Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:45

Тажикстанда беткап тагынбагандар айып төлөйт


Тажикстанда соңку күндөрү беткап тагынгандар кескин азайып кеткен. Буга байланыштуу тажик парламенти, айлана-чөйрөгө кооптуу илдеттин тарашынын алдын-алуу жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды.

Ага ылайык, карантин режимин сактабаган адам эки жылдан беш жылга чейин соттолушу мүмкүн. Ал эми карантин учурунда көчөгө беткап тагынбай чыккан адам 11 доллардан 30 долларга чейин айыппул төлөйт.

Беткап тагынбагандарды жазалоого жол ачкан мыйзам долбоорун өлкөнүн Юстиция министрлиги сунуш кылган.

Мындан тышкары социалдык тармактарда, медиада пандемия тууралуу жалган маалымат тараткандарга да жаза катуулайт. Илдет тууралуу бурмаланган кабарды айткан адам 1200 долларга чейин айыпка жыгылат.

Коронавирустун алдын-алуу боюнча республикалык штаб жаңы мыйзам илдеттин тарашын токтотууга жардам берет деп ишенет.

Саламаттык сактоо министринин орунбасары Мирхомидин Камолзода бул чаралар чет элдик тажрыйбага таянуу менен иштелип чыкканын айтууда:

"Көчөгө беткапсыз чыгууга тыюу салуу башка өлкөлөрдүн тажрыйбасына негизделген. Оорулуулар да, оорулуу эместер да беткап тагынган өлкөлөрдө илдеттин жугуу коркунучу азаяры далилденген. Ошондуктан бул чаралар коронавирус илдетинин экинчи толкунуна каршы туруу үчүн керек. Азыр бул маселе менен Тажикстандын Юстиция министрлиги алектенип жатат".

Бирок юристтер мындай чара коррупцияны күчөтүшү мүмкүн деп кооптонуп жатышат. Мисалы, жергиликтүү юрист Шокирджон Хакимов мыйзамдын аткарылышына көзөмөл керек экенин белгиледи.

"Айрым чиновниктер кызмат абалынан ашыкча пайдаланып, мыйзамды пара алуунун бир куралы катары пайдаланышы мүмкүн. Экинчиден, Тажикстан бул чараларды өз убагында киргизиши керек эле. Менин оюмча, биз кечигип калдык".

Тажик бийлиги өлкөдө коронавирус бар экенин алгач моюнуна алганда эл жапырт беткап тагына баштаган. Бара-бара бетин жапкандар азайып, ошол эле учурда өлкөдө илдетке кабылгандар көбөйгөн. Тажикстандыктар ысыкта беткап менен дем алуу кыйын экенин айтышууда.

Акыркы бир суткада өлкөдө коронавируска чалдыккан 81 адам катталды. Илдет жуктургандардын жалпы саны 4,5 миңден ашты. Анын ичинен 48 адам каза болду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG