Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:00

Кыргызстанда коронавирус күчөдү


Бишкек, 12-июнь, 2020-жыл.
Бишкек, 12-июнь, 2020-жыл.

Кыргызстанда 15-июнда 87 адамдан коронавирус табылды. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Президент Сооронбай Жээнбеков 15-июнда "Бишкек шаары бара-бара өлкөдөгү оорунун очогуна айланып баратканын" билдирди.

Кыргызстанда өзгөчө абал режими алынып, пандемияга каршы карантин эрежелери жумшартылгандан бери коронавирус жугузуп алгандар көп каттала баштады.

Саламаттык сактоо министрлиги акыркы күндөрү СOVID-19 илдетине чалдыккан адамдар көбөйүп жатканына тынчсызданууда. Мекеме жетекчисинин орун басары Нурболот Үсөнбаев мунун себебин жарандардын санитардык талаптарды аткарбай жатканы менен байланыштырды.

Нурболот Үсөнбаев.
Нурболот Үсөнбаев.

«Инфекцияны кайдан, кимден, кандай шартта жуктуруп алганын билбеген адамдар көп катталып жатат. Алардын көпчүлүгү коомдук транспортто жүрүшкөн, эл көп чогулуучу жерлерге, базарларга барышкан. Беткап тагынбай, санитайзер колдонбогон адамдар көп болууда. Коомдук автоунааларда беткап тагынбай жүргөн жарандарыбыз көп».

Үсөнбаев ооруга ишенбей, тоготпой мамиле кылуудан улам ага чалдыккандардын саны арбын болуп жатканын кошумчалап, өзгөчө улгайып калган адамдарды сак болууга чакырды.

Коронавирус Кыргызстанда алгач 18-мартта катталса, 15-июнга карата өлкөдө вирус 2372 адамдан табылды, алардын ичинен 27 бейтап кайтыш болду. 1813 бейтап айыкты.

Жумшарган чаралар - көбөйгөн илдет

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда 25-марттан тартып киргизилген өзгөчө абал режими 11-майда жоюлуп, өзгөчө кырдаал режими гана калган. Ал эми 25-майдан баштап карантин шартында Бишкекте кийим-кече саткан базарлар, жайкы кафе-ресторандар, театр-музейлер, галерея жана коомдук транспорттор иштей баштаган.

Адистер Бишкектеги коомдук жайларда жана транспорттордо санитардык эрежелердин сакталбай жатышы шаардагы эпидемиологиялык абалды начарлатып жатканын белгилешүүдө. Мындан улам бир катар мекемелерде оору жугузуп алгандар катталууда. Маселен, 15-июнда маалым болгондой, «Beeline» соода маркасына ээлик кылган «Sky Мobile» компаниясынын директору Евгений Кражандан жана ишкананын бир нече кызматкеринен коронавирус аныкталганы маалым болду.

«Азыр алар обсервацияда жатышат. Вируска кабылган кызматкерлер өздөрүн жакшы сезип жатышат. Бир нече кызматкерге вирус жуккан», - деди компаниянын PR-директору Марина Ким.

Буга чейин Улуттук гвардиянын аскерлерине вирус жукканы кабарланган. Андан сырткары Бишкектин эки районунун акимчилигинде иштегендерден коронавирус табылып, мекемелер карантинге жабылган. Бишкек мэриясы андан сырткары борбор калаадагы "Орто-Сай" жана "Аламүдүн" базарларын дезинфекциялоо үчүн жапкан. Бул базарларда да коронавирус чыккан.

Бишкектеги кафелердин бирин жабуу учуру. 12-июнь, 2020-жыл.
Бишкектеги кафелердин бирин жабуу учуру. 12-июнь, 2020-жыл.

Буга чейин Бишкек мэриясы акыркы 15 күн ичинде санитардык эрежелерди сактабаган 692 мекеме аныкталып, аларга жалпы суммасы 1 млн. 558 500 сом өлчөмүндө айып салынып, бир канча кафе жана ресторандар жабылганын кабарлаган.

Кыргыз-Орус Славян университетинин окутуучусу, медицина илимдеринин кандидаты Аида Зурдинова жарандар өз саламаттыгына кайдыгер карап жатканын белгиледи:

«Жай келгенде илдет төмөндөйт деп айтып жатышкан. Тилекке каршы, оору күчөп жатат. Бул жарандардын жүрүм-турумуна байланыштуу болуп жатат. Күн ысыкта беткапты эч ким тагынгысы келбейт. Ооба, көчөгө чыкканда беткап тагынбай эле койсо болот. Бирок, эл көп чогулган жерлерге, базарларга же соода борборлоруна барганда сөзсүз беткап кийүү керек. Азыр коронавирустун толкуну бүттү деп жайбаракат жүрүүгө болбойт. Бүгүнкү күндө Бишкектеги инфекциялык оорукана толуп, бейтаптарды кабыл албай жатат. Догдурлар коронавирус башталгандан бери үйүн көрбөй, үч айдан бери катаал режимде иштеп жатышат. Бейтаптар үчүн Бишкектеги Кыргыз-түрк ооруканасында, «Кыргыз темир жолу» ишканасынын ооруканасында жана 6-ооруканада кошумча орундар даярдалган. Эгер беткап кийүү режими сакталбаса, бизди кандай абал күтүп турганын элестетип көрүңүз. Инфекциялык оорукана бейтаптардын баарын кабыл ала албайт. Дарыгерлер да, дары-дармек да жетишсиз болот. Жарандар өзүнүн ден соолугуна кайдыгер мамиле жасап жатканы өтө кейиштүү».

Бишкектин борбордук бөлүгүндө инфекция жуккандардын эң көбү 12-кичи район менен «Жал» кичи районунда. Башкалаанын жака-белиндеги 25 жаңы конушта да коронавирус жуккандар аныкталды.

«​Бишкек оорунун очогуна айланды»​

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июнда премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов менен жолугушуп, эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча чараларды талкуулады. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

«Эл базарлардан, коомдук транспорттон жана башка коомдук жайлардан жугузуп алып жатышат. Бишкек шаары бара-бара өлкөдөгү оорунун очогуна айланып баратканын көрүп жатабыз», — деген президент өзгөчө абалдын алынышы менен санитардык ченемдердин сакталышына көзөмөл бошоңдоп кеткенине токтолгон.

Кубатбек Боронов акыркы күндөрү коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны кескин көбөйгөнү байкалып жатканын белгиледи. Эпидемиологиялык оор кырдаал Бишкек, Ош шаарлары менен Чүй облусунда байкалып жатат. Буга өлкөдөгү экономикалык ишмердиктин жандандырылышы (экономиканын 90%дан ашык тармагы ишин жандандырды), иштеген жарандардын санитардык-гигиеналык талаптарды, беткап режимин толук сактабай жатканы сыяктуу себептерди келтирди.

Кубатбек Бороновдун айтымында, симптомсуз вирусту алып жүргөндөр көбөйүп жаткандыгына байланыштуу Республикалык ыкчам штаб аларды аныктоонун жана дарылоонун жаңы алгоритмин иштеп чыгууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы күндөрү илдеттин жайылуу коркунучу сакталып тургандыктан пандемия шартында белгиленген талаптарды, санитардык ченемдерди сактабагандар мыйзам чегинде сөзсүз жоопкерчиликке тартылышы зарыл экенин баса белгиледи:

«Мындан аркы кырдаалдын өзгөрүшү ар бир мекендештин жоопкерчилиги менен жарандардын аң-сезимдүүлүгүнөн көз каранды. Ошону менен бирге эл көп чогулган жайларды жана коомдук транспортторду дезинфекциялоо боюнча чараларды күчөтүү зарылдыгына көңүл бурууга чакырам».

Беш айыл карантинге алынды

Ошондой эле Нарын, Жалал-Абад жана Ош облустарында да эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда.

Маселен, 15-июнда Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айыл аймагына караштуу Кичи Ак-Булак, Ак-Булак, Катар-Жаңгак, Көсө-Терек жана Алтын-Кыя айылдары карантинге алынды.

Район акими Бакыт Козуев ушул өрөөндөгү эки тургундан коронавирус аныкталганын “Азаттыкка” билдирди.

“Кызыл-Үңкүрдүн тургуну Ош шаарына туугандарына барып келген соң илдет жугузуп алган. Андан соң үйүндөгү небересине да жугузган. 14-июндан баштап ал жашаган аймак толук карантинге алынды. Жакын байланышта болгон төрт үй-бүлө мүчөлөрү үй шартында обсервацияда жатат. Алардын алгачкы анализ жыйынтыктары таза чыкты“ деди Козуев.

Айылдын кире беришине карантиндик санитардык пост орнотулду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG