Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:02

Базар-Коргондо беш айыл карантинге алынды


Базар-Коргондо карантинге алынган айылдарды дезинфекциялоо учуру.
Базар-Коргондо карантинге алынган айылдарды дезинфекциялоо учуру.

Райондун Кызыл-Үңкүр айыл аймагына караштуу Кичи Ак-Булак, Ак-Булак, Катар-Жаңгак, Көсө-Терек жана Алтын-Кыя айылдары карантинге алынды.

Базар-Коргон районунун акими Бакыт Козуев ушул өрөөндөгү эки тургундан коронавирус аныкталганын “Азаттыкка” билдирди.

“Кызыл-Үңкүрдүн тургуну Ош шаарына туугандарына барып келген соң илдет жугузуп алган. Андан соң үйүндөгү небересине да жугузган. 14-июндан баштап ал жашаган аймак толук карантинге алынды. Жакын байланышта болгон төрт үй-бүлө мүчөлөрү үй шартында обсервацияда жатат. Алардын алгачкы анализ жыйынтыктары таза чыкты“ деди Козуев.

Айылдын кире беришине карантиндик санитардык пост орнотулду.

Кызыл-Үңкүр - райондон эң алыс жайгашкан тоолуу аймактардын бири. Аймакта 5,5 миңдей адам жашайт.

15-июнда Кыргызстандын аймагында 87 адамга коронавирус жукканы такталды. Ушуну менен СOVID-19га чалдыккандар 2372 адамга жетти. (RsK\ErN)

XS
SM
MD
LG