Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:50

Үсөнбаев: Кыргыз-түрк ооруканасы ачылат, ал жакка коронавирус жуккандарды жаткырабыз


Кыргыз-түрк ооруканасындагы жабдуу.
Кыргыз-түрк ооруканасындагы жабдуу.

Бишкектеги кыргыз-түрк ооруканасына коронавируска чалдыккан бейтаптар жаткырылат, оорукана ачылат. Бул тууралуу 1-июнда «Азаттыкка» саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, бул ооруканага бейтаптарды жаткыра баштоо маселеси коронавирус боюнча эпидемиологиялык кырдаалга жараша чечилет.

«Ал оорукана ачылат, - деди ал. - Элге түшүндүрүү ишин жүргүзүп, 2,5 саат пикир алмашуу болду. Катуу да кеттик, акырында түшүнүп, суроолоруна жооп алып, тарашты. Ал оорукана даярдалууда. Азыр №6 ооруканага, Фтизиатрия борборунун бөлүмүнө жаткырып жатабыз. Алар толгондо бул жакка ала баштайбыз. Эпидемиологиялык кырдаалга жараша болот».

Бишкекте курулушу 2016-жылы аяктап, бирок башкаруу боюнча эки тараптуу келишим ратификация болбогондуктан ачылбай турган кыргыз-түрк ооруканасы кыргыз өкмөтүнө берилгенин түрк элчилиги быйыл 25-мартта билдирген. Элчиликтин маалыматына караганда, ооруканада 21 реанимациялык орун, жасалма дем алдыруучу 22 атайын аппарат, эки операция залы, бейтап жатып дарыланчу 51 орун бар.

Бишкекте коронавирус жуккан бейтаптар Инфекциялык ооруканага жаткырылып жаткан. Ал жердин 19 медицина кызматкеринен вирус табылып, мекеме обсервацияга жабылды.

31-майда кыргыз-түрк ооруканасынын тегерегинде жашаган адамдар нааразылыгын билдирип чыгышкан. Алар эгер коронавирус менен ооругандар жаткырылса жанындагы үйлөрдө жашагандарга, балдарга жугат деген кооптонуусун айтышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG