Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:15

HRW: Дарыгерлер илдет менен куугунтуктан жүдөдү


Дарыгерлер коронавирус менен ооруган адамды алып барат. Санкт-Петербург. 7-май, 2020-жыл.
Дарыгерлер коронавирус менен ооруган адамды алып барат. Санкт-Петербург. 7-май, 2020-жыл.

Орусияда коопсуз эмгек шарттары тууралуу үн каткан медициналык кызматкерлер жетекчиликтин жана тартип коргоо органдарынын куугунтугуна кабылып жатышат. Мындай билдирүүнү 15-майда "Хьюман Райтс Уотч" эл аралык укук коргоо уюму таратты.

Орусияда өз өмүрүн тобокелдикке салып күнү-түнү эмгектенип жаткан медицина кызматкерлери тиешелүү коргонуучу каражаттар менен камсыз болбогонун пандемия башталгандан бери айтып келишет.

Жакында эле "Хьюман Райтс Уотч" (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Орусиянын 11 аймагында, анын ичинде Москва менен Санкт-Петербург шаарында иштеген медициналык кызматкерлер арасында сурамжылоо жүргүзгөн.

Андан тышкары дарыгерлердин социалдык тармактарга жазгандарын жана журналисттерге берген маектерин талдаган.

Жыйынтыгында реалдуу абал тууралуу айткан медициналык кызматкерлер жетекчилик тарабынан кысымга кабылып жатканы маалым болгон.

"Хьюман Райтс Уотч" уюму ошондой эле коопсуз шартта иштөөдөн баш тартканы же жетекчилигин сынга алганы үчүн иштен айдалган үч медкызматкер менен да баарлашкан. Алардын бири учурда "жалган маалымат таркатты" деп айыпталып жатат.

Март айынын соңунда орус депутаттары жалган маалымат тараткандар боюнча мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизишкен. Ал берене менен айыпталгандарды ири өлчөмдөгү айыпка жыгуу же үч жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Өзгөртүүлөрдүн авторлору жазаны катаалдаштыруу чечимин коронавирус тууралуу жалган маалыматтардын көбөйүп кеткени менен түшүндүрүшкөн.

Анткен менен укук коргоочу уюм бийлик бул мыйзамды айрым учурда медкызматкерлердин жана журналисттердин оозун жабуу үчүн колдонгонун аныкташкан.

"Хьюман Райтс Уотч" уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон “медкызматкерлердин тынчсызданууларына кулак салуу ордуна жетекчилери жана жергиликтүү аткаминерлер аларды жазалап, куугунтуктоого чейин барышкан’, - деп белгилейт. Ал ошондой эле медицина кызматкерлери муктаждыктары, кооптонуулары тууралуу коркпой-үркпөй айтууга тийиш деген пикирде.

Инфекциядан катуу жабыркаган Дагестан аймагынын ооруканаларынын биринде иштеген дарыгер эл аралык уюмга берген маегинде пандемия башталгандан бери аларга целлофандан тигилген күрмө жана бир жолу колдонууга жарамдуу беткаптарды таратып беришкенин айткан.

Алар беткаптарды улам жууп, алмаштырып турушкан. Бул тууралуу Интернетке жазып чыкканда башкы дарыгер аны чакырып, билдирүүсүн өчүрткөн. Муну башкы дарыгер Саламаттык сактоо министрлигинен басым болуп жатканы менен түшүндүргөн.

Кыргызстанда да иш шарты тууралуу айтып чыккан дарыгерлердин социалдык тармактардагы билдирүүлөрү өчүртүлүп, кечирим сураткан учурлар болгон.

Уюм иликтөө жүргүзүп жаткан май айынын соңунда да COVID-19га чалдыккандар менен иштеген медкызматкерлер тийиштүү каражаттар менен жетиштүү камсыздалбай жатканын айтышкан. Коргонуучу каражаттар врачтарга гана тийип, ал эми кенже медкызматкерлер куру калган учурлар да болгон.

Орусияда коронавирус жуктуруп алган алгачкы адам 31-январда катталган. Учурда ооругандардын саны 536 миңден ашты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG