Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:48

Вируска ишенбеген, бейтапты кодулаган кыргыз коому


Бишкек
Бишкек

Саламаттык сактоо министрлиги 18-июнда өлкө аймагында COVID-19ду 95 адам жугузуп алганын маалымдады.

Кыргызстанда эки айга созулган өзгөчө абал алынгандан кийин илдетти жугузуп алгандардын саны өстү.

16-июнда илдет 100 адамдан аныкталып, бул пандемия башталгандан бери өлкө ичинде бир суткада катталган эң жогорку көрсөткүч болуп калды.

COVID-19га каршы штабдын маалыматында, соңку күндөрү инфекцияны кайдан жуктуруп алганын билбегендер көбөйүп жатат.

Ошол эле маалда эл арасында "вирус жок" деп беткап тагынбагандар, аралыкты сактабагандар арбын.

17-июнда премьер-министр Кубатбек Боронов бул көрүнүштү сындап, жарандарды өзүнүн да, башкалардын өмүрүн да тобокелге салбоого чакырды.

«Эң коркунучтуусу бүгүнкү күндө биздин жарандар коронавирус жок дегенге ишенип алып, башкаларды да ишендирип жатат. Бул эми калпыс түшүнүк. Адистер оору жөнүндө кайра-кайра айтып жатат. Дүйнө жүзү күрөшүүдө. Мындан ары абал кандай болот? Көзөмөлдөй алабызбы дегенге бир эле мамлекет, өкмөт аракеттенбей, элибиз да сак болсо».

16-июнда саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов саламаттык сактоо системасынын жүгүн жеңилдетүү үчүн иштөө алгоритмине өзгөртүүлөр киргизилгенин билдирген.

Ага ылайык, мындан ары вирус жуктуруп алган адам илдеттин клиникалык белгилери байкалганда гана ооруканага жаткырылат. Ошол эле учурда мобилдик топтор коронавирустун жайылышынын алдын-алуу үчүн үйдө обочолонгон бейтаптарды көзөмөлдөйт. Алардан сыртка чыкпоо боюнча тилкат алынат.

Мындан тышкары коомдук тамактануучу жайларда кальян чегүүгө тыюу салуу үчүн көзөмөл күчөйт. Кафелер менен ресторандар тыюу салынган массалык иш-чараларды өткөрсө, бир айга жабылат.

Ооруп калгандарды кодулоо күч

Бул илдетке чалдыгып же андан айыгып чыккандар элди жоопкерчиликтүү болууга жана ооруп айыккандарды кодулабоого чакыра башташты.

Психолог Асел Сүйүмбаева бир нече күндөн бери өзүн жаман сезип, дене табы көтөрүлүп, тамагы ооруганынан үйүнө мобилдик топту чакырган. Коронавируска ПЧР-анализ тапшырган Асел коңшулары андан чочулап жатканын айтты:

«Тез жардам» автоунаасы токтоп, мобилдик топтун дарыгерлери коргоочу костюм менен түшкөндө коңшуларым коркуп кетти. Менден чочулап, ар нерсени сурашты. Мага өзүмдүн ден соолугум маанилүү да. Азыр анализдин жыйынтыгын күтүп отурам. Айрымдар "бул оору жок" деп танышууда. Алар вирустан коркпойт деп ойлобойм. Адам бир нерсени канчалык танган сайын жүрөк түпкүрүндө чоң кооптонуу болот».

Бир нече күн мурда жазуучу, журналист Олжобай Шакирдин жубайы коронавирустан сакайып чыкты. Ал азырынча эч кандай кодулоого кабылбаса да, элдин кайдыгерлигине нааразы.

Олжобай Шакир аба аркылуу жуккан илдеттин алдын-алуу үчүн адам ооруп жатканын элге жашырбай айтып, көчөгө чыкпай турганы он деген ойдо.

«Башкалардын коопсуздугун ойлосок, эли-журтубузга зыяныбыз тийбесин десек эмнеге ооруганыбызды жашырып, башкаларга да жугузушубуз керек? Ушундай оор күндөрдө эч кимге пайдабыз тийбесе да, зыян келтирбейли. Оорусаң, оорудум деп ачык айт да. Эмнеге ооругандарды кодулашыбыз керек? Жашырынып, ооруп айыккандарды басынтуунун кесепети оор болуп жатпайбы. Вирустун статистикасын жашырган өлкөлөрдү караңыздарчы, түнү менен өлүктөрдү жыйып барып көөмп жатышат».

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 17-июнга караган түнү Жалал-Абад облусунда дарыланып жаткан 36 жаштагы жигит коронавирус жугузуп алгандан кийин өз алдынча дарыланып жүрүп каза болгонун билдирди.

Адистер бул окуя оору жуктургандарды басмырлоо, алардан чочулап же вируска ишенбөөнүн кесепети оор болорун айтышууда.

Активист, алып баруучу Эркин Рыскулбеков 14-июнда бир тууган эжеси коронавируска чалдыкканын социалдык медиага ачык жазып чыкты. Эл арасындагы ооругандарды басмырлоонун себебин ал мындайча чечмеледи:

Эркин Рыскулбеков.
Эркин Рыскулбеков.

«Буга медиа каражаттары да күнөөлүү. Ооруну биз өтө коркунучтуу чагылдырып жатабыз. Мисалы 90-жылдардын башында ВИЧ-СПИДди да "20-кылымдын чумасы" деп, элдин баарын коркутуп салганбыз. Натыйжада бул ооруга чалдыккандарды дискриминациялоо күчөгөн. Азыр да уланууда. Вирус каптай баштаганда эле ЖМК “кокуй бул укмуш оору экен”, “көчөдөн бара жатып эле кулап түшөт экен” деген сыяктуу жаңылыктарды жаадырып жиберген. Ачыгын айтыш керек, биздин элдин сынчыл ой жүгүртүүсү жакшы өнүккөн эмес. Ушул себептен улам, ооруп калгандарды басмырлап, кемсинтип, алардан коркуп, чочулап жатышпайбы. Мунун баары элде маалымат жетишпегенден улам деп ойлойм. Мен да өз баракчама ачык-айкын жазып, бул стигманы жеңүүгө чакыргым келди».

Маалымат технологиялары боюнча эксперт Чоробек Сааданбек "вирус жок" деген түкшүмөлдөр жана ооругандардын көбөйүшү мамлекеттик органдардын маалымат саясатын жакшы жүргүзө албаганын көрсөтүп турат деген пикирде.

«Азыр Интернеттин доорунда жашап жатпайбызбы. Онлайн дүйнөдө өкмөттүн коронавирустун алдын-алуу боюнча кылып жаткан иштерине канааттанган жокмун. Себеби, бир гана Координациялык штабдын брифинги менен кабарларын, канча кишиге жукту деген статистика менен эле чектелип турат. Теледе деле ушундай болсо керек. Маалыматтык саясат боюнча кандайдыр бир багыттуу иш алып барышканын байкай элекмин. Ушул сыяктуу иштерди көбүрөөк кылышса, эпидемия мынчалык жайылбайт эле. Азыркы абалды өзгөртпөсөк, күзүндө вирустун экинчи толкуну башталса, окуу жылына, оруп-жыюуга туш келип, кайра эле эл кыйналат, экономикага сокку урулат».

Дүйнөдө COVID-19 инфекциясын жугузуп алгандардын саны 8 миллиондон ашты. 400 миңден ашуун адам өлдү. 4 миллиондон ашыгы айыкты. Илдетке каршы вакцина табыла элек. Азырынча бир нечеси сыноодон өтүп жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG