетүү күтүшөт. Беш жылдан бери Стамбул шаарында эмгектенип жаткан Асел да эки кызын Кыргызстанга жөнөтүүгө чамасы жетпей жатканын айтты:

«Азыр кээ бир жарандар «бул учак кыргызстандыктарды Бишкекке бекер жеткирет экен» деп ойлоп жатышат. Бул туура эмес. 200 евронун тегерегинде болот деп укканбыз. 17-апрелде учкан рейске деле жүргүнчүлөр кадимкидей эле билет алып кетишти. Менин бир аз топтогон акчама кыздарымды Кыргызстанга жөнөтсөмбү десем жетпей калды. Андыктан чыдап, ал акчага азык-түлүк алып бул апааттан чыгып кетебиз деп үмүттөнүп турабыз».

Анкарадагы элчиликтин «Фейсбук» баракчасындагы билдирүүдө Түркиянын аймактарында жашаган жана атайын тизмеге кирген жарандарга аэропортко чейин келүүгө атайын автоунаа уюштурулуп жатканы жазылган. Анткени Түркияда COVID-19 илдетинин алдын алуу максатында өлкөдө аймак аралык автоунаа каттамдарына чектөө киргизилген. Андыктан жергиликтүү бийликтен алына турган уруксат иштерин бүтүрүүгө элчилик жана консулдук милдеттенме алган.

31 жаштагы Данияр Бейшебаев эки ай мурун Түркиянын Анталия шаарына бөйрөк алмаштыруу боюнча операцияга ата-энеси менен келген. 5-мартта Данияр операция болуп бир айдан кийин ооруканадан чыккан. Аба каттамдары токтогондуктан Бейшебаевдердин үй-бүлөсү атайын чартердик каттамды күтүүгө аргасыз болгон. Талапка ылайык башкы консулдуктун электрондук почтасына кат жөнөткөн Данияр Кыргызстанга кете турган учакты бир канча жумадан бери күткөнүн айтты:

«Элчиликтин электрондук почтасына менин ооруканадагы абалым тууралуу маалымат берип, «Кыргызстанга кетели» деген катыбызды жөнөткөнбүз. Анткени ооруканадан чыккандан бери акча каражатыбыз тартыш болуп, тезирээк Кыргызстанга кетсек жакшы болот эле деп отурабыз. Батирге, тамак-ашка, дары-дармекке колубуздагы акчабыздан коротуп билетке деген акчабызды сактап турабыз. Бирок жазган катыбызга элчиликтен жооп келе элек».

Элчиликтин жана консулдуктун кызматкерлерине ырахмат. Кыргызстанга аман-эсен жетсек экен деп отурабыз.

Ошондой эле элчилик 24-апрелде боло турган каттамдын тизмесине эң оболу дарылануу үчүн келгендер, балалуу аялдар жана улгайган адамдар кирерин маалымдаган. Түркиянын Эдирне шаарында жашап жаткан Гүлмира 24-апрелдеги учакта тизмеде болгонун, азыр эми аймактар арасында жол жүрүү үчүн уруксат кагаздарын камдап жатканын айтты:

«Мен «Түркиядан Кыргызстанга атайын каттам кетет» дегенде эле консулдукка тизмеге туруп койгом. Бүгүн чалып, «24-апрелдеги рейс менен кетесиз» дешти. Эртең коменданттык саат баштала тургандыктан мен эртелеп аймак аралык саякаттын уруксатын жергиликтүү бийликтен алып коёюн деп жатам. Элчиликтин жана консулдуктун кызматкерлерине рахмат айтам. Кыргызстанга аман-эсен жетсек экен деп отурабыз».

Кыргызстан жана Түркия коронавирус пандемиясынан улам аба каттамдарын жапкандан кийин Бишкекке эки атайын чартердик рейс уюштурулган. Анталия жана Стамбул шаарларынан учкан түз учактар менен 400дөн ашык кыргызстандык мекенге кайткан.

Түркияда COVID-19 илдетин жугузуп алгандар алгач 11-мартта катталган. Андан бери өлкөдө мектептер, коомдук жайлар жана айрым ишканалар толугу менен жабылган.

27-мартта Түркия коронавирустун жайылышын чектөө максатында бардык эл аралык каттамдарын токтоткон. Аймак аралык автобус каттамдары жергиликтүү бийликтин уруксаты менен гана жүргүзүлөт.

21-апрелде Түркияда COVID-19 вирусунан өлгөндөрдүн саны 2259 кишиге жетти. Ал эми коронавирус жуккандар 95 миң кишиге жетип, статистика боюнча Түркия Иран менен Кытайдан ашты. Коронавирустан айыгып чыккандардын саны 15 миң адамга чамалады.

Түркияда расмий 35 миңден ашык кыргызстандык катталган. Алардын 6 миңге жакыны расмий эмгек визасы менен иштейт. Бирок Анкарадагы элчиликтe жана Стамбулдагы башкы консулдукта 1840 гана кыргызстандык консулдук каттоодон өткөн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG