Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:06

COVID-19: Өзбекстанда өкмөттүн имараты карантинге алынды


Өзбекстандын өкмөтүнүн имараты.
Өзбекстандын өкмөтүнүн имараты.

Өзбекстандын өкмөтүндөгү департаменттердин биринин жетекчиси коронавирус жуктуруп алганы үчүн министрлер кабинетинин имараты толугу менен карантинге алынды. Бул тууралуу жергиликтүү "Дарье" басылмасы өкмөттөгү өз булактарына таянып билдирди. Бирок өкмөттө ким вирусту жугузуп алганы, карантин канчага чейин созулары так белгиленген жок.

Президент Шавкат Мирзиёев 16-июндагы видеоселектордук жыйында акыркы эки жуманын ичинде Ташкентте 482 киши вирус жуктуруп алганын, алардын 57си кайдан жуктурганы белгисиз болуп жатканын билдирген. Мамлекет башчы өлкөдөгү эпидемиологиялык абал начарласа, бир катар шаарлар менен облустар кайра жабыларын эскерткен.

Көп өтпөй Ташкент шаарында коронавирустан улам кеминде эки соода борбору жана бир базар убактылуу жабылды.

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин 18-июндагы маалыматына ылайык, соңку бир жарым суткада 300 кишиден коронавирус табылды. Өлкөдө өпкөнү сезгенткен бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 5697 кишиге жетти. Оору 19 адамдын өмүрүн алды.

XS
SM
MD
LG