Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:14

Бишкектин эки районунда акимчилик кызматкерлеринен коронавирус табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин эки районунун акимчилигинде иштегендерден коронавирус табылып, жалпысынан төрт кызматкер азыркы кезде ооруканада дарыланып жатат. Бул тууралуу 3-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, вирус жуккан кызматкерлер менен контакт болгондор аныкталып, үй карантинине алынды.

«Октябрь райондук администрациясында эпидемияга каршы иштер жүрүп жатат. Акимчиликтин бардык кызматкерлери, жалпысынан 100дөй адам лабораториядан текшерилди. Төрт адамдан илдет аныкталды. Мындан тышкары Свердлов райондук акимчилигинде иштеген бир кызматкер катталды», - деди ал.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 26 адам жаңы катталды, 46 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды, үч адам каза болду.

Жалпысынан 18-марттан 3-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 1871 адамдан табылды, алардын ичинен 20 бейтап кайтыш болду, 1265 адам айыгып чыкты.

Ооругандардын көбү Бишкекте – 582 адам (алардын 98и Орусиядан кайтып келген курсанттар), эң азы Ысык-Көл облусунда – 14 киши. (RK)

XS
SM
MD
LG