Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:36

Боронов ишин кечирим суроо менен баштады


Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын рекорддук саны катталды. 19-июнда өлкө аймагында дагы 132 адамга коронавирус жукканы белгилүү болду.

Ал эми Бишкекте вирусту жугузуп алган 67 жаштагы жаран каза тапты. Ушуну менен Кыргызстанда пандемия башталгандан бери каза болгондордун саны 32ге, ал эми жалпы жуктуруп алгандар 2789 адамга жетти. Айыккандардын саны 1961ди түздү.

Ушу тапта вирус жугузуп алгандардын көпчүлүгү борбор калаа Бишкекте катталууда.

Өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, илдетти кайдан жугузуп алганы белгисиз адамдар көбөйүп жатат:

Нурболот Үсөнбаев
Нурболот Үсөнбаев

"Бүгүн вирус аныкталган адамдардын 44,2 пайызы инфекцияны кайдан жугузуп алганын билбейт. Алар коомдук транспорт же эл көп жерден жугузуп алышыбыз мүмкүн дешүүдө. Биз бул жагдайга көңүл бурушубуз керек".

Дал ушул коомдук транспорт инфекцияны таратуучу жайга айланганы 19-июнда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында да айтылды.

Президент өкмөттү сындады

Президент Сооронбай Жээнбеков төрагалык кылган жыйынга жаңы премьер-министр Кубатбек Боронов баш болгон Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү катышты.

Жыйын учурунда Сооронбай Жээнбеков коомчулуктагы жоопкерчиликсиз билдирүүлөрдү сынга алып, ага өкмөттүн аппаратынын жамааттык сүрөтүн мисалга тартты:

«"Илдет жок, бул ойдон чыгарылган саясат" дегендер да жок эмес. Дарыгерлерибиз, кары-картаңдарыбыз каза болуп жатат. Дүйнө жүзү бул илдет менен күрөшүүдө. Буга кошумча, өкмөт мүчөлөрү топтошуп алып, социалдык дистанцияны сактабай, беткапсыз сүрөткө түшүп жатышат. Бул сүрөт бүт өлкөгө тарады. Мындай нерселер кылган аракетибиздин баарын жокко чыгарат».


Президент талапты аткарбаган өкмөттүн жетекчилерине айыппул төлөө талабын койду.

Коопсуздук кеңешинин бул жыйынан кийин премьер-министр Кубатбек Боронов билдирүү таратып, жарандардан кечирим сурады.

«Коопсуздук кеңеши өз сунуштарын берди жана биз төмөнкү чечимге келдик. Мыйзамга ылайык, өзүмдөн тартып, вице-премьер-министрлер, аппарат жетекчиси жана мурдагы премьер-министр айыппул төлөшөт. Аппараттын кызматкерлерине айыппул салынбайт, анткени аларды иш учурунда бөлүм башчылары экс-премьерди узатууга чакырышкан. Ошондуктан алар жазаланбайт. Өкмөттүн аппаратынын кызматкерлери жумушта беткап тагынып жүрүшөт деп ишендирип кетем. Дагы бир жолу кечирим сурайм».

Ошентип, жаңыдан премьер-министрликке бекиген Кубатбек Боронов өз ишин кечирим суроо менен баштады.

Өкмөттө иштегендердин беткапсыз түшкөн бул сүрөтү сынга кабылды.
Өкмөттө иштегендердин беткапсыз түшкөн бул сүрөтү сынга кабылды.


Буга чейин өкмөттүн аппаратынын жамаатынын мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди узатып жатып, өкмөт үйүнүн алдында түшкөн сүрөтү социалдык тармактарда кызуу талкуу жараткан. Анда жарандарды беткап тагынууга, социалдык аралыкты сактоого чакырган өкмөт башчыларынын иш жүзүндө теңирден тескери иш кылганы сынга кабылган.

COVID-19 Жогорку Кеңешке жетти

Ал ортодо акыркы суткада бир нече жогорку жетекчилердин коронавирус жугузуп алганы аныкталды.

Тагыраагы, Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев, Оштун Араван районунун акими Курбанбай Айтибаев, Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулунан вирус табылган.

Нуракун уулу менен байланышта болгон Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары учурда анализ тапшырганы дайын болду.

"Азаттык" радиосуна курган маегинде Ибраим Нуракун уулу жарандарды бул илдеттен коргонуу үчүн бардык аракетти көрүүгө чакырды.

"Коронавирус жок, миф" дегендер жаңылышат. Мен бул ооруга башынан эле олуттуу мамиле кылып, санитардык талаптарды бекем сактап келгем. Ошого карабай, оору жугузуп алдым. Ошондуктан, бардыгыбыз сак болушубуз керек. Бул жеке өзүбүздүн гана эмес, жакындарыбыздын да коопсуздугу үчүн маанилүү!".

Чынында эле учурда Кыргызстанда пандемиялык шартта эл арасындагы туура эмес маалыматтар көптөгөн маселелерди жаратып жатканын дарыгерлер да айтып келатышат.

Өлкөнүн башкы пульмонологу Талант Сооронбаев акыркы күндөрү ооруканага оор абалдагы бейтаптар көп түшө баштаганын белгиледи. Дарыгер буга айрым адамдардын илдетке өз убагында маани бербегени себеп болуп жатканын айтты:

«"Акипресс" агенттиги вирус боюнча сурамжылоо жүргүзсө, ага жооп бергендердин 30 пайызы "вирус жок" деп айтканы абдан тынчсыздандырды. Бул таптакыр туура эмес. Азыр вирус элдин арасына таркап кетти. Аны жугузуп алып, такталбай жаткандар да арбын. Бул өзүнчө машакатка айланды».

Коопсуздук кеңешинин чечимдери

Коопсуздук кеңеши 19-июнда өлкөнүн учурдагы эпидемиологиялык кырдаал маселесин карап чыгып, бир катар чечимдерди кабыл алды. Анда Саламаттык сактоо министрлигинин жана коронавирус илдетинин жайылышына жол бербөөгө жооптуу органдардын, жергиликтүү бийликтердин иши жетишсиз деп табылды.

Мунун ичинде Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин, облустардагы өкмөт өкүлдөрүнүн да иши белгиленген.

Жыйындын чечимине ылайык инфекциянын жайылышына байланыштуу эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына жол бергени үчүн облустардагы өкмөт өкүлдөрүнүн жоопкерчилигин кароо 22-июнга чейин премьер-министр Кубатбек Бороновго сунушталды.

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго эскертүү берилди.

Мындан сырткары 1-июлга чейин жасалма дем алдыруучу аппараттар, жеке коргонуу каражаттары жана дары-дармектер менен жабдылган кошумча орундарды камдоо, өлкө аймагында эпидемиологиялык көзөмөлдү камсыз кылуу жана кырдаал курчуп кетсе, тиешелүү чараларды кабыл алууга даярдануу чечими кабыл алынган.

Бул иштер 1-июлга чейинки мөөнөттө аткарылууга тийиш.

Ал эми 1-августка чейин:

  • Бир жылга жеткидей, бардык муктаждыктарды канааттандырган жеке коргонуу каражаттарын жана дезинфекциялоо каражаттарын;
  • Коронавирусту аныктоочу анализдерди аныктоочу тест-системаларды;
  • Инфекциянын таралышын алдын алуу, анын ичинде медициналык кызматкерлерге кенемте акысын мөөнөтүндө төлөө;
  • Гуманитардык жана финансылык жардамдар, аларды бөлүштүрүү жана максаттуу пайдалануу боюнча маалыматтарды берүү;
  • Тобокел тобундагы пенсиялык курактагы адамдардын коопсуздугу үчүн аларга эл көп чогулган жерге барбай, беткап кийүү зарылчылыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды;
  • Калкты гриппке каршы массалык эмдөө мүмкүнчүлүгүн кароо.

Мындан тышкары массалык маданий иш-чараларды өткөрүүгө, той-аштарды, эскерүү чараларын көп адамдардын катышуусунда уюштурууга тыюу күчүндө калтырылды.

Кыргызстанда 19-июнга карата 132 адамдан коронавирус илдети жаңы аныкталды. Бул пандемия башталгандан берки убакта өлкөдө бир суткада оору аныкталган эң жогорку көрсөткүч.

Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнө жүзүндө өпкөнү сезгенткен COVID-19 илдетин жугузуп алгандардын саны 8 миллион 400 миң адамга жакындады. Каза болгондор 449 миңден ашты.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму акыркы күндөрү Борбор Азия өлкөлөрүндө бул вирусту жугузуп алгандар көбөйүп жатканын кабарлады.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG