Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:16

COVID-19: Өкмөттүн сынга калган сүрөтү


Медицина кызматкери Ош шаарынын көчөлөрүнүн бирин дезинфекциялап жатат. 6-июнь, 2020-жыл.
Медицина кызматкери Ош шаарынын көчөлөрүнүн бирин дезинфекциялап жатат. 6-июнь, 2020-жыл.

18-июнга карата COVID-19ду жуктуруп алган 693 адам ооруканада жатат. Бул Кыргызстанда илдет башталгандан бери бир учурда ушунча көп адам ооруканада жаткан рекорддук көрсөткүч.

Ушул жуманын башынан бери Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жугузуп алгандар күнүнө 90дон кем эмес катталууда.

Адистер ооруну жугузгандар дагы көбөйсө, ооруканалар бейтаптарга толуп калышы мүмкүн экенин эскертүүдө.

Сынга алынган сүрөт

Бул Кыргызстанда Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт кызматтан кетип, анын ордуна Кубатбек Боронов премьер-министрликке көрсөтүлүп, дайындалган учурга туш келди. Парламент Бороновдун талапкерлигин 17-июнда колдоп берди.

Ушул эле күнү өкмөт үйүнүн алдында аппараттын 100дөн ашык кызматкеринин Абылгазиев жана Боронов менен түшкөн сүрөтү тарап кетти. Коронавирус күчөп турган кезде өкмөттүн 100дөн ашык киши болуп түшкөн сүрөтү социалдык тармактын колдонуучуларынын сынына калды.

Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы​ Чыңгыз Эсенгул уулу коронавирустун жайылышын алдын алуудагы аракетти бир сүрөт менен жокко чыгарбоону суранды:

Чынгыз Эсенгул уулу.
Чынгыз Эсенгул уулу.

«Кечээ мурдагы өкмөт башчыны узатуу учурунда кызматкерлердин эстеликке сүрөткө түшүү өтүнүчүн Мухаммедкалый Дүйшекеевич жана Кубатбек Айылчыевич четке кага алышкан жок. Муну эч ким мурдатан пландап, даярдаган эмес, күтүүсүз эле сунушту жалпыбыз колдоп кеттик. Кызматкерлердин өз демилгеси менен беткап тагынбай сүрөткө түшүүсү ачык жерде, кыска убакыттын ичинде эле болгон. Ооба, иш бар жерде кемчилик да болбой койбойт экен, аны мойнубузга алабыз. Ошентсе да, ушул команда - мамлекетибиздин өнүгүшү, элибиздин жакшы турмушу үчүн иштөөгө бел байлагандар. "Ырыс алды – ынтымак" дейт кыргызда. Бир ууч болгон жамаат ушунча убакыт бир максатта иштеген жетекчилигине сый-урмат көрсөтүп узатканы ашык деле болбос».

Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөсү Айбар Султангазиев өкмөт мүчөлөрү карантинди өздөрү бузуп жатканын айтты:

Айбар Султангазиев.
Айбар Султангазиев.

«Бийлик өкүлдөрү, аткаминерлер санитардык эрежелерди сактагыла деп коюп, өздөрү беткап тагынбай, эрежени бузуп жатат. Ошол сүрөттүн алдына "коронавирус чындап жок экен, жалган экен" деп жазып жатышат. Бул сүрөт эпидемиянын мындан ары да күчөшүнө шарт түзөт. Бул сүрөттү көргөн эл эпидемиялык абал чындап күчөп жатканына ишенбей калды. Эми ооруп жаткан адамдар көбөйөт. Өкмөт өкүлдөрү телевизорго чыгып алып "беткап кийгиле, аралыкты сактагыла" деп кантип айтат? Андан көрө элден кечирим сурашы керек».

Күн сайын көбөйгөн сандар

Бүгүнкү күндө коронавирус жугуп катталгандардын саны 2650 адамды түзөт. Алардын 70 пайызы ооруну жеңил жана симптому жок өткөрүүдө.

Мындан улам Саламаттык сактоо министрлиги анализинде вирус табылып, бирок оорунун клиникалык белгилери байкалбаган адамдарды үй карантинге алып, аларды көзөмөлдөө алгоритмин иштеп чыкты.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 17-июндан тартып министрлик коронавирус менен ооругандарды дарылоодо жаңы алгоритм менен иштей баштаганын билдирди:

Нурболот Үсөнбаев.
Нурболот Үсөнбаев.

«Оорунун белгилери жок болсо, биздин мекемелерде алар үчүн атайын дарылоо курсу жүргүзүлбөйт. Буга чейин биз анализи тастыкталгандарды ооруканага жаткырып, дарыгерлердин көзөмөлүндө кармачубуз. Эми биз аларды үй шартында катуу тартипте кармайбыз. Аларды көзөмөлдөө үчүн жергиликтүү дарыгерлер бөлүмү жана укук коргоо органдары да тартылат. Алардын абалы тууралуу дарыгерлер күндө телефон аркылуу маалымат алып турат. Андан сырткары үй карантинде отура турган адамдар өздөрү да «сыртка чыкпайм, башкалар менен жолукпайм» деп милдеттенме алып, кол коюп берет. Мобилдик тиркемелер да жүктөлүп берилет. Эгер үйүндө шарты жок болсо, анда алар үчүн атайын медициналык жайлар даярдалган. Алар ошол жакта дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат».

Үсөнбаев учурда ооруканаларда бейтаптар үчүн орундар жетиштүү экенин кошумчалады.

Республикалык жугуштуу оорулар клиникасынын директору Гүлжигит Алиев вирус алып жүргөн адамдар биринчи кезекте үй-бүлө мүчөлөрү үчүн кооптуу болушу мүмкүн экенин белгилейт.

«Анализинде коронавируска чалдыкканы көрсөтүлүп, бирок оорунун белгилери жок адамдар башкалар үчүн өтө кооптуу болушат. Анткени алардын иммунитети жакшы болуп, вирус менен күрөшө алат. Адамга вирус жукканда оорунун козголушу вирустун санына, сапатына жана адамдын иммунитетине жараша болот. Эгер вирус аз санда болсо адамдын организми аны менен оңой күрөшө алат. Ал эми башка адамдын организми вирусту көтөрө албай калышы мүмкүн. Андыктан вирус жукканы аныкталып, бирок оорунун клиникалык белгилери байкалбаса, мындай адамдар обочолонуп, үйдө калышы керек», - деди Алиев.

Адистер вирустун көбөйүшүн санитардык талаптар аткарылбай, аралык сакталбай жатканы менен байланыштырууда. Айрыкча коомдук транспорттун көбөйүшү, адамдардын эл чогулган жерлерде беткапсыз, эч кандай коргоочу каражатсыз жүргөнүнүн кесепетинен вирус тарап жатат дешет. Мындан улам Саламаттыкты сактоо министрлиги жарандарды санитардык талаптарды так сактоого чакырып келет.

Ал арада Казакстанда бир катар бийлик өкүлдөрү аралыктан иштөөгө өттү. 16-июндан тартып Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртановдон коронавирус аныкталгандан кийин бир нече аткаминер карантинге чыкты. Жергиликтүү медиа жазгандай, премьер-министр Аскар Маминдин артынан билим берүү министри Асхат Аймагамбетов, коргоо министри Нурлан Ермекбаев, айыл чарба министри Сапархан Омаров жана Жамбыл облусунун акими Бердибек Сапарбаев аралыктан иштөөгө өттү. Өкмөттүн 16-июнга белгиленген жыйыны 19-июнга жылды.

Ошондой эле Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевден да коронавирус табылды. Бул тууралуу анын расмий сайты кабарлады.

"Назарбаев учурда өзүн чектеп отурат. Камтама болууга негиз жок. Ал дагы деле аралыктан иштөөсүн улантып жатат", - деп жазды сайт.

Ал эми Өзбекстандын өкмөтүндөгү департаменттердин биринин жетекчиси коронавирус жуктуруп алганы үчүн министрлер кабинетинин имараты толугу менен карантинге алынды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG