Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:31

Назгүл: Коронавирус кантип жукканын билбейм


Бишкектеги соода борборлорунун бирине кирүү тартиби
Бишкектеги соода борборлорунун бирине кирүү тартиби

Бишкек шаарынын тургуну Назгүл Бодбаевага 3-июнда коронавирус диагнозу коюлган. Ал азыр Ысык-Ата райондук жугуштуу оорулардын клиникасында дарыланып жатат.

Назгүл Бодбаева катуу жөтөлүп, бирок абалы барган сайын оңолуп жатканын айтып сөзүн баштады:

«Мен кайнак сууну бир идишке кечкисин куюп, эртең менен ичип алам деп калтырып койчумун. Ал суу таңга чейин муздап калат да. Ошону такай иччүмүн. Анан эле тамагым ооруй баштады. Өнөкөт бронхит оорум деле жок. Бирок өзүмдү начар сезе баштадым. 2-3 күндөн кийин буту-колум тердеп, дене табым көтөрүлдү. Денем аябай талыкшып, чарчап, температура 38ге чыккан, тура албай жатып калдым. Парацетамол ичкенде кайра түштү.

Түштө кадимкидей баш көтөрүп, 2-3 саат үй жумуштарын кылып, иштеп калам. Болбой эле дене табым кайра көтөрүлөт. Айлам кеткенде парацетамолго амоксоцоллин кошуп ичтим, ага деле болбоду. 3-4 күндөн кийин ыкшып жөтөлүп калдым. Жөтөлсөм дем ала албай, кыйналып чыктым».

Назгүл Бодбаева
Назгүл Бодбаева

Үйүндө 10 күндөн ашык ооругандан кийин Назгүл дарыгерлердин мобилдик бригадасын чакырып, экспресс тест тапшырган, бирок жыйынтыгы коронавирусту көрсөткөн эмес. ПЧР тест тапшырып, 3-июнда Назгүлдү «Тез жардам» Кант шаарындагы Ысык-Ата райондук жугуштуу оорулардын клиникасына алып барган.​

Үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары анализ тапшырып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын тобу үйүн толук дезинфекциялап чыккан.

«Бул оорунун биринчи эле белгиси - адам такыр жыт, даам сезбей калат экен. Мен да жеген тамактын даамын, жытын билбей калдым. Азыр ооруканада жаткан бөлмөмдү үч жолу хлор менен жууп кетишсе деле жыт сезбей жатам. Күчтүү антибиотиктерди сайгандыктан тамакты өзүмдү кыйнап эле ичүүгө аракет кылуудамын. Болбосо такыр табитим жок. Жөтөлүм басыла элек.

Бул жакта дарыгерлер "коронавирус өпкөгө түшсө мурундан алынган анализден, флюрографиядан көрүнбөйт, билинбей курчуп кетет" деп айтып жатышат. Ошондуктан аябай коркунучтуу оору экен.

Мен беткапты түшүрбөй тагынып, чет жактан келген эч ким менен байланышпай, карантиндин эрежелерин катуу сактаган элем. Сыртка дүкөнгө эле барчумун. Анда да колуман антисептикти түшүрбөй, беткапты чечпей жүрчүмүн. Каяктан, кантип жугуп калганын билбейм. Чынын айтсам, мен деле ооруганга чейин вирус жок го деп ойлочумун. Көп деле ишенбей жаткам. Качан гана өз башыма түшкөндө билдим».

Дарылоо процесси жеңил эмес

Азыр Назгүл Бодбаевага ооруканада төрт маал антибиотик сайып жатышат. Андан тышкары организмдеги уулуу заттарды чыгаруучу тамчылатма дарылар куюлду.

«3-июнда кечки саат жетиде ооруканага алып келишти. Дене табым 38,5 градустан такыр түшпөй койду. Дарыгерлер “литическая смесь” деп коёт экен, атайын ысытманы түшүрчү дарылардын кошулмасын сайышты. Чоң бөтөлкөдөгү адамдын денесиндеги уулуу заттарды чыгарчу тамчылатма дарыдан дароо экини куюшту. Анан таң аткыча тердедим. Көл-шал болуп, улам которгонума карабай кийимим, төшөгүм суу болуп калат. Ошентип эптеп таң атырдым. Анан дене табым акырындап түшө баштады. Антибиотикти кошкондон кийин азыр кыйла эле жакшы болуп калдым. Температурам 36,5 градустан көтөрүлбөй калды. Ошентсе да шайым жок.

Кант шаарындагы дарыгерлерге ыраазычылыгымды билдиргим келет. Абдан жакшы, ак ниет иштеп жатышат. Коргоочу костюмдар аба өткөрбөйт да, ушул ысыкта үч кат кийим, жылчыгы жок беткап, көз айнек, 3 кабат колкап менен кишиге ийне сайыш деле кыйын экен. Байкуштар тердеп чыкканда көз айнектери бууланып кетет. Аны да чече алышпай, 5-6 саат жүрүшөт. Үч команда улам нөөмөт менен алмашып, вирус менен ооругандарды тынымсыз карап жатышат. Дарыгерлер ооруп калса эмне болот?

Андыктан аралыкты сактап, эл көп чогулган жерлерге барбай, вирусту жуктурбаганга аракет кылалы. Азыр догдурларга болгон эң чоң жардамыбыз эле ушул экен».

Жалпысынан 18-марттан 8-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 2032 адамдан табылды, алардын ичинен 23 бейтап кайтыш болду, 1445 адам айыгып чыкты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG