Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:01

Ибраим Нуракун уулу: Вируска ишенбегендер жаңылышат


Ибраим Нуракун уулу.
Ибраим Нуракун уулу.

Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулунун коронавируска чалдыкканы 18-июнда анык болгон. Учурда стационарда дарыланып жаткан Нуракун уулу "Азаттык" радиосуна маек куруп, коомчулукту коронавируска көңүлкош мамиле кылбоого чакырды.

- Ибраим мырза, сиздин коронавируска чалдыкканыңыз тууралуу кабар чынында жагымсыз болду. Эми эртерээк сакайып чыгышыңызга тилектешпиз. Бул илдетти жуктуруп алганыңызды кантип жана качан билдиңиз?

- Өткөн дем алыш күнү дене табым 38 градустан жогору көтөрүлүп, төмөндөбөй койгонунан 118 түз байланыш номуруна чалдык.

Алар мага бир күн байкоо жүргүзүүнү сунушташты. Эртеси күнү дене табым бир аз төмөндөдү, андан кийинки күнү да кайра көтөрүлгөн жок. Ошондуктан, биз муну кадимки эле сасык тумоо деп ойлогонбуз.

Дене табым ысыгандан бери жумушка барган эмесмин, эч ким менен байланышта болгон эмесмин. Үйдөн иштеп жаткам. Жумушка баруунун алдында коронавируска текшерилип коеюн деп, ПЧР-тест тапшыргам. 18-июнда анализдин жыйынтыгы менде вирус бар экенин көрсөттү. Буга байланыштуу толук изоляцияга өттүм.

Менден аныкталган соң чогуу иштеген Жогорку Кеңештин басма сөз кызматындагы кесиптештерим да лабораториялык анализ тапшырышты, азырынча алардын жыйынтыгы чыга элек.

- Сиз “Фейсбуктагы” баракчаңызга өзүңүздөн коронавирус инфекциясы аныкталганын маалымдап, үйдө дарыланууну чечкениңизди жаздыңыз. Эмнеге стационардан эмес, үйдөн дарыланмай болдуңуз?

- Ооба. Мен алгач ошентип медициналык кызматкерлердин толук көзөмөлү алдында үйдөн эле дарыланайын дегем. Бирок 18-июнда кечинде мени Токмоктогу жугуштуу оорулар ооруканасына алып келип, жаткырышты. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугу үчүн жакшы дешти. Менден чыккандан кийин жубайым, балдарым дагы анализ тапшырат. Мобилдик бригада бүгүн барып ала турган болду.

- Сиз дарыланып жаткан оорукана коронавируска каршы күрөшүүгө канчалык деңгээлде даярдалыптыр? Коргонуучу каражаттар, тийиштүү жабдыктар дегендей..

- Мен ооруканага келгенде эле медициналык кызматкерлер толук коргонуучу кийимдер жана башка каражаттар менен камсыз болушканын байкадым. Имарат эски болгону менен ичи таза экен. Өзүнчө палатадамын. Шарты, тамак-ашы жакшы.

- Бүгүн, 19-июнда 132 адамдан коронавирус аныкталды. Бирок коомчулукта коронавирус илдетинин бар экенине ишенбегендер, ага кайдыгер мамиле кылгандар көбөйүүдө. Тилекке каршы алардын арасында журналисттер да бар...

- "Коронавирус жок, миф" дегендер жаңылышат. Мен бул ооруга башынан эле олуттуу мамиле кылып, санитардык талаптарды бекем сактап келгем. Ошого карабай, оору жугузуп алдым. Ошондуктан, бардыгыбыз сак болушубуз керек. Бул жеке өзүбүздүн гана эмес, жакындарыбыздын да коопсуздугу үчүн маанилүү!

- Азыр акыбалыңыз кандай?

- Кыйла жакшымын. Дене табым төмөндөдү. Бир аз жөтөл бар. Башында дене табым көтөрүлгөн учурда мурдум жыт сезбей, тамактын даамын да билбей калгам. Азыр буйруса бир аз жакшы.

- Ибраим мырза, ооруну эртерээк жеңип, сакайып кетиңиз! Маегиңиз үчүн рахмат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG