Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:56

Өкмөт беткапсыз түшкөн сүрөт боюнча түшүндүрмө берди


Социалдык тармактарда тараган сүрөт.
Социалдык тармактарда тараган сүрөт.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгул уулу мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди узатуу маалында өкмөт курамынын ондогон мүчөлөрү беткапсыз сүрөткө түшкөнү боюнча түшүндүрмөнү "Фейсбуктагы" баракчасынан жарыялады.

Анда Чыңгыз Эсенгул уулу өкмөттүн коронавирустун жайылышын алдын алуудагы аракетин бир сүрөт менен жокко чыгарбоону суранган.

Ошондой эле коомчулуктан кечирим сурап, аппараттын ар бир кызматкери күн сайын эртең менен ишке келгенде дене табы текшерилерин, иште сөзсүз беткап тагынышарын билдирген.

“Бул илдет чындыгында бардыгыбыз үчүн чоң сыноо болду. Арабызда жакындары ушул ооруга кабылгандар да бар. Ушундай шартта бул сүрөт "оору жок же маска тагынбай койсо болот" деген ойго түрткөнү өкүнүчтүү. Коронавирусту жуктуруп албоо, өз саламаттыгыбызга сак болуу, албетте, ар бирибиздин колубузда», - деди Чыңгыз Эсенгул уулу.

17-июнда Интернетте мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди кызматтан кетип жатканда узатуу учурунда өкмөт курамынын беткапсыз түшкөн сүрөтү тарап кеткен. Анда өкмөт башчы баш болуп ондогон адамдар беткап тагынбай турушат.

Социалдык тармактарда «өкмөт өзү санитардык эрежелерди сактабай жатат» деген сын-пикирлер айтылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG