Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 23:07

Менин беткабым сизди, сиздики мени коргойт


Бишкектеги мечиттердин бири.

Мекендеш, сиз коронавирустан сактануу үчүн коомдук жайларда медициналык беткап кийип жүрөсүзбү? Эгер кийбесеңиз, жаңыласыз! Эмне үчүн?

Немис, британ жана америкалык окумуштуулар өткөргөн изилдөөлөр беткап кийген COVID-19 пандемиясынын жайылышын (жугушун) бир кыйла азайта турганын көрсөттү. Атүгүл, АКШ окумуштуулары беткап таажы вирусунан коргонуунун эң эффективдүү ыкмасы болушу мүмкүн деп эсептешет.

Немис эксперименти

Германиянын Йена шаарында 111, 4 миң калк жашайт. Шаар бийлиги 6-апрелде жарандарды коомдук жайларда (эл көп жүргөн дүкөндөрдө, мекемелерде) сөзсүз беткап кийүүгө милдеттендирген.

"Медициналык беткабы жоктор моюн орогучту (шарф), жоолукту беткап кылып пайдалансын же колдо жасалган беткап кийсин" деген талап коюлган.

“Сөзсүз беткапчан жүрүү милдеттендирилгенден кийин таажы тумоосун жаңы жугузгандардын саны нөлгө чейин түштү”, - деп белгиленет көз карандысыз Эмгектин экономикасы институту (Institute of Labor Economics, IZA) жаңы гана жарыялаган изилдөөдө.

Бул изилдөөдө синтетикалык көзөмөл усулу (англ. Synthetic control method, SCM) колдонулган.

“Беткап кийгенден тарта COVID-19 инфекциясы жуккандардын күнүмдүк өсүү темпи 2-3% түзгөн. Бул Германиянын башка бөлүктөрүнө салыштырганда абдан аз, ал жакта таажы вирусу жуккандардын күнүмдүк өсүү темпи 50% жеткен. Эгер беткап кийүү мурда эле милдеттендирилсе, таасири мындан да жогору болмок”, - дешет илимпоздор.

29-апрелде Германиянын бардык 16 чөлкөмүнүн эли (федералдык жер) беткапка өткөн. Анын ичинен алты чөлкөм 6-апрелден 26-апрелге чейин өткөрүлгөн. Беткап кийе баштагандан кийинки 10 күндө таажы вирусун жугузуп катталгандар 2,3% - 13% түзгөн. Жалпылап айтканда, коомдук жайларда беткап кийүүдөн соң COVID-19 дартынын өсүү темпи 40–60 % азайган.

АКШнын тажрыйбасы

Март айында "USS Theodore Roosevelt" авиакрайсеринин экипажынын 400дөн ашуун суучулу таажы вирусуна чалдыккан. Эпидемиядан улам аскерий кеме 27-мартта Тынч океандагы Гуама аралынын жээгине токтотулуп, 4069 адам карантинге алынган. Ошону менен авиакрейсер 21-майда гана күжүрмөн күзөткө кайра чыкты.

АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана эмдөө борборунун окумуштуулары кемеде калган 382 суучул инфекциядан коргонуу үчүн кандай чара көрүшкөнүн текшеришкен. Натыйжада, беткап кийүү дем алуу органдарын эң эффективдүү коргойт; экинчи эффективдүү чара - бул социалдык аралыкты сактоо жана даараткана, душ, чылым чегүүчү жай сыяктуу жалпы пайдалануудагы жайлардан качуу экени айкындалган.

Таажы вирусу беткапсыз жүргөн моряктардын 81% жукса, беткапчан жүргөндөрдүн 56% гана жуккан.

Беткаптын пайдасы

Британиянын Гринвич жана Кембриж университеттеринин илимпоздорунун ырасташынча, колдо жасалган беткаптын да мааниси чоң. Себеби, көпчүлүк коомдук жайда беткапчан жүрсө, бул коронавирустун бир кишиден башка кишилерге жугуу ылдамдыгын олуттуу төмөндөтөт.

Эгер элдин 50% көбү беткап кийсе, COVID-19ду жугузуп алгандар бир кишиге гана вирус жуктурушу мүмкүн. Бара-бара инфекция жугузгандар азаят. Беткапсыз жүрүү, этияттык чараларын сактабоо - коронавирус жуккандардын саны геометриялык прогресс менен көбөйүшүнө алып барат.

Ошондуктан “коркунуч бар” же “жок” дебестен, коомдук жайларда беткапчан жүргөн коронавирустун биринчи симптомдору байкалгандан кийин беткап кийгенден көрө эки эсе эффективдүү экенин үч изилдөө ырастайт.

Изилдөө элинин 100% беткап кийген кээ бир өлкөлөрдө COVID-19 илдетинин жайылышы жана ага байланыштуу өлүм эмне үчүн бир кыйла төмөн экенин да айкын түшүндүрөт.

Мекендеш, ошон үчүн: ”Менин беткабым сизди коргойт, сиздин беткабыңыз мени коргойт” деп, пандемия басылганча коомдук жайлар менен коомдук транспортто беткапчан жүргөндү парзыңыз катары билсеңиз туура болмок!

Баса, Чехия, Германия, Словакия жана башка Европа өлкөлөрүндө жыл соңуна чейин беткап кийүү - бузулбай турган эреже.

Пандемия жаңы башталганда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму беткап анча эффективдүү эмес жана беткап дагы башка жеке коргонуу каражаттары дарыгерлерге жетишсиз болушу ыктымал деген кооптонуудан улам жапырт беткап кийүүнү колдогон эмес. Бирок кийин бул оюн өзгөрткөн.

Вьетнамдын тажрыйбасы

Дээрлик 100 миллион эли бар Вьетнамдын тажрыйбасына токтолуу себебим:

1) 200-300 киши катышкан ар кандай той-топурду өткөрүүнү каалгандардын көп болуп жатканы;

2) Коомдук жайларда жана транспортто, ошондой эле кээ бир мечиттерде жарандардын такыр эле беткапсыз жүргөнү жана социалдык аралыкты сактабаганы;

3) COVID-19 жукканы аныкталган адамдарды тегиз эле ооруканага жаткыруу;

4) Таажы вирусун таназарга албоонун кесепетинен оорунун башка жарандарга жугуп, кээ бир учурда өлүмгө себепчи болушу.

Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, 13-июнга карай Вьетнамда таажы вирусу менен 333 киши катталды. Андан набыт болгондор жок. Вьетнамда 97 миллион эл жашайт. Ал эми 6,5 миллион эли бар Кыргызстанда COVID-19 жуккан 2166 киши катталып, анын кесепетинен 27 киши көз жумду.

Пандемия качан токтору белгисиз. Андыктан, Вьетнам бүгүн болбосо, эртең Кыргызстан үчүн өрнөк болушу ыктымал.

Январдын акыркы жумасында Кытайда коронавирус жуккандардын саны кескин көбөйгөндө Вьетнам бардык түндүк жактагы чек арасын жаап, Кытайдан туристтерди киргизген эмес.

Февралдын башынан тарта Вьетнамдын чоң аэропортторуна учуп келген, чоң шаарларга жана айрым дубандарга кирген жарандардын, ошондой эле өкмөттүк мекемеге же ооруканага кирген ар бир адамдын дене табы өлчөнө баштаган.

Кимдин температурасы 38 градустан өйдө болсо, токтоосуз ооруканага жаткырылган. Оорусун жашырган же калп айткандар кылмышкер катары жоопко тартылары эскертилген.

Банктар, чоң ресторандар, көп кабаттуу тамдар дененин температурасын өлчөөнү өз моюнуна алышкан.

Өлкө боюнча тестирлөө станциялары ачылып, каалаган жарандар андан өзүн текшерүүгө мүмкүнчүлүк алышкан. Таажы вирусу табылган квартал, маале, кээде көчөнүн калкы ошо замат тестирлөөдөн өтүп, карантин орнотулган.

21-марттан тарта чет элден келген туристтер үчүн 14 күндүк карантин киргизилген.

Марттын аягында ресторандар, дүкөндөр жана коомдук тамак ичүүчү жайлар жабылып, көчөдө соода кылууга тыюу салынган. Ал эми 23-апрелде бардык бизнестин ишине уруксат берилген.

Австрия менен Британияда чыкчу "The Conversation" гезити Вьетнамдын мисалга тартып, пандемия менен ийгиликтүү күрөшүү үчүн сөзсүз эле эбегейсиз каражат жумшоонун кереги жок экенин жазды.

COVID-19 менен күрөшкө вьетнамдык окумуштуулар да өз салымын кошту. Алар 5-мартта эле ар биринин баасы 25 доллардан аз үч тестти сатыкка чыгарышкан. Анын биринчиси январда жасалып, анализди 80 мүнөттө 90% так аныктаган. Бул көрсөткүч Түштүк Кореянын тестинен 5% жогору.

Вьетнам мартта чет өлкөлөргө тесттерди түрүнө жараша 14 доллардан 25 долларга чейин сата баштаган.

Тилекке каршы, бул жаатта Кыргызстандын окумуштуулары али козголо элек.

(Булагы: http://ftp.iza.org/dp13319.pdf, https://theconversation.com/, https://royalsocietypublishing.org/doi/10.1098/rspa.2020.0376, https://www.cdc.gov/mmwr/volumes/69/wr/mm6923e4.htm,)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (6)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG