Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

ДССУ: коронавирустун экинчи толкуну баштала элек


Коронавируска кабылган бейтапты дарылап жаткан дарыгер. 18-май, 2020-жыл. Лос-Анжелес.
Коронавируска кабылган бейтапты дарылап жаткан дарыгер. 18-май, 2020-жыл. Лос-Анжелес.

COVID-19 вирусунун экинчи толкунунан чочулаган Кытай бийлиги 12-июнда Бээжиндеги беш ири базарды жапты. Индияда карантин чаралары жумшаргандан бери ооругандар көбөйүүдө. АКШда да мындай темп байкалып жатат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавирус оорусунун биринчи толкуну бүтө элек экенин билдирди. Уюмдун жетекчиси Тедрос Аданом Гебрейсус «карантин чаралары жумшарган сайын бир топ өлкөлөрдө ооругандар көбөйөт» деп, Түштүк Корея, Жапония, Сингапур жана Иранды мисалга тартты.

Уюмдун өзгөчө кырдаалдар боюнча директору Майк Раян «Африка, Латын Америкасы, Түштүк Азия пандемияны жеңгенден кыйла алыс» деди. ДССУ жетекчилиги жакыр өлкөлөр экономикалык кыйроонун алдын-алыш үчүн эл аралык жардамга муктаж деп жатышат. (BCh)

XS
SM
MD
LG