Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:49

Чүйдө жана Ошто илдетке чалдыккандар көбөйдү


Атайын рейс менен Түштүк Кореядан келген кыргызстандыктарды Алматынын аэропортунда дезинфекциялап жатышат. Казакстан. 14-май, 2020-жыл.
Атайын рейс менен Түштүк Кореядан келген кыргызстандыктарды Алматынын аэропортунда дезинфекциялап жатышат. Казакстан. 14-май, 2020-жыл.

Вирусту жугузгандардын арасында борбор калаанын мэри Азиз Суракматов, Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдинов да бар.

Кыргызстанда 20-июнга карата коронавируска чалдыккан 192 адам жаңы катталып, үч адам каза тапты. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч.

Каза тапкандардын экөө - 59 жаштагы аял менен 61 жаштагы эркек Ош облусунун, 62 жаштагы эркек Түп районунун тургуну экени кабарланды.

Вирусту жугузуп алгандардын арасында медиа эксперт Азим Азимов да бар. Анын ПЧР-анализинин жыйынтыгы 20-июнда белгилүү болгон:

Азим Азимов.
Азим Азимов.

“Апта башында тумоолоп, жыт сезбей калдым. Үч күн мурда тест тапшыргам. Бүгүн ал короновирус жугузуп алганымды көрсөттү. Тесттин жыйынтыгына чейин эле симптомдордон улам ооруну жугузуп алганымды байкап жаткам. Азыр абалым жакшы. Элди жоопкерчиликтүү болууга чакыргым келет".

Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдинов да COVID-19 инфекциясын жугузуп алганы белгилүү болду.

20-июнда Бишкектин мэри Азиз Суракматовдон да коронавирус аныкталды. Маалыматты мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев ырастады:

“Мэр үч күндөн бери дене табы көтөрүлүп, үйдөн иштеп жаткан. Кечээ лабораториялык ПЧР-анализинин жыйынтыгы коронавирус жугузуп алганын көрсөтүптүр. Абалы жакшы, азыр эле сүйлөштүм. Азырынча үйүнөн эле дарыланып жатат”.

Түлөбаевдин маалыматына караганда, мэриянын бардык кызматкерлери анализ тапшырып, жыйынтык таза чыккан. Ушу тапта кызматкерлер үйдөн иштеп жатышат. Жарандарды кабыл алуу убактылуу токтотулган. Мэриянын имараты 19-июнда кечинде толук дезинфекция болгон.

20-июнга карата Кыргызстанда коронавирус аныкталган 192 адамдын ичинен 94 адам Бишкектин, 62 киши Чүй облусунун тургуну экени маалым болду. Буга байланыштуу борбор калаадагы коомдук транспорттун иши убактылуу токтотулары айтылды. Бул тууралуу өкмөт башчы Кубатбек Боронов брифингде билдирди:

"Күнүгө жарандардын арасында коронавирус инфекциясын жугузуп алгандардын саны көбөйүүдө. Өзгөчө Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда кырдаал курч. Аймактарда абалды көзөмөлдөө боюнча толук кандуу иштер жүргүзүлбөй жатат. COVID-19 илдетинин күчөп жаткандыгына байланыштуу иш-чараларды күчөтөбүз. Бишкек шаары боюнча ишемби күнү түштөн кийин жана жекшемби күнү толугу менен коомдук транспорттун кыймылын токтотуп турууну пландап жатабыз. Мындан сырткары, облустар аралык жүрүп жаткан маршруттук автобустарга чектөө киргизилет, Бирок такси кызматтары, жеке транспорт жана жүк ташуучу автоунааларга чектөө жок", - деп билдирди премьер-министри Кубатбек Боронов.

Соңку аптада өлкөдө коронавирусту жугузуп алгандардын саны дароо өсүп кетти, мисалы 10 күн мурда күнүнө 30дун тегерегинде адам катталып жаткан болсо, 19-июнда вирусту жуктургандардын саны 132ге, 20-июнда 192 адамга жетти.

Инфекция алып жүрүүчүлөрдүн санынын күн санап өсүп жатышы Кыргызстанда өкмөт алмашкан учурга туура келди. Ушул жумада Мухаммедкалый Абылгазиев кызматынан кетип, ордуна министрлер кабинетин жетектөөгө Кубатбек Боронов келди.

Өкмөттөгү алмашуулар, мурдагы өкмөт башчынын үч жумага жакын эмгек өргүүсүндө болушу коронавируска каршы жалпы ишти солгундатып жиберди дегендер да бар.

Юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев буларды билдирди:

“Абалды колдон чыгарып жиберишти окшойт. Себеби, ооругандардын саны дароо өсүп кеткенин угуп жатабыз. Бул жерде системалуу мамиле жетишсиз болуп жатат. Ар бирибиз жапатырмак күрөшүп, абалды жөнгө салышыбыз керек".

Медицина тармагы боюнча адис Айбар Султангазиев ушу тапта карантиндик чектөөлөр жетишсиз экенин айтып, жалпы элдин саламаттыгына жоопкерчиликсиз мамиле болуп жатканын белгиледи:

Айбар Султангазиев.
Айбар Султангазиев.

"Өкмөт маалыматты жашырып, элден сын угабыз деп коркуп жатат. Чектөөлөр жетишсиз болууда. Элге канчалык так маалымат берсек, ошончолук алар аны кабыл алып, өзүн коргой баштамак. Азыр көпчүлүк кыргызстандыктар ден соолугуна жоопкерчиликсиз мамиле кылып жатышат. Албетте, биздин экономика карантинге чыгып же ишти токтотууга жол бербейт. Бирок оору күчөп, өлгөндөрдүн саны өсө берсе кайсы бир чечимдерди кабыл алууга туура келет. Андай учурда тескерисинче, эл өзү чектөөлөрдү талап кылышы мүмкүн".

19-июнда Коопсуздук кеңеши өлкөнүн учурдагы эпидемиологиялык абалын карап чыгып, бир катар чечимдерди кабыл алды. Жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин жана коронавирус илдетинин жайылышына жол бербөөгө жооптуу органдардын, жергиликтүү бийликтердин иши "жетишсиз" деп табылды. Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго эскертүү берилди.

20-июнда коронавирус жугузуп алгандардын жалпы саны 2981 адамга жетти. Илдет жуктуруп алгандан кийин 35 адам көз жумду. Илдеттен жалпы 1981 адам сакайды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG